Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Казанда мерт кеткен кыргызстандыктын ким экени аныкталды


Казан шаарындагы "Адмирал" соода борборунда өрт чыкты
Казан шаарындагы "Адмирал" соода борборунда өрт чыкты

Татарстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Казандагы соода борборундагы өрттөн каза тапкан келин 1977-жылы Өзгөндө туулган Үмүт Ташмаматова экени аныкталды. Ал Орусиянын жарандыгын алган. Маркумдун сөөгүн куткаруучулар урандынын астынан алып чыгышты. Соңку маалыматтарга караганда уранды астында дагы адамдар калууда.

Кечээ 11-мартта түш ченде Казан шаарында “Адмирал” соода борбору күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 4 киши мерт болуп, 21 киши ооруканага жеткирилген. Алардын бешөө оор абалда экени айтылууда.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында өрт соода борборунун биринчи кабатында тутанып, өтө тездик менен жайылып кеткен. Куткаруучулар 250 кызматкерди жана 400 кардарды алып чыгып кетүүгө үлгүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG