Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

Кытай догдурлары күн сайын үч маал быштак жей берип сол бөйрөгүнө таш толуп калган адамга операция жасашты. Анын бир эле бөйрөгүнөн 420 даана майда таш чыккан.

Таштарды алып чыккан догдур 30 жылдык эмгек тажрыйбасында мынчалык көп ташы бар кишини көрбөгөнүн айтты. Бул окуя эл аралык медицинада кызуу талкуу жаратты.

Акыркы мезгилде Кыргызстанда бөйрөгүнөн жабыркагандардын саны барган сайын өсүп барат. Бирок Улуттук госпиталдын бөйрөк таштарын дарылаган бөлүмүнө баш бакканыбызда, палатада жаткандардын көбү башка улуттар экенин көрдүк.

Догдурлар кыргыздар оорусу аябай күчөп кеткенде гана келип, гемодиализ издеп каларын айтышат. Уландын операция болгонуна бир нече күн болуптур. Газдалган суусундукту көп ичкенден пайда болгон ташын ал “эстеликке” деп катып алганын айтат:

- Биринчи жолу ооруканага күзүндө түшкөм. Анда догдурлар бөйрөктөгү ташты дары менен жоготушкан. Кийин кайра ооруп келсем дагы таш чыкты. Анан операция жасашты. Мунун баары газдалган суусундукту, туздуу, ачуу тамакты көп жегенден улам болду деп айтышты. Мен өзүм студентмин, кээде аябай ысып турганда муздак суу ичсе да таш пайда болот экен. Операциядан кийин кыйла эле кыйналып жатам.

Бөйрөккө операция жасоо маалында тартылган сүрөт

Бөйрөккө операция жасоо маалында тартылган сүрөт

Заара же бөйрөк таштары оорусунун келип чыгуу себептеринин башында Кыргызстандын географиялык жана климаттык шарттары турат. Кургак аба, тоолуу жер жана суудагы минералдардын көп болуусу бөйрөк, азара таштарынын чогулуусун шарттай турганын айтат уролог-профессор Жаныбек Мамбетов:

- Географиялык жактан Борбор Азия минералдуу суунун очогу болуп саналат. Анын үстүнө бийик тоолуу жерде жашайбыз. Буга күн көп тийген климатыбыз кошулуп, ичкен-жеген тамак ашыбыздын ашыкча минералдуу болуусунан да заара таштары эрибей бөйрөккө чогулган учур бизде көп кездешет. Суудагы минералдуу таш, оор металлдар толук ээрибей, түз эле заарада тузга айланып, бөйрөккө тиет. Мына ушул жагдай бизде бөйрөк таштардын көбөйүшүн шарттоодо.

Ошондой эле таштын пайда болуусуна адамдын организминдеги зат алмашуу процессинин начарлоосу да себеп болот. Буга ар кандай жугуштуу инфекциялык оорулар, туура эмес тамактануу да кирет. Ашыкча туздуу, ачуу тамактар, газдалган суусундуктар, айрыкча тамактанууда туура эмес норма, же кечкисин күчтүү тамактанып алып уктоо да бөйрөктөгү заттардын толук кандуу эрибей, туздуу катмарлар бара-бара ташка айланат:

- Кыргыздардын тамактануусу да өзгөчө да. Жатарда ныксырап тоюп алып уктайбыз. Анан организм ошол жеген тамакты эритиш үчүн таң аткыча иштеп чарчайт. Биринчи кезекте бөйрөккө күч келет. Ошондуктан элибизге айтарым, тамактануу нормасын, маалын туура эсептешсе жакшы болмок. Жатарда тамактанбай, күндүз, түшкүсүн жакшы азыктанса болот эле.

Баткенден келгендердин ташы өзгөчө

Бөйрөктө таш бар экенин билүү кыйын. Атайын адистин текшерүүсүнөн кийин гана билинет. Ошентсе да адистер бөйрөк ооруп, заара чыгаруу бузулса, качан айыгып кетет деп күтпөй дарыгерге кайрылуу керектигин эскертишет. Бөйрөктөгү ташты атайын ультра-үн аппараттын жардамы менен гана аныктаса болот.

“Жасалма бөйрөк” аппараты

“Жасалма бөйрөк” аппараты

Кыргызстанда бөйрөгүнө таш толуп кетип, Улуттук госпиталга келгендердин ичинен баткендиктер басымдуулук кыларын профессор Мамбетов айтты:

- Негизи Баткен жергесинин географиялык абалы бизде өзгөчөлөнүп турат. Ал жактан келгендердин бөйрөгүндөгү таш деңиз коралл таштарынын формасында болуп, өтө чоң, кээде бөйрөктүн ичиндеги чөйчөктү толук ээлеп калат. Азыр биз мунун себебин изилдеп жатабыз.

Ташты болтурбоо үчүн биринчи кезекте ар кандай инфекциялык оорулардан, суукка урунуудан сактануу керек. Экинчиден, туура тамактанып, туздуу, ачуу тамактарды, газдалган ичимдиктерди аз ичүү керек. Үчүнчүдөн, жылына бир ирет догдурдун көзөмөлүнөн өтүп, үйдө чийки суу ичпей, кайнатып, тундуруп ичүү зарыл.

Бөйрөгүнөн 420 таш алдырган кытайлык 30 жаштагы Вей Юбинге да хирургдар атайын диета жазып беришти. Табарсык жана бөйрөктөгү таш аялдарга караганда эркектерде көбүрөөк кездешет. Бир жолу таш алдыргандан кийин ал кайра пайда болбойт деп эч ким кепилдик бербейт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG