Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

Кипрдеги каржылык кризис тереңдөөдө. Банктарды кыйроодон, өлкөнү дефолттон сактоого багытталган алгачкы план парламент тарабынан четке кагылды. Өлкөдө банктар жабык турат, бийликтер акча табуу аргасында.

Акчадан карайлап турган Кипрге эл аралык кредиторлордун үчилтиги –Евробиримдик, Эл аралык валюта кору, Европанын Борбордук банкы 10 миллиард доллар насыя сунуш кылган.

Бирок бул акча өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн болгон капиталдын ордун жаап калбашы үчүн кредиторлор банктардан аманат акча чыгарылса салык алуу шартын койгон.

Башкача айтканда, Кипрдин парламенти четке каккан мыйзам боюнча, банктагы аманат акчасы 100 миң евродон ашкандар 9,9%, 20 миңден 100 миң еврого чейинкилер 6,75% салык төлөмөк.

Кипр парламенти талаштуу мыйзамга добуш берүү учурунда. 19-март, 2013-жыл.

Кипр парламенти талаштуу мыйзамга добуш берүү учурунда. 19-март, 2013-жыл.

Кипр парламентинин мындай чараны колдоодон баш тартуусун евроаймак боюнча айрым өнөктөштөр кырдаалдын олуттуулугун түшүнбөгөндүк катары баалашып, сынга алышты.

Маселен Германиянын каржы министри Вольфганг Шойбле Кипрдин банктары кайра ачылбай калышы ыктымалдуулугун эскертсе, учурда евротопту башкарган Нидерландиянын каржы министри Йерун Дейсселблум:

- Бул албетте, бизди иренжитти. Анткен евроаймактын, евротоптун Кипрге берген сунушу али күчүндө экени түшүнүктүү. Жардамдын шарттары, көлөмү, карызды кыскартуу зарылдыгы да али күн тартибинде. Топ азыр кипрликтердин колунда турат.

Кипрди дефолттон, ал эми банктарды кыйроодон сактоого багытталган алгачкы план жергиликтүү тургундардын эле эмес, айрым чет мамлекеттердин да нааразылыгын жараткан.

Маселен Орусиянын президенти Владимир Путин аманат акчадан салык алууну караган мыйзам долбоорун “адилетсиз жана коркунучтуу” деп атаган эле. Анткени каржылык борбор катары саналып келген Кипрдин банктарына салынган 90 миллиард доллардын, маалыматтарга караганда, 31 миллиарды орус байлары менен ишкерлерине таандык экен.

Москвалык бир катар эксперттер ал акча Кипрден чыгарылган күндө деле кайра Орусияга кайтпайт деп эсептешет.

Бирок орус өкмөтүнүн Кипрде ишкер кызыкчылыктары бардыгынан уламбы, Кипрдин каржы министри Михалис Саррис акча сурап, Орусияга келди. Ал кечээ Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасынан кийин буларды айтты:

- Эч кандай конкреттүү сунуш болбоду. Биз иш жакшы башталганына кубанычтабыз жана алдыдагы сааттарда талкуу улантылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

Кипр Орусиядан карыз алса, мунун ордуна банктарынын үлүшүн, эң башкысы “Газпромго” газ кендерин иштетүү укугун бериши мүмкүндүгү айтылууда.

Айрым кабарларга караганда, Германия канцлери Ангела Меркел Кипрдин президенти Никос Анастасиадисти Орусиядан жардам сурашканы үчүн зекиген.

Москвадагы “Альфа” банктын башкы экономисти Наталья Орлованын пикиринде, Кипрди каржылык кыйроодон куткаруу ишинде Орусия менен Евробиримдик кызматташуусу талап кылынчудай:

- Менимче, активдер темасы бул жерде эң башкы эмес. Европалык кредиторлор Орусиянын жардам көргөзүү пакетине катышуусуна көнгөнү чоң маанигээ ээ. Андыктан бул жерде биргелешкен позиция керек. Анткени Кипр азыр Евроаймак менен өзүнчө, Орусия менен өзүнчө сүйлөшкөндөй көрүнүүдө. Мындай шартта Кипрдин тигил жактан да, бул жактан да акча тарта алары арсар.

Кипрдин өкмөтү аларда кырдаалдан чыгуунун башка планы бардыгына ишендирүүдө. Бирок ал кандай план экени ачыктала элек. Ал аралыкта өлкөнүн банктары бери дегенде 26-мартка чейин жабык турчудай.

Мындай чара аманатчылар акчасын түгөл чыгарып кетпеши үчүн көрүлгөн. Банкоматтардан болсо кардарлар эң көп дегенде 800 евро ала алышат.

Кризистин түпкү себептери болсо адистердин айтымында, өлкөнү тез өскөн банктары Улуттук дүң өндүрүштүн көлөмүнөн 800% көп акча жыйнап, аны тышта тобокелчилик жогору долбоорлорго инвестициялаганында, карыздан чыга албай жаткан Грецияга карыз бергенинде жатат. Ал эми өкмөттүн карызы Улуттук дүң өндүрүштүн 90% жакындап калган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG