Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Жер-сууга зыяны тийбеген кыргыз эмне үчүн тоо-ташын таштандыга толтуруп калды?

Кыргыз өкмөтү айлана-чөйрөнү коргоо аракеттерин күчөтүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүп, ага жол бергендерди жазага тартуу үчүн мыйзам негиздерин катуулатканы жатат. Буга эс алабыз деп тоого чыккан жарандардын жоопкерчиликсиз шалаакылыгы башкы себеп болду. Ал эми ичер суунун булагы болгон бийик тоолордо альпинисттер менен экстремалдык эс алууну каалаган чет өлкөлүк туристтерден калган таштандыларды тазалоо көйгөйү андан да зор баш ооруга айланчудай.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” таңкы талкуусунун кезектеги маеги мына ушул жаратылышты таштандыларга кантип бастырбайбыз деген маселеге арналды. Талкууга Улуттук илимдер академиясынын Тоо физиологиясы илим изилдөө институтунун лаборатория башчысы, медицина илимдеринин доктору Гүлнара Жунусова, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчылары Элдияр Шерипов менен Жолдош Нурманбетов катышты.

“Азаттык”: Элдияр мырза, айлана-чөйрөнү таштандылардан сактоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүүгө эмне себеп болду?

Элдияр Шерипов: Кыргыз Республикасынын өкмөтү тиричиликтин катуу калдыктарын башкаруу системасын өнүктүрүү жөнүндө 2012-жылы кабыл алган №415 токтомуна ылайык, бул ишке облустук, райондук жана жергиликтүү бийликтер жооптуу деп көрсөтүлгөн. Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына ушул токтомду аталган бийликтер кандай аткарып жаткандыгы, мыйзамдуулугуна көзөмөл салуу милдети белгиленген. Ага карабастан бул токтомдун аткарылышын тактоодо өлкө боюнча тиричиликтен чыккан катуу калдыктар таштала турган 323 жер бар экени аныкталган. Тилекке каршы, анын 61и гана мамлекеттик акты менен документтештирилген. Калган 262си мыйзамга жооп бербей тургандыгы аныкталгандан кийин абалды толук иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүүнү суранып, азыр аны аткаруу аракетин көрүп жатабыз.

“Азаттык”: Жолдош мырза, Кыргызстандын кайсы аймагында таштанды көп? Алар кандай жагдайда пайда болгон таштандылар?

Жолдош Нурманбетов: Кыргызстан боюнча ушул токтомду аткаруу максатында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарын бүтүн кыдырып тактап жатабыз. Таштанды ташталган жерлердин баарынын долбоорлору жок, стандарттарга туура келбейт, тегерете тосулган эмес жана кароолчу менен жарык кылуу жок. Ал эми жаратылыштын кооз жерлеринде таштандылардын көбөйгөнүнө экологиялык маданияттын жоктугу, жергиликтүү бийликтин эл арасында иш жүргүзбөгөндүгү жана кожоюндардын мага тиешелүү эмес деген кайдыгерлиги башкы себеп.

“Азаттык”: Гүлнара айым, сиз көп жылдан бери Кыргызстандын тоолорунда илимий изилдөө иштерин жүргүзүп жүргөн окумуштуусуз. Кийинки кезде бийик чокуларга, тоолорго чыккан чет өлкөлүк туристтер, экстремалдык спорт сүйүүчүлөр таштаган таштандылар абдан көбөйүп, керек болсо тоодогу экологияга зыян келтирүү коркунучу пайда болууда деген коркунуч пайда болду. Чын эле ушундай коркунуч барбы?

Гүлнара Жунусова: Ооба, ошондой коркунуч бар. Тоо эле эмес башка жерде деле бир адам бир күндө 4 килограмм таштанды чыгарат. Муну орусиялык илимпоздор атайын иликтеп чыгышты. Анан эс алганда тамак-ашын, чатырларын ала барып, кечке шарактап жүрүп, ошол жерди тазалабай кетип жатышат. Кийинки кезде студенттер менен жаш илимпоздор экологиялык марш жасашып, акыр-чикирлерди тазалашып, көрүнүктүү жерлерге баракча илишип, тазалашууда.

“Азаттык”: Элдияр мырза, чет өлкөлүк туристтердин бийик чокуларга, тоолорго чыгуусуна уруксатты кайсы мекеме берет жана экологияны сактоо боюнча кандай талаптар коюлат? Бийик тоолорубуз эмне үчүн таштандыга толуп баратат? Же туристтерден алынган акча жер, сууларыбыздын тазалыгынан артыкпы?

Элдияр Шерипов: Жер кайсы мекемеге тиешелүү болсо келишим ошолор менен түзүлүп, уруксат берилет. Ал эми мындай эскертүүлөрдү жасоо биздин пландык иш болуп калган. Ар бир жылдын башында таштандылар үчүн челектерди койгула, эч жерде таштанды калтырбагыла деп эскертебиз. Тилекке каршы, ал аткарылган жери жок.

Угармандын пикири: Менин атым Бүбүсара. Бул маселе кыргызстандыктардын аң-сезимине байланыштуу нерсе. Эгер өз мамлекетин сүйгөн адам болсо таштандыга бастырбайт эле.

“Азаттык”: Гүлнара айым, гляциолог окумуштуу Рыскул Усубалиев 2050-жылга чейин Кыргызстандын Күңгөй Ала Тоосундагы мөңгүлөрдүн 60-70 проценти жок болот деген божомолун билдирген. Буга тоодо ташталган таштандылардын кошумча болушу мүмкүнбү?

Гүлнара Жунусова: Ооба, сөзсүз. Анткени, алар эрисе, биздин саламаттыгыбызга түздөн-түз терс таасирин тийгизет. Азыр глобалдык масштабда жылуулук процесси башталды, ага таштандылар кошулса мөңгүлөр эрип, таза суудан айрылып калышыбыз толук мүмкүн. Ошон үчүн экологиялык аң-сезимди үй-бүлөдөн баштап тарбиялоо зарыл.

“Азаттык”: Элдияр мырза, мыйзам боюнча экологияга зыян келтирген жарандарга кандай жаза берилет? Инспекция түзүлгөндөн бери канча адам жаза тартты жана кандай зыян келтиргендиги үчүн тартышты?

Элдияр Шерипов: 2015-жылы 1 млн 300 миң сомду түзгөн 334 айып салынды. Алардын 288и айып төлөшүп, 836 миң сом өндүрүлдү. Натыйжада, айып төлөгөндөр түшүнүп атышат, бирок калктын баары буга маани беришкен жери жок. Экологиялык кырдаалга көзөмөл салуу жергиликтүү бийликтерге берилген, бирок алар толук аткарган жери жок. Аларга айыппул салгандан деле жакшы натыйжа чыккан жери жок. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл таштанды ташталган жерди көрүп коюуга каражат зарыл деп айтып жатышат.

“Азаттык”: Гүлнара айым, экологияга тиешелүү мекемелер жана жергиликтүү бийликтерге врач катары жаратылышты коргоо боюнча кандай кеңеш бересиз?

Гүлнара Жунусова: Туризмден түшкөн кирешенин бир бөлүгү жергиликтүү бийликке берилиши керек. Ошондо аларда кызыкчылык пайда болот.

Элдияр Шерипов: Мекемелер аралык комиссиянын жыйынтыгы менен тиешелүү мыйзамдар жана ченемдик-укуктук актылар өзгөрүлөт болуш керек. Ошондо экологиялык жоопкерчиликти күчөткөн көп жоболор киргизилет деп күтүп жатабыз.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, заңгыраган үйлөрдү салып, тегерегин коргоп алып жашасак дагы ичкен суубуз, дем алган абабыз, жашаган жерибиз жеген тамагыбыз таза болбосо келечек муундун саламаттыгы үчүн биз өзүбүз чыккынчылык кыларыбыз белгилүү. Ошон үчүн ар бирибиз экология үчүн жооптуу экенибизди унутпай, ар бирибиз айлана-чөйрөгө зыян келтирбегенге аракет кылалы!

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG