Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:30

“Ар бир баланын жөндөмүн өрчүткөн мектеп ачкым келет”


Бектур Искендер "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде

Бектур Искендер "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде

Бектур Искендер – Кыргызстандын интернет айдыңында аты чыккан, айрыкча жаштар арасында өтө популярдуу kloop.kg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал ушул аптада Прагада өткөн Форум-2000 атуу эл аралык жыйынга катышты.

- Бектур, кандай болбосун интернет-ресурс, же маалымат каражаты алдына бир белгилүү максат коюп, медиа айдыңында кандайдыр орунду ээлегиси келет эмеспи. Ушул жагынан алганда, kloop.kg кандай орунду ээлегиси келет, максаты кандай?

- Башында kloop негизи агартуу, жаш журналисттерди окутуп даярдоо максатында уюшулган эле. Кандай орунду ээлейбиз деп деле ойлонгон эмеспиз.

Сайтты ачтык, жаш балдар келип жаңылыктарды жаза баштады, аларды жарыялап, андан ары кандай болот, ким кандай реакция кылат деп байкап турдук. Коомдун кайсыл бөлүгүнүн кызыгуусу көп болсо, ошолорго карап иштей берели деген ойдо болдук.

Азыр эми орус тилдүү сайтты ала турган болсок, алардын көбү бишкектиктер, баарынан кызыгы – биздин окурмандар мазмунду жараткан кабарчылардан улуу адамдар. Авторлорубуздун көбү 15 жаштан 20дан жаңы ашкандарга чейинки курактагылар болсо, аудиториябыздын көбү 20-30дун ичиндегилер. Алар саясатка кызыккан, Кыргызстандагы гана эмес, дүйнөдөгү окуяларды да талкуулаганга даяр активдүү катмар.

- Балким, кабарчыларыңар абдан жаш болгондуктан Kloop.kg сайтын кээ бир кишилер абдан прогрессивдүү, либералдуу булак катары баалап жаткандыр...

- Либералдуу дегениңиз кызык. Туура, мен либералдуулукка жакынмын, көз караштагы эркиндикти жогору баалайм. Ошентсе да, kloopто биз консервативдүү көз караштагы адамдарга да орун бергенге аракет кылабыз. Мисалы, Турсунбай Бакир уулу менен “Бейөкмөт уюмдардын коомго кандай зыяны бар?” деген темада кеңири маекти басып чыгардык. Биздин сынчылар андай материалдарды көп деле назарга албайт өңдүү. Ошондуктан бизди көбүнчө либералдуу идеяларды жайылтышат, башкача пикирлер айтылбайт деп үстүртөн баалашат. Мен мындай ойдогуларга кошулбайт элем. Антсе да, жаңылыктардан башкасын алып көрсөк, ооба, биз либералдуу темаларды көбүрөөк көтөрөбүз деп айтсак болот. Баарынан башкысы – биз калп айтпайбыз, мен үчүн дал ушул маселе баарынан маанилүү.

- Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде либералдуу тема, көз караштар абдан аз, жокко эсе болуп атса, окурмандар силердин сайтта ошондой мазмунду издегени мыйзам ченемдүү көрүнүштүр.

- Ал үчүн бизди жаман көргөндөр да жок эмес. Ага көп деле сарсанаа болуп башыбызды оорутпайбыз. Маселен, “Калыс” тобу Ак үйдүн алдына алгачкы жолу чыкканда гейлерге каршы митинг өткөрүшкөн, ошондо “Кыргызстанда гейлерди колдогон маалымат каражаттары бар, kloop ошондой сайт” деп жазып алышыптыр. Мен бизди өзүнчө бир категорияга бөлүп салышканына таң калдым. Мени гейлердин укуктарын коргогон активистке айландырып салышты, ага да макулмун, сыймыктанам деп коюп ишимди уланта берем.

- Өткөн жумада “Кыргызстанда 4 миллиондон ашуун адам интернетке кирип турат” деген маалымат жарыяланды. Популярдуу интернет барагынын жетекчиси катары ошондой чоң көрсөткүчтүн таасирин сезип жатасызбы? Окурмандар менен байланыш-катыш барбы?

- Мазмунубуз элге кандай таасир этип атканын айта албайм. Андан көрө kloopтун журналисттик мектебинен өткөн жаш балдар кандай өзгөрүп атышканын айта алам. Элестетиңиз, мектеп курагындагы окуучулар келип, бизде иштеп, бийлик өкүлдөрү менен бетме-бет жолугуп, өспүрүм кезинен аларга курч суроо берип, жоопкерчилигин сездирткенге үйрөнүшөт.

Негизи мен Kloop жалаң эле жаңылыктарды жазбастан, элди агартып-көгөрткөн маалыматтарды да жарыялап турса деп кыялданам. Ошондой иштердин бири катары биз маркум Курманжан датканы илгери Финляндиянын болочок президенти сүрөткө тартканын таап чыгып жарыялаганда абдан канааттандым.

Азыр мен кыргыз тилинин латын арибине өткөн учурдагы тарыхын изилдеп, чоң материалдын үстүндө иштеп атам. Латын ариби кыргыз тилинде 12 жыл эле колдонулган экен, бирок ошол тарыхты аябай кызыгып казып атам. Абдан кызыктуу сүрөт, графика, уникалдуу маалыматтарга бай көлөмдүү макала жарыялайм, буюрса. Ушуга окшогон иштерди көбүрөөк жасагым келет.

Мындан сырткары биздин кайсыл бир материалыбыз эл турмушун жакшыртууга салым кошсо, ошого каниет кылам. Маселен, Билим берүү министрлиги окуу китептерин жазууга тендер жарыялаганда, кээ бир тамгаларды латын арибинде кошуп коюп, бир ууч “ишеничтүү кишилер” гана андай жарыядан кабардар болуп турганын иликтеп чыкканбыз. Гуглдан андай маалымат издегендер таба алчу эмес экен. Биздин макала жарык көргөндөн кийин андай жарыяларды текшерсек, кадимки тамгалар менен жазылып, көпчүлүк аларды окуп таанышканга мүмкүнчүлүк алды. Ушундай натыйжалар көбүрөөк болушун каалайт элем.

- Латын арибине байланыштуу изилдөө кайдан пайда болду?

- Мен негизи кыргызча мыкты сүйлөй албасам да, кыргыз тилинин тарыхына аябай кызыгам. Көп эле замандаштарга “бир кезде кыргыз тили латын арибинде жазылган” деп айтсам, таң калып биринчи жолу укканын айтып калышат. Байкасам, чын эле ал тарыхты кириллица киргенден кийин жок кылууга катуу аракет жасалгандай эле болуптур. Латын арибинин изин табуу да кыйын болду. Ошентсе да, издеп отуруп, Бишкекте латын арибинде жазуусу бар бир эски имаратты таптым, китепканаларды казып отуруп, эски гезит, башка адабияттардан таап, аябай кызыктуу материал даярдап атам.

Башка бир да тилде колдонулбаган эки кошумча латын тамгасы киргизилген экен, кээ бир сөздөр азыркыдан башкача жазылчу экен, айтор толтура уникалдуу маалымат таптым.

Ушулардын баары мектепте тарых сабагында окутулбайт, латын ариби болгонун жаштар билишпейт. Илгеркидей эле 1917-жылкы Октябрь революциясынан башталып, андан кийинки советтик мезгил дагы эле “партиянын багытына ылайык” окутулуп келатат.

- Kloop.kg окурмандар башка булактардан табалбай турган маалыматтарды издеп, актай барактарды толтурууга аракет кылып жатканы колго аларлык экен. Мындан ары кандай багытта өнүгөлү деп турасыңар?

- Мен шеригим Ринат экөөбүз kloopтун табиятынан артта калып баратканыбызды туура түшүнүп, сайттагы жетекчилик иштерди жаңы муунга тапшырып, башкы редакторлукту 22 жаштагы Элдияр Арыкбаевге өткөрүп бердик. Башынан келаткан кандайдыр бир жаштарга гана мүнөздүү “жаңычылдык, керек болсо көтөрүлүшчүл” руху өчпөсүн дедик. Мындан ары уюштуруучулук ролубуздан пайдаланып, кеп-кеңеш айтуу менен чектелип турабыз. Биз азыр дүйнөдөгү алдыңкы телеканалдардын ишин бириктире турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп атабыз.

Kloopту жаңыдан ачып атканда мен да 22 жашта болчумун. Соңку жылдары интернетте кандай болбосун окуяларды түз эфирде чагылдырганды мыкты өздөштүрдүк. Ошол билимибизди андан ары өркүндөтүп, эми дүйнөлүк деңгээлдеги долбоорду баштайлы деп турабыз. Украина, башка жактарга барып, окуяларды өз көзүбүз менен көрүп чагылдыралы деп чечтик.

Кытайлык журналисттер Донецкке барып, кабар таратып атса, эмне үчүн кыргызстандык кабарчылар бара албайт? Биз алардан биринчи барышыбыз керек. 5-6 миллиондук калкты гана маалымат менен камсыздабай, керек болсо дүйнөнүн ар тарабына калыс маалымат таратып, сатып, жаңыча иштегенди үйрөнөлү.

- Дүйнөдө интернет технологиясын, маалымат ресурстарын мыкты билген, оригиналдуу ойлонгон жаштар бат эле укмуштай байып кеткенин көрүп атабыз. Силерде да ошондой бат эле байып кетели деген максат барбы?

- Байлык - мага дүйнөнүн каалаган жерине кыйналбай барып туруш үчүн керек дээр элем. Башкалар мен жөнүндө эмне деп ойлоп атат деп кысынып-кыйналбаган аң-сезимдеги эркиндикти мен мурда эле тапкам. Акча мага биринчи кезекте Кыргызстанды жакшы мамлекетке айландырчу долбоорлор үчүн керек. Айылдардагы балдарга жардам бере турган билим берүү долбоорлорун ишке ашыргым келет. Ар бир баланын жөндөмү менен шыгын арттырып өрчүтө турган башкача мектептерди ачкым келет. Мектеп окуучуларына чет тилдерин жакшылап окутуп, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө жөнөтүп көздөрүн ачкым келет. Байлык мага ушундай иштер үчүн керек.

- Чоң рахмат, ишиң ийгиликтүү болсун. Топтолгон качкындарды өз көзүм менен көрүшүм керек деп Будапештке бараткан экенсиң, сапарың байсалдуу болушун каалайбыз.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG