Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Анкаранын күтүүсүз чечимин АКШ кубаттады


Аба соккулардан кийинки Кобани шаарынын алыстан көрүнүшү
Аба соккулардан кийинки Кобани шаарынын алыстан көрүнүшү

Түркия өз аймагы аркылуу ирактык күрт аскерлерин Сириянын Кобани шаарын көздөй өткөрүүгө макулдук берди. Бул чечим АКШнын колдоосуна ээ болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкаранын турумундагы өзгөрүүнү кечээ жарыялаган. Бирок ал бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын гана маалымдап, иштин чоо-жайын ачык айтуудан баш тарткан эле. Мурдараак Түркиянын жетекчилери Кобани шаары “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин колуна өтүп кетиши алардын кызыкчылыгындагы иш эместигин такай айтып келген болчу.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Түркиянын соңку чечимин кубаттады. Мамлекеттик катчы Жон Керри Индонезияда иш- сапарда жүргөн жеринен кабарчылар менен маегинде:

- Биз өнөктөштөрүбүздү, түркиялыктарды абдан урматтайбыз. Дал азыркы тушта "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшүп, жамаатка көз жумуп койгонубуз жоопкерсиздик болмок.

Анкаранын ирактык күрт күчтөрүн Кобаниге өткөрүүгө көнүшү түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган аталган шаарды коргогон күрттөргө эч кандай курал - жарак берилбесин айтып, АКШны да ушундай эле кылууга чакыргандан кийин жарыяланышы бир жагынан күтүүсүз болду.

Эрдоган “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен урушуп жаткан сириялык күрттөрдүн негизги саясий күчү Сириянын Демократиялык биримдик партиясын да түркиялык күрт козголоңчуларынан эч айырмасы жок деп атап, аларды Күрт жумушчу партиясы - ПКК менен байланыштагы террордук уюм деп сыпаттаган.

Кошмо Штаттар эки күн мурда Кобанидеги күрт согушкерлерине абадан курал-жарак жана ок-дары таштаган болчу.

Мунун алдында президент Барак Обама Эрдоганга телефон чалып, Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө өз ара кызматташтыкты чыңдоого чакырган.

Түркиядагы күрттөр
Түркиядагы күрттөр

Ирактын күрт автоном аймагында Пешмерга коопсуздук күчтөрүн тейлеген министрликтин баш катчысы, генерал Жабар Явар "Азаттык” менен маегинде эми алар Түркия аркылуу Кобаниге аскерлерди жана оор курал-жаракты жеткирүүгө даярданып жатышканын белгиледи:

- Кудай буюруса, түрк министри айткандай биз Түркия аркылуу Кобанидеги боордошторубузду жана баатырларыбызды колдоп, бир айдан берки чабуулдарга туруштук берип, ар башка үч фронттон чабуул алынган шаарды коргоп жаткандарга оор курал-жарак жиберүүгө даярдануудабыз, -деди Жабар Явар.

Ал ошондой эле Кобаниге ирактык күрттөр эмес, Ирактын түндүгүндө машыгып жаткан сириялык күрттөр жиберилерин кошумчалап, азырынча пешмерга күчтөрү Кобаниге бара элек деп ырастады.

Кыска убакытка созулган тыныгуудан кийин шаарда кече кечинде уруштар кайра жанданган.

Кобани шаары
Кобани шаары

АКШнын борбордук командачылыгынын соңку билдирүүсүнө караганда, аскерий учактар "Ислам мамлекети" тобунун Кобаниге жакын жайгашкан турумдарына абадан алты ирет сокку урду.

Франциянын Коргоо министрлиги алардын учактары аба соккусун Багдаддан эки жүз чакырым түндүктө жайгашкан Тикрит аймагындагы жихадчылардын турумдарына жасаганын билдирди.

“Азаттыктын" аймактагы кабарчылары аба соккулар өлкөдөгү экинчи чоң шаар Мосулда да улантылып жатканын, "Ислам мамлекети" тобу он жети согушкерин жоготуп, автоунаалары талкаланганын маалымдашты. Исламчыл согушкерлер Мосулду июнь айында басып алышкан.

Бул аралыкта Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади алар «Ислам мамлекети» тобу көзөмөлдөгөн аймактарды бошотуу үчүн кургактан чет элдик аскерлердин жардамына муктаж болбосун айтууда.

XS
SM
MD
LG