Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

Кочкор-Башынын калган-каткан урандысын сактоо үчүн айылдагылар Бишкектен буйрук күтүүсү керекпи?


Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбары. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.

Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбары. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 02.7.11.

Бишкектен Кочкор өрөөнүнө илимий сапар менен барган археолог Ороз Солтобаев жана Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бакай Увалиев 2-июлда "Азаттык" үналгысы үчүн маек курушту. Алардын орто кылымдардагы Кочкор-Башы шаарынын бул айылдын аймагындагы чалдыбарын мындан ары сактоо жаатында көз караштары дал келбеди.


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин археолог окумуштуулары быйылкы жайкы изилдөө мезгилинде Кочкор өрөөнүндө болушуп, орто кылымдарда (борбор шаарларынын бири Баласагын болгон тээ Караханийлер доорунда) гүлдөп-өнүккөн Кочкор-Башы шаарынын калган-каткан чалдыбарында казуу жүргүзүштү.

Кочкор өрөөнүндөгү Төрт-Күл (Кочкор-Башы) шаар чалдыбарын казуу маалында. Казууну Кыргыз Улуттук Университетинин окумуштуулары жана тарыхчы студенттери жүргүздү. Археолог Ороз Солтобаевдин “Азаттыкка” белекке берген сүрөтү. 01.7.11.

Археологдорго КУУнун археологиялык практикада жүргөн тарыхчы студенттер тобу жардам кылды.

Изилдөөчүлөр 2-июлда кайра Бишкекке кайтып бараткан маалда археолог Ороз Солтобаев менен чакан маек курдук.

Быйылкы археологиялык иликтөөнү жетектеген Солтобаев мырза алгачкы күндөрү Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык өкмөтүнүн өкүлдөрү "келгин археологдорго" тоскоол кылышканын жана айылда алиги тарыхый урандылар жайын 20 чакты кишиге "ижарага" бөлүп таркатуу долбоору бышып-жетилгенин билдирди.

Окуянын чоо-жайын экинчи тараптан да сурап билүү үчүн айыл өкмөт башчысы Бакай Увалиев мырзага да кайрылдык.

Увалиев мырза сөз болуп жаткан жер тилкесин жергиликтүү тургундарга ижарага бөлүп берүү долбоору бар экендигин танган жок.

Ошол эле учурда, Увалиев мырзанын айтымында, эгерде расмий Бишкек (тагыраак айтканда, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши) көөнө шаардан калган тарыхый урандылар жайын ижарага таркатып салуу долбооруна бөгөт койчу болсо, анда жергиликтүү бийлик жогортодон түшкөн буйрукту аткарууга даяр.




Изилдөөчү Солтобаев мырзанын айтымында, тээ 1994-жылы 26-июнда Кум-Дөбө айылындагы менчиктештирүү комиссиясы "Төрт-Күл шаар чалдыбары эч кимге менчикке берилбейт" деген токтом кабыл алган экен.

Ал эми экинчи ыңкылапка чейинки доордо (2009-жылы) жергиликтүү төбөлдөрдүн колдоосун алган 21дей киши бул токтомду жең ичинен буздуруп, өздөрүнө "жиликтеп" алуу аракетин баштаган экен.

Байыркынын балбал таштары. Бурана шаар чалдыбары (мурдагы Баласагын шаарынын орду). 16.5.2011.
Эми алардын көксөөсү суушу үчүн расмий Бишкектин "парманы" гана жетпей турат, дейт археолог Солтобаев.

Маселенин баары "жергиликтүү бийликтер өз аймагындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди жогорку жактын буйругу жок эле өз демилгеси менен коргоого алышы керекпи, же жокпу?" деген суроого такалып жатканын жергиликтүү коомчулук да сезүүдө.

Айылдын Кайырбек Коңурбаев сыяктуу өкүлдөрү бул маселени козгоп, тарыхый байлыкты сактоо үчүн кам көрүүгө Кочкор бийлигин да, Нарын облустук бийлигин да, ордо шаардагыларды да чакырып келет.

Ушундай кырдаалда жергиликтүү аткаминерлер жалпы улутка орток тарыхый байлык болгон жайды үлүштөргө бөлүп таркатуунун демилгечиси болушу керекпи, же, ал түгүл эгерде Бишкектен "тарыхый урандыларды ого бетер кыйраткыла" деген терс буйрук келчү болсо да, ошого каршы такаат кылып, шаар чалдыбарын болочокку урпактар үчүн сактап калуу мүдөөсүн көздөгөн мыйзамдуу күрөштүн демилгечиси болушу керекпи?

Айтор, аларда экинин бирин тандоо мүмкүнчүлүгү азыр да бар.

Махмуд Кашгаринин "Дивану лугати т-түрк" эмгегиндеги дүйнө картасынын Борбордук жана Чыгыш Азия бөлүгүнүн кыргызча котормосу. Т.Чоротегин. 1997-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG