Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Көл жээгинде түйшүк тарткан балдар


Ысык-Көлдүн жээгинде иштеген балдар. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көлдүн жээгинде иштеген балдар. Архивдик сүрөт.

Ысык-Көлдө жайкы туристтик мезгилде башка облустан келип иштеген балдар көбөйдү.

Психологдор балдарды ишке тартуу алардын психологиялык абалына терс таасир этип, эс алууга бөлүнгөн убактысын түйшүк менен өткөрүүгө мажбур кылат деп эсептейт.

11 жаштагы нарындык өспүрүм Нурэл Алманбетовдун жайкы каникулу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Саратанда ал сууга түшүп, курбалдаштарындай эс алган жок. Аптаптуу ысыкта тогуз жашынан бери балык саткан баланы кепке тарттык.

"Мен күнүнө 20-30 балык сатам, селёдканы Балыкчыдан бир байке алып келип берет. 45 сомдон алып, 70-80 сомдон сатам. Дем алыш күндөрү анан биринчи күнү киши көп болот, ошондо дүңүнөн алган балыктарымдын баарын сатып жетишем. Эс алуучулардын көбү көлдүн өзүнүн балыгын сурайт, алар кымбат болот, 200-300 сомго чыгат. Кымбатына карабай сатып алып, сыра менен жегендер бар. Сатылбай калгандарын балык алып келген байкеге өткөрүп берем, ал эртең жаңысын алып келет".

Төрт бир туугандын ортончусу Нурэл Нарындан Ысык-Көлгө тайларыныкына келет. Ар бир саткан балыгынан 20-30 сом пайда көрөт. Көл жээгинде күнүнө 30 чакырым жолду баскан окуучу бир жылдык кирешесин таап аларын айтты.

"Үч айдан кийин кайра Нарынга кетем, таенем бул жерде дүкөн иштетет. Тапкан акчам 20 миңден ашат, анын 5 миңине кийинем, калганын апама берем. Байкем жана инилерим да бул жерде. Алар дүкөндө иштеп, жүгөрү бышырат. Апам бир күндө 100гө жакын пирожки, пицца, камырга оролгон сосиска бышырат. Кечинде сатылбай калгандарын жеп алабыз".

Нурэлден сырткары Чолпон-Атанын бир эле пляжында бери дегенде 15 бала ишейт. Алардын көбү балык, жүгөрү сатып, чатырларды ижарага берип, катамаран жана скутер тазалап иштейт.

"Бул жакка тогуз жашымда келгем. Балык сатып, андан түшкөн акчаны чөнтөгүмө салып, кайра таппай калган күндөр болду. Кээ бир кардарлар арзаныраак бер деп туруп алышат, анда 80 сомдон сатып жүргөн балыгымды 70 сомго берип коем. Кээ бири акчасын бербей туруп алат. Кээде тажап кетем, балыгым өтпөй калган күнү капа болом".

Ысык-Көл милициясынын жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Айзада Иманкулова Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 91-беренесинин негизинде 14 жаштан 16 жашка чейинки балдарга жумасына 24 сааттан ашпаган жумушта иштесе болорун айтты.

Ал эми 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр жумасына 36 саат эмгекке тартылса болот. Ушул эле кодекстин 95-беренесинде иш күнүнүн узактыгы белгиленген, анда 5 сааттан 7 саатка чейин иштөөгө уруксат бар.

"Ушул жылдын башынан бери жашы жете электер менен эмгек келишимин түзбөй жумушка тарткан ишкерлерди текшерип чыкканбыз. Анда 16 факты катталган. Себеби 16 жашка толо элек балдарды эмгекке тартуудан мурда алардын ата-энесинен уруксат алуу керек жана бул үй-бүлө чындап эле баласынын каражат табышына муктаж экени тастыкталышы керек. Мындан сырткары окуучулардын көбү кечинде, түнкү убакта тойканаларда, коомдук жайларда иштеп, каражат табат. Албетте бул социалдык абалга байланыштуу, бирок ошол эле учурда өспүрүмдүн коопсуздугу биринчи орунда турушу абзел".

Психолог, “Тирек” балдар менен иштөө борборунун жетекчиси Бэла Капарова балдардын эрте жумушка тартылышы алардын аң-сезимине таасир этерин айтып, бул жагдай бир нече факторлорго байланыштуу экенин кошумчалады.

"Психологияда балдар башталгыч класстарда окуп жүргөн кезинде оюн аркылуу коомду таанышы керек. Өспүрүм кезинде окууга көңүл бөлүп, дос күтүп, билим алышы зарыл. Эл аралык эмгек уюму балдардын ишин бир нече бөлүккө бөлүп карайт. Анда балдардын өнүгүшүнө терс таасир тийгизген жумуштар да бар. Африка, Түштүк Азия өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда абал жакшыраак. Бирок бизде да оор жумуштарга балдар көп тартылат. Мисалы, балдар пахта, картошка терип, төө буурчак жыйнайт, чарчап, физикалык жактан алсырашат. Айрым учурда балдар окуусун да калтырып иштейт. Акча табуу менен алек болгон балдардын көбү окууда ийгилик жарата албай калганын байкаганбыз. Себеби жайында эс алып, күч топтоо ордуна алар күнүмдүк түйшүк менен алек болушат".

Адистер Кыргызстанда сөөгү ката элек балдардын эмгекке тартылган учурлары жыл санап өсүп баратканын белгилешет. Жайкы мезгилде алар эс алуудан баш тартып, түрдүү жумуштарга тартылса, окуу жылы башталганда сабактан кийин да каражат табууга аргасыз. Окуучулар кандай жумуштарга көбүрөөк тартылары тууралуу расмий статистика жок.

Болгону укук коргоо органдары социалдык коргоо бөлүмдөрү менен биргеликте рейд жүргүзүп, иштеген балдарды аныктап, каттап турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG