Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Келээрки жылы Кыргызстанда 1916-жылкы даңазалуу улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана ал кандуу басылгандан кийинки кайгылуу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул мааракеге карата чех окумуштуулары да өз салымдарын кошмокчу. Алар да өз элинин тарыхында ала калган жерлер арбын болгонун айтууда.

Петр Кокайсл мырза менен

Кыргызстанда чехиялык заманбап чыгыш таануучу, кыргыз таануучу, этнограф, тарыхчы, илимдин доктору, доцент Петр Кокайсл (чех тилинде: Petr Kokaisl) жөнүндө 2013-жылдан тартып көбүрөөк сөз кылына баштады.

Кокайсл П., Усманов А. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен.

Кокайсл П., Усманов А. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен.

Ал кыргыз журналисти Амирбек Аззам уулу Усманов менен бирдикте чех, орус жана кыргыз тилдеринде китеп жазып, аңгемелер, эскерүүлөр аркылуу тарыхты чагылдыруунун олуттуу усулун колдонгон (Кокайсл П., Усманов А. Кыргызстандын тарыхы күбөлөрдүн көзү менен. – Прага: Nostalgie Praha, 2015. - ISBN 9967330376, 978996733037).

Биз Чехиянын ордосунда жайгашкан Прагадагы Чех дыйканчылык университетинде (České zemědělské univerzity v Praze) Экономикалык жана маданий изилдөөлөр бөлүмүндө доцент болуп иштеп жаткан Петр Кокайсл мырза менен чер жазыша баарлашып, 1916-жылкы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүн жөнүндө биргелешип изилдөө жүргүзүү багыттарын талкууладык.

Эл аралык “ашар” ыкмасы зарыл

Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия да, жергиликтүү илимий-чыгармачыл уюмдар да дал ушундай эл аралык илимий кызматташтык кыргыз тарыхнаамасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө өтө натыйжалуу болот деп эсептешет.

Бир эле жагын алсак, маселен, чет өлкөлөрдөгү архивдерди жана китепканаларды казуу үчүн кыргыз тарыхчыларын бардык өлкөлөргө аттандырууда каржылык чамабыз чарк. Ал эми тийешелүү өлкөлөрдө ансыз да кыргыз таануу жаатында эмгектенип жаткан адистерди кызматташтыкка чакырсак, анда алар алатоолук саякатчы табышы ыктымал болгон материалдардан да мыкты даректерди илим чөйрөсүнө киргизиши ажеп эмес.

Албетте, бул даректерди кыргыз тарыхчынын көзү менен кароого эмне жетсин деңизчи.

Жаңы усулдар жана унутулган булактар

Петр Кокайсл Орусиянын падышалык доорундагы архивдерди изилдөө жолдору жана ыкмалары тууралуу кызыгып суроо салып, ошол замандагы эскерүүлөрдү да көөндөн чыгарбоо керек деген оюн кошумчалады. Албетте, Ысак Шайбек уулу сыяктуу жазгыч акындардын жана башка айдыңдардын эскерүүлөрү, запкы жеген кыргызга боор тарткан Александр Керенский сыяктуу орусиялык либерал жана демократ күчтөрдүн калыс баалары кайрадан жалпы калайыкка кеңири тааныштырылып жатканын ага айттым.

Кээ бир тарыхый барактар атайылап бурмаланган же айтылбай кеткен учурлар Чехиянын тарыхында да болгон, деп белгилеп, Петр Кокайсл мырза, маселен, коммунисттик тарыхнаамада экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы чехтерди жүз пайыз антифашист кылып көрсөтүү аракети болгонун жылмайып эскерди.

Тарыхка жаңыча мамиле кылуу Чехияда 1989-жылдан тартып ырааттуу жүргүзүлүп келет. Маселен, чех илимпоздору азыркы тапта Бишкекте ысымы паркка коюлган антифашист Юлиус Фучик (Julius Fučík; 1903-1943) тууралуу улам кайра иликтөө жүргүзүшүүдө. Коммунисттик режим кулаган соң, "Фучик деле өз кезегинде нацисттер менен мышык-чычкан ойногон" деп шек кылгандар чыкты; бул дооматтар тастыкталбаганы менен, азыркы чехтер аны мурдагыдай “сыйынуу бутасы” кылбай калышты. Кантсе да, көпчүлүк чехтер “коммунисттик тоталитардык доордо кыйла артка кеттик” деп санашат эмеспи (Учурда коммунист Юлиус Фучиктин ысымы бардык чехиялык көчөлөрдөн өчүрүлгөнүн, Бишкектеги паркты “Интергелпо паркы” деп кайра атоо сунушу да бар экенин эскерте кетелик).

Этностордун салымдары иликтенет

Чех окумуштуусу Кокайсл Кыргызстандагы чакан этностордун 1916-жылкы көтөрүлүшкө кошкон салымдары тууралуу да терең иликтене баштаганын угуп, канааттанганын белгиледи.

Айта кетсек, бишкектик профессор Токторбек Өмүрбеков өзүнүн кандидаттык диссертациясын ушул багытта жазган. Жакында бишкектик изилдөөчү Жамила Мажун айым дунгандардын 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышуусу тууралуу монографиясын жазып бүттү.

Осмон дөөлөтүнөн келген беш түрктүн эскерүүлөрүн Роза Абдыкулова айым осмон түркчөсүнөн которуп, макалалар жазды. Чынара Исраилова-Харйехузен айым Берлинде ушул 1916-жылкы көтөрүлүш темасы боюнча изилдөө жүргүзүүдө.

Кытайлык кыргыз илимпоздор да 1916-жылкы окуялар менен байланыштуу кызыктуу маалымат топтомун даярдашууда. Башкеңсеси Астанада жайгашан Түрк академиясы да бул жаатта изилдөөлөргө демөөрчү болмокчу.

Эми, буюрса, Петр Кокайсл мырза да бул багытта өз салымын кошууга, чехиялык тарыхый-этнографиялык материалдарды иргеп чыгууга убада кылды. Ал буга чейин эле 1916-жылкы көтөрүлүштүн келип чыгуу себептери жана Үркүндүн кайгылуу барактары тууралуу өз эмгегинде кайрыла кеткен.

Баарлашуу маалында биз ага эки айырмалуу тарыхый баскычты чаташтырып жаткандар да бар экенин айттык. Маселен, кээлери улуттук боштондук көтөрүлүш менен андан кийинки Үркүндү чаташтырып жатышат. Улуу Үркүн – бабалар эгемендик үчүн баатырлык кылып күрөшкө чыккан тарыхый биринчи баскыч падышалык оторчул бийликтин куралдуу күчтөрү тарабынан айоосуз жазалоолор, айрым өрөөндөрдөгү кыргын менен аяктаган соң башталган 1916-жылкы тарыхыбыздагы экинчи баскыч эмеспи.

Даректерди изилдөө улантылууда

Кыргызстандын мамлекеттик архив агенттигине Кыргыз Өкмөтү тийешелүү каржылык көмөк көрсөтүүдө. 2016-жылдын үчтүн айынын (январынын) ичинде, буюрса, архив таануу жаатындагы тийешелүү топ Орусиядагы архивдик маалыматтарды жаңыча кароо үчүн Маскөө, Санкт-Петербургга аттанмакчы.

Өз кезегинде, кыргызстандык тарыхчылар да чехиялык жана башка изилдөөчүлөргө өз тарыхын иликтөөдө көмөк көрсөтө алышат. Маселен, тарыхчы Турат Сырдыбаев Кыргызстандагы чех, словак, мажарлардын диаспорасы тууралуу диссертация коргогон. Кыргызстандагы немистер тууралуу да алатоолуктар жаңыча иликтөө жүргүзүп жатышат.

Өлкөлөр мамлекеттик чектер аркылуу бири-биринен обочолонуп жиктелгенине карабастан, бүгүнкү бейтарап окумуштуулар, анын ичинде тарыхчылар, ар кандай чектен жогору болуп, өз ара тыгыз кызматташуу аркылуу адамзаттын жаңыча, калыс тарыхын сунуштай алышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG