Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Эмне үчүн Америкада Куранды өрттөсө болот?


Индонезия - Демонстранттар АКШнын Жакартадагы элчилигинин жанына пикетке чыгышты, 4-сентябрь, 2010

Индонезия - Демонстранттар АКШнын Жакартадагы элчилигинин жанына пикетке чыгышты, 4-сентябрь, 2010

АКШнын Флорида штатында “11-сентябрда Куранды өрттөйм” деген чиркөө башчысы, бир топ эскертүүлөргө карабай, өз ниетинен кайтпай турганын билдирди. Анын билдирүүсүн дүйнөдө кескин айыптагандар да, колдоп-жактагандар да болууда. Муну Кудайга акаарат келтирүүчүлүк дегендер да, эркин ой билдирүү дегендер да табылат. Бирок бир адамдын эркиндикке укугу дүйнөдө христиандардын коопсуздугуна коркунуч келтирсе, аны расмий бийликтер эмне үчүн токтотуп кала алышпайт?

11-сентябрда дүйнө Нью-Йорктогу каргашалуу теракттын тогуз жылдыгын белгилейт. Ошол күнү Флоридадагы бир чиркөөнүн көсөмү мусулмандар Аллаанын сөзү деген ыйык китеп – Курандын – бир нече жүз нускасын өрттөгөнү жатат. Динаятчы Терри Жонсдун бул аракетин АКШда президенттен тарта Ооганстандагы аскерлердин командачысына чейин баары айыптап чыгышты.

Бул улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирээрин далилдеш өтө эле кыйын
Вашингтондо Мамлекеттик департамент муну “ачык провокация, бөлүп-жаруучулук, көрө албастык” деп атады.

Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрдүн командачысы, генерал Дэвид Петреус бул “Жаңжалды козутуп, ооган жеринде эле эмес, региондо согушуп жүргөн америкалык аскерлердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирет” деп билдирди.

Президент Барак Обама болсо бул “Ал-Каиданы” мурдагыдан да жаман аракеттерге барууга шыктандырат деди.

Ким эмне дебесин, АКШнын өкмөтү чиркөө башчысы Жонсту баары бир мыйзам боюнча токтотуп кала албайт окшойт.

Биринчи түзөтүү

Кошмо Штаттардын Конституциянын биринчи түзөтүүсүндө “Конгресс Өлкөдө бир динди мамлекеттин дини катары орноткон, дин ишенимин, сөз эркиндигин чектеген эч кандай мыйзам кабыл ала албайт” деп айтылат.

Ал эми өлкөдө Граждандык согуштан кийин 1868-жылы кабыл алынган 14-түзөтүүдө жогорудагы ой андан ары бекемделип: “Мамлекет жана жергиликтүү өкмөттөр адамдардын конституциялык укуктарын чектей алышпайт” деп жазылган.

Демек, АКШда “башка динди маскаралоону”, “ага акаарат келтирүүнү” чектей турган, ага тыйуу сала турган бир да мыйзам жок.

Чиркөө башчысы Терри Жонс өзүнүн акциясын "Куранды өрттөөнүн эларалык күнү" деп жарыялады
Айрым штаттарда Кудайга акаарат келтиргени үчүн айыптаган мыйзам беренелери дале бар. Алардын көбү 19-кылымдан калган.

Бирок 1952-жылкы окуя алардын күчү жоктугун айгинилеген өзгөчө прецедент болуп калды. “Жозеф Берстиндин Уилсонго каршы” ишин караган АКШнын Жогорку соту “Кудайды маскаралоо жөнүндөгү” Нью-Йорктун мыйзамын антиконституциялык деп таап, аны жокко чыгарган. Ал соттун чечиминде: “Тигил же бул басылмада же кинодо кайсыл бир динге каршы ачык же кыйыр чабуул айтылса, аны басуу мамлекеттин иши эмес”, деп айтылган.

Оксворд университетинин профессору Дэвид Наш “Азаттыкка” айтканына караганда, дал ошол 1952-жылдагы окуя америкалык бийликтердин “диний ишенимдерге каршы” ачылган иштерге карата позициясын, стратегиясын өзгөрттү.

“Бийликтер Куранды өрттөө өңдүү акцияларды токтотуу үчүн негизги аргумент катары “ал улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет” деши деле мүмкүн эле. Бирок ал үчүн өтө күчтүү, мыйзамга негизделген жүйөө болушу керек”, - дейт ал.

1931-жылкы окуяда, маселен, Жогорку сот “Согуш маалында аскерлер бир жерден экинчи жерге көчкөндө, армияга чакырганда улуттук коопсуздукка коркунуч жарата турган маалыматты бийликтер чыгарбай кое алышат” деп айтылган.

Коомдук башаламандык коркунучу

Профессор Наштын айтымында, Обаманын администрациясы азыр Куранды өрттөгөнү жаткан динаятчы Жонсту сотко бере албашы мүмкүн. Анткени бул чиркөө башчысынын аракети конкреттүү адамга же улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирээрин ачык далилдеп берүү өтө эле оор. “Бийликтер ал динаятчынын аракети “коомдук башаламандыкты жаратат” деп гана аны токтото алышы мүмкүн”, - дейт Наш.

“Коомдук башаламандык деген маселе да бар. Азыр өкмөт ушул жүйөөнү колдонуп, бул иш-чараны токтотуп кала алышы мүмкүн, - дейт профессор. - Кайсыл бир чиркөөнүн адамдары бир майда кылмыш жасап койду дегенден көрө, “коомдо башаламандыкты жаратканы жатышат” деген айып күчтүүрөөк болмок”.

Анын ишениминде, чиркөө башчысы Жонстун Куранды өрттөө планы Америкада “жек көрүүчүлүк кылмышы”, “диний жек көрүүчүлүктү козутуунун” маани-мазмуну жөнүндө кызуу талкууну жаратат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG