Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Түндүк Корея: АКШ кемесин чөктүрүүгө даярбыз


Түндүк Кореянын ракеталары Пхеньяндагы параддан көргөзүлгөн учур. 15-апрель, 2017-жыл.
Түндүк Кореянын ракеталары Пхеньяндагы параддан көргөзүлгөн учур. 15-апрель, 2017-жыл.

Корей жарым аралындагы чыңалуу акыркы бир күндө АКШ, Кытай, Жапония лидерлеринин телефон сүйлөшүүсүндө талкууланды. Аскерий риторикасын күчтөнтүп жаткан Пхеньян АКШнын аймакка багыт алган кемесин чөктүрөрүн айтып коркутуу менен өлкө аймагынан дагы бир америкалык жаранды камакка алды. Түндүк Корея ушул күндөрү кайрадан өзөктүк сыноо өткөрүшү мүмкүн деген кооптонуулар чыгууда.

Түндүк Корея ушул шейшемби күнү улуттук куралдуу күчтөрү - Корей элдик армиясы түзүлгөнүнүн 85 жылдыгын майрамдаганы жатат. Адатта салтка айлангандай мына ушундай мүнөздөгү окуяларды Пхеньяндагы бийлик өзөктүк сыноо же ракета атуу менен белгилечү.

БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн соңку чакырыгына карабай, Түндүк Корея кайрадан сыноо өткөрүшү мүмкүн деген кооптонуулар мына ушуга байланыштуу да чыгууда.

Жапон премьер-министри Синзо Абэ дүйшөмбү күнү Токидон кабарчыларга АКШ президенти Дональд Трамп менен Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча телефондон сүйлөшкөндөн кийин буларды билдирди:

Синзо Абэ кабарчыларга сүйлөөдө. Токио, 24-апрель, 2017-жыл.
Синзо Абэ кабарчыларга сүйлөөдө. Токио, 24-апрель, 2017-жыл.

- Биз кооптуулугун жана чагымчылдыгын такай көргөзүп келген Түндүк Кореядан сабырдуу болушун өжөрлүк менен талап кылууну толугу менен макулдаштык. Кечээтен тарта Жапониянын өздүк коргонуу күчтөрү жана АКШнын авиация алып жүрүүчү (Karl Vinson) кемеси биргелешкен машыгууларын баштады. Түндүк Кореянын кадамдарына карата күчтүү реакция жасоо үчүн биз АКШ менен тыгыз карым-катышты, көзөмөлдүн жана байкоо жүргүзүүнүн жогорку дэңгээлин кармайбыз.

Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык ракета сыноолору күчөткөн чыңалуудан улам АКШ президенти авиация салып жүрүүчү Karl Vinson кемесин Корей жарым аралына барууга буюруган.

Америкалык кемеге жолдон тилектештик көрсөтүү иретинде Жапониянын эки кемеси да кошулуп, алар Тынч океандын Батыш бөлүгүндө биргелешкен машыгууга киришти.

Түндүк Корея тарап болсо бул фактыны комментарийлөө менен АКШнын кемесин "чөктүрүүгө" кудуреттүү экенин билдирүүдө.

Партиялык Rodong Sinmun басылмасы 23-апрелде "биздин ыңкылапчыл күчтөр АКШнын өзөктүк куралы бар кемесин бир сокку менен чөктүрүүгө даяр" деп жазса, мамлекеттик телевидениенин диктору:

- Кошмо Штаттардын өзөктүк коркунучунан өзүбүздү коргоо үчүн бизде эң мыкты өзөктүк кубатыбыз бар. Толук кандуу согушка биз өз стилибизде толук кандуу согуш менен эч тайсалдабастан жооп беребиз. Ачык-айкын сокку уруп, АКШ менен кармашта жеңишке жетишебиз.

"Ассошейтед Пресс" агенттиги жана Кытайдын мамлекеттик медиасы кабарлагандай, Түндүк Корея менен байланышкан соңку кырдаал дүйшөмбү эртең менен АКШ жана Кытай президенттеринин телефон сүйлөшүүсүндө кайрадан талкууланды.

Эки лидердин телефон сүйлөшүүсүн Ак үй да ырастады. Ак үйдүн кабарында Трамп Түндүк Корея "согушчан" турумун улантып жатканын сындап, Пхеньяндын аракеттери Корей жарым аралын дестабилдештирип жатканына токтолгон.

Кытайдын мамлекеттик CCTV телеканалы маалымдагандай, президент Си Цзинпин Дональд Трампка анын өлкөсү Түндүк Кореянын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузуп жаткан өзөктүк курал программасына каршы экени жана Корей жарым аралындагы кырдаал курчуп, тереңдебеши үчүн тараптардын баарын сабырдуу болууга чакырарын белгилеген.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түндүк жана Түштүк Кореяны бөлгөн демилитаризациялык зонага барган учур. 17-апрель, 2017 -жыл.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түндүк жана Түштүк Кореяны бөлгөн демилитаризациялык зонага барган учур. 17-апрель, 2017 -жыл.

Кошмо Штаттар болсо өз кезегинде Түндүк Кореяга таасирди же кысымды башка бирөө эмес, анын дипломатиялык жана соода-экономикалык өнөктөшү болуп келген дал ушул Кытай өзү көргөзө алат деп эсептейт:

- Менимче, сиздер азыр Кошмо Штаттар жана анын аймактык өнөктөштөрү Кытайды Корей жарым аралындагы тынчтык чечимге зарыл кадамдарды жасоого шыктандыруу үчүн бирге иштөөнү уланта турганына күбө болосуздар. Пхеньянды колунда өзөктүк куралы бар. Анын баллистикалык ракета программасы, континенттер аралык баллистикалык ракета потенциалы бул аймактын туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч туудурат. Ага катар Кошмо Штаттарга да коркунуч жараткыдай потенциалы бар. Андыктан, дүйнө Түндүк Корея боюнча акыркы 25 жылдан бери карманып келген багытты уланта берүү кабыл алынгыс. Бирок, бизде азыр деле үмүт бар. Биз азыр да акыр аягында тынчтык чечимге жетебиз деп ишенебиз, - АКШнын вице-президенти Майк Пенс Австралиядан.

Буга чейин Пенс өткөн аптада Чыгыш Азияны кыдырган учурунда Пхеньяндын дарегине бир нече ирет эскертүү жасап, АКШнын "стратегиялык чыдамы" түгөнгөнүн, күн тартибинде бардык варианттар бардыгын, бирок кырдал тынчтык жол менен жөнгө салынышы керектигин билдирген.

Эки ортодогу чыңалуу күчөгөн шартта Пхеньяндагы бийликтер АКШнын дагы бир жаранын камакка алганы белгилүү болду. 58 жаштагы жана акыркы бир айдан бери Пхеньяндагы илим жана технология университетинде окутуучулук кылган Тони Ким аэропорттон Кытайга учуп кетер алдында өткөн ишемби күнү камалган. Муну менен Түндүк Кореянын камагындагы АКШ жарандарынын саны үчкө жетти.

Түндүк Кореянын ракеталары Пхеньяндагы параддан көргөзүлгөн учур. 15-апрель, 2017-жыл.
Түндүк Кореянын ракеталары Пхеньяндагы параддан көргөзүлгөн учур. 15-апрель, 2017-жыл.

Пхеньянды талаштуу өзөктүк программасынан баш тарттыруу боюнча алты мамлекет катышкан акыркы сүйлөшүүлөр 2008-жылы натыйжасыз аяктаган. 2009-жылы болсо МАГАТЭнин инспекторлору өлкөдөн чыгарылган болчу. Бул өлкө баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөргөн. Алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты.

Пхеньян ошондой эле жыл башынан бери эле баллистикалык ракеталарын бир нече жолу учуруп, алардын кеминде үчөө Жапон деңизинин аймагына түшкөн. 16-апрелдеги акыркы ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG