Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Түркмөнстанда намаз окуган мамлекеттик кызматкерлер иштен алынууда


Түркмөнстанда аскер түзүмдөрүндө жана мамлекеттик мекемелерде намазга жыгылган кызматкерлерди жумуштан кетирүү көбөйдү.

Атын атагысы келбеген мурдагы аскер кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына намаз окугандыгы үчүн иштен кеткенин билдирди. Андан алгач жумуш учурунда намаз окубоону талап кылышкан. Кийин үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куран китебин алып кетишкен.

Ал буга карабай намаз окууну уланта берген соң, Коргоо министрлигине чакыртылган. Аягында арыз жазууга мажбурлап, иштен кетиришкен. Офицерден кызматтык батирди бошотуусу дагы талап кылынууда.

Учурда Түркияда иштеген түркмөнстандык жаран да намаз үчүн мамлекеттик жумуштан бошотулганын айтып берди. Түркмөнстанда мечитке барып, намаз окуп, сакал койгондорду көзөмөлдөө күчөдү.

Эл аралык уюмдардын, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндиги боюнча баяндамасында Түркмөнстан дин мамлекеттин катуу көзөмөлүндөгү өлкө катары сыпатталган.

XS
SM
MD
LG