Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Акаев: Менин мандат маселемди шайлоочуларым чечет


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар партиясынын депутаты Жанарбек Акаев анын мандатынын тегерегиндеги сөздөр боюнча "Азаттыкка" комментарий берди. Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам боюнча партиянын саясий кеңеши депутаттык мандатты алып коё албайт. Ал депутаттык мандатын өткөрүп берүү тууралуу талап фракция жетекчилигинен да, партиянын саясий кеңешинен да түшпөгөнүн кошумчалады: ​

- Мага мандатты тапшыруу же тапшырбоо тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Партиянын саясий кеңешинин жыйынына чакырылгам, бирок башка күнгө жылып калганына байланыштуу ал болбой калды. Ал эми мандат тапшыруу маселеси көтөрүлө турган болсо, мен сөзсүз түрдө, биринчи кезекте мени шайлаган миңдеген шайлоочуларым менен жолугушуп, акылдашам. Мага алардын пикири баарынан маанилүү. Мен шайлоочуларым менен акылдашкандан кийин гана бир жыйынтык чыгарышым мүмкүн.

Бүгүн, 22-мартта Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши чогулуп, бирок кворум жок болгондуктан жыйын болгон эмес. Айрым маалымат каражаттары саясий кеңеш депутат Жанарбек Акаевди мандатынан ажыратуу тууралуу маселени карай турганын кабарлашкан.

АКИpress маалымат агенттигинин партиядагы адамдарга шилтеме кылып жазганына караганда, КСДПнын саясий кеңешинин отуруму Чыныбай Турсунбеков шашылыш тажияга кетип калгандыгына байланыштуу өтпөй калган. Саясий кеңештин отуруму 23-мартка жылдырылган.(UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG