Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

Жанар Акаев: депутаттарга таарынбайм, алар буйрукту аткарышты


Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Карандай калп менен кошоматчылык өкүм сүргөн жерде чындыкты айткан адамды экстремист катары баалашат, азыр мага карата ошондой болуп жатат”, – деди “Азаттыкка” эркин депутат Жанар Акаев.

Ал бүгүнкү КСДП фракциясынын жабык жыйынында бир гана фракциядан чыгаруу эмес, аны менен чогуу комитеттерден жана ал мүчө болгон депутаттык комиссиялардан да чыгаруу чечими кабыл алынганын айтты. Депутат Акаев өзү КСДП депутаттарга таарынбасын айтып, алар буйрукту аткарышканын кошумчалады.

"Мен парламенттик ишмердигимди улантам, менин калың шайлоочуларым бар. Менин тагдырымды бир ууч адам чече албайт. Биз он миңдеген башка шайлоочулар менен кеңешебиз", - деди Жанар Акаев.

23-мартта КСДП партиясынын саясий кеңеши депутат Жанар Акаевди КСДП фракциясынын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган, бүгүн бул маселе Социал-демократтардын фракция жыйынында да колдоо тапты. (SDz)

Жанар Акаев: Тагдырымды бир ууч адам чечпейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

XS
SM
MD
LG