Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:16

Украинанын Крым автономиясынын Орусияга аннексияланышынан кийин орус парламенти жарандыкты орус тилдүүлөргө жеңилдетилген жол менен берүүнү караган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, ага 21-апрелде президент Владимир Путин кол койду. "Азаттыктын" ушул маселе боюнча суроолоруна саясий серепчи Кубан Абдымен жооп берди.

"Азаттык": Эмне үчүн Кремль мындай кадамга барды деп ойлойсуз?

Кубан Абдымен: Орусиянын дүйнөдө ээлеген ордун жана азыркы кыйын абалда калганын эске алганда, тиешелүү чараларды көрүп жатканы – мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ошол эле маалда, дүйнөдөгү бүт орус тилдүүлөрдү чогултуп, өзүнчө бир чоң саясий күчкө айланууга аракет кылып жатканы талаштуу көрүнөт.
Кубан Абдымен

Кубан Абдымен

Бирок соңку аракеттин бир негизги өзгөчөлүгү – жарандык автоматтык түрдө баарына эмес, орус тилин билгендерге гана берүү мүдөөсү менен айырмаланат. Бул албетте, бүт эле каалагандарды эмес, чектелүү гана адамдарды киргизүүнү максат кылганын көрсөтөт. Бирок ошол чектелүү сандагы адамдар Орусияга чындап берилген, анын кызыкчылыгын коргоп, Орусиянын азыркы этаптагы коргоо максаттарына өз салымымды кошом дегендер болушу мүмкүн деп ойлойм.

“Азаттык”: Бирок азыр Орусияда жүргөн жүз миңдеген кыргыз мигранттары маселен, сөзсүз эле орус жарандыгын саясий максатта эмес, утурумдук иш үчүн гана алууга аракет кылышы мүмкүн да?

Кубан Абдымен: Кыргыз мигранттарынын катарында дал ушул максатта жарандык алууну самагандар аябагандай эле көп экени белгилүү. Мигранттар өздөрүнө азыркы расмий бекитилбеген статусуна жараша эмес, туруктуу орус жараны катары дурус мамиле кылышын каалашы мүмкүн. Ал бир эле Кыргызстандан эмес, Борбор Азия, Украина, Молдовадан баргандарга да тиешелүү нерсе. Алардын баары орус жарандыгын алуу менен орустардай эле бирдей укуктарга ээ болууну самашат. Алардын баары эле, маселен, кыргыз мигранттары орус жарандыгын алса эле, аны “жаңы мекеним” деп, Орусияны коргоп, ага берилип калат деп айтуудан алыс болуш керек. Кантсе да, алар өз мекенин унутушпайт жана көпчүлүгү кайра мекенине барам дегенде эки көзү төрт болот деп ишенем.

“Азаттык”: Ошондой болгон күндө да, эгер постсоветтик аймактагы өлкөлөрдүн жарандары ичинде орус жарандыгын алууну самагандар көп чыкса, бул келечекте ошол мамлекеттердин келечегине коркунуч жаратышы мүмкүнбү?

Кубан Абдымен: Албетте, Украинанын Крым автономиялуу республикасы менен байланышкан окуя бизге ошондой коркунуч бар экенин айгинилеп турат. Бирок ошол эле мезгилде, Крым менен Борбор Азиянын ортосунда айырма абдан чоң. Анын үстүнө бул региондун географиялык жактан Орусиядан бөлүнүп тургандагысы да өтө маанилүү экени талашсыз. Андан сырткары Борбор Азиядагы мамлекеттер эгемендик алгандан бери эле өз алдынча өнүгүүгө карай аракеттенээрин так белгилеп, эч бир өлкө менен кошулуу тууралуу каалоосу жок экенин билдирип келатышат. Керек болсо, азыр Бажы биримдиги өңдүү уюмдарга кирүүдө да толтура суроолор астында тургандагыдай деңгээлге жетти. Андыктан менимче, коркунуч болсо да, ал Крымдагы окуядай коркунуч болбойт. Андан чочулабаш керек.

“Азаттык”: Кубан мырза, бул мыйзамда жарандык үчүн арызды берүүгө укуктуу адамдардын географиясы өтө эле кеңири берилген да. Маселен, мурдагы СССРдин, ал тургай, орус империясынын курамында ата-бабасы жашагандар да арыз тапшырганга укуктуу экени айтылат. Бирок ал канчалык таасирдүү мыйзам болот? Чындап эле орус жарандыгын алууну самагандардын саны көппү?

Кубан Абдымен: Орус жарандыгын алам дегендердин көп болуп жатканынын себеби – Орусиядагы элдин турмуш деңгээли жарандык алууну самаган адамдар жашаган өлкөлөрдүкүнөн өйдөрөөк болуп жатат. Ал эми жашоо деңгээли Орусияныкынан өйдө турган мамлекеттерде, маселен, Прибалтика республикаларында эл орус жарандыгын алууну каалабайт. Демек, бул саясий максаттагы аракет эмес, бул элдин жөн гана социалдык-экономикалык тандоо жасап, жакшы турмушка умтулгандагысы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG