Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:47

Кыргызстан Кумтөр кени боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү сунушуна канадалык “Центерра Голд” компаниясынын жообун күтүүдө. Тараза ташында турган маселе – экологиялык зыян жана салык өлчөмдөрү. Дүйнөдө өзгөчө экология маселеси боюнча жергиликтүү эл же өкмөттөр кен казган компаниялар менен чырлашкан окуялар ондоп саналат.

Дүйнөдө алтындын жана башка баалуу металлдардын баасынын кымбатташы акыркы жылдары кен чалгындоо жана казуу тармагына инвестициянын көбөйүшүн шарттады. Кумтөрдү казып жаткан “Центерра Голд” компаниясы жайгашкан Канаданын кен ишканалары соңку он жылдыкта ар кайсы өлкөлөрдө иштерин кеңейтиптир.

Торонтодогу Йорк университетинин Латын Американы изилдөө борборунун баяндамасы боюнча 2009-жылдын аягында канадалык кен компаниялардын тыштагы инвестициясы 56 миллиард долларга жеткен. 2009, 2010-жылдары өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жергиликтүү жамааттар менен кен компаниялардын ортосунда чыккан 171 чыр-чатактын үчтөн бир бөлүгү канадалык компанияларга тийиштүү.

Перу: Кен да көп, чыр да көп

Кен казууга салынган инвестиция акыркы жылдары абдан тез өсүп бара жаткан өлкөлөрдүн бири – Латын Америкадагы Перу мамлекети. Дүйнөнүн номер биринчи күмүш өндүрүүчүсү. Жез өндүрүү жагынан экинчи, коргошун өндүрүү жагынан төртүнчү, алтын өндүрүү жагынан дүйнөдө алтынчы орунда турат.

Кен өндүрүшү өлкөнүн экспорттон түшүүчү кирешелеринин 60% берет. Эл аралык акча өлкөгө агылып, Перунун экономика институтунун эсебинде, кен тармагына салынган инвестиция жылына 35% өсүп, былтыр инвестициянын жылдык көлөмү 10 миллиард долларга жетиптир.

Перу өкмөтүнүн эсебине караганда, акыркы беш жылда социалдык чыр-чатактардын саны 300% өскөн. Кен казуу тармагында эле кеминде 150 талаш-тартыш катталган.

Эл аралык коммерциялык эмес уюм – Revenue Watch институтунун Латын Америка боюнча координатору Карлос Монге Перунун кен казган компаниялар менен иштешүү тажрыйбасы, инвесторлор менен талаштары кантип жана кандай жөнгө салынып жатканы тууралуу айтып берди:


Перудагы чыр-чатактардын картасы: кызыл - 10дон көп, сары - 6-10, жашыл - 5ке чейин. (www.revenuewatch.org)

Перудагы чыр-чатактардын картасы: кызыл - 10дон көп, сары - 6-10, жашыл - 5ке чейин. (www.revenuewatch.org)



Монголия: Мыйзам катуу, салык көп, көмүскө соода кеңири

“Центерра Голд” компаниясы 2004-жылдан тарта Монголияда Бороо кенин иштете баштаган. 2007-жылы монгол өкмөтү "Центерра Голдун" лицензиясын 3 ай токтотуп, келишимди кайра макулдашкан. Ага чейин салыктан бошотулган компания жалпы кирешеден 25% салык төлөөгө макул болгон. Учурда "Центерра Голд" Гацуурт алтын кенин иштетүүгө лицензия күтүп жатат, монгол өкмөтү болсо жаңы талаптарды коюуда.

Монголиянын Улуттук кенчилер ассоциациясынын аткаруучу директору Намгар Алгаа “Азаттыкка” Монголиянын кен казуу тармагындагы кызыктуу жагдайларга токтолду:


Монголиядагы кен казуунун картасы (Монгол Улуттук статистика кызматы түзгөн)

Монголиядагы кен казуунун картасы (Монгол Улуттук статистика кызматы түзгөн)



Дүйнөдө кен чыккан жерлерде Кумтөрдөгүдөй талар-тартыштар ондоп саналат. Учурда 2009-жылкы келишимди кайра түзүүнү сунуш кылган мамлекеттик комиссиянын тыянагы “Центерранын” жетекчилигине берилип, өкмөт Торонтодон жооп күтүүдө.

Бул ирет күн тартибине чыккан маселе "Центерра" менен салык режими жана экологиялык зыяндын чыгымдары боюнча жаңы шарттарды кабыл алууну сүйлөшүү.

Эки ортодогу маселелерди конструктивдүү диалог жолу менен чечүүгө даярдыгын "Центерра" да билдирди. Бирок азыркы келишимдин талаштуу жактары боюнча эл аралык арбитражга дагы кайрылуусу мүмкүндүгүн эскертти.

Кыргызстандын позициясы канчалык бекем?

Казакстандагы Сырымбет алтын кенин иштеткен “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков эл аралык арбитраждан жана башка тобокелдиктен чочубаш керектигин айтат.

-Кандай гана эл аралык комиссия болбосун, кендеги экологиялык нормалардын бузулганын көрөт. Бул Кыргыз Республикасы, өз мыйзамдары үстөмдүк кылуусу керек. Эгер Кыргызстан “Центерра” менен келишимди токтотом десе – туура чечим болот. Мындан чочуп кереги жок. Маселен, Өзбекстан чет элдик компаниялардан эки кенин кайра алды. Ооба, чыр-чатак болду. Бирок андан иш токтоп калган жок, тоо-кен өнөр жайы иштеп жатат. Өзбекстанда мыйзамдар сакталууда, ал эми инвестициянын саны боюнча Кыргызстандан алда канча алдыда турат. Өзбекстанга чоң-чоң компаниялар инвестиция салууда. Каримовдун кандай президент экенин баарыбыз билебиз. Бирок ал өлкөдө мыйзамдар катуу сакталууда. Саясий тобокелдик Кыргызстанга караганда курч. Саясий кырдаалга карабаш керек, эң башкысы мыйзамдар иштесин. Тилекке каршы, Кыргызстанда саясий тобокелдик гана эмес, мыйзамдар иштебейт.

10 жыл Канадада жашап, Батыштын кен иштеткен компанияларында эмгектенген Теңизбек Бөлтүрүков өзүнүн жогорудагы пикирин мамлекеттик комиссиянын тыянагындагы айрым фактылар менен да бекемдейт:

- 2012-жылдын экинчи кварталынын аягында кенден чыккан калдыктардын көлөмү 60 млн. м3 болуптур. Калдыктар көмүлгөн жайга төгүлгөн заттар 93 млн. м3 чейин көбөйгөндө, дамбанын туруктуулугуна таасир этип, коркунуч туудурат – деп өкмөттүк комиссиянын отчетунда жазылып турат. Кумтөрдү иликтеген комиссиянын мүчөлөрү айткандай, кенде калдыктар сакталчу жайды куруудан мурун ошол жерге геотехникалык анализ жүргүзүлүүсү керек болчу. Жер кыртышынын туруктуулугун, жер алдындагы суунун деңгээлин изилдеп туруп, анан калдыктар үчүн дамба курулат. Калдыктарды сактаган жай, андагы дамба – гидротехникалык жактан кооптуу деп саналаган объекттерге кирет дагы, дайыма мониторингди талап кылат. Комиссиянын жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй, Кумтөрдө калдык сактоочу жай геотехникалык иликтөө жүргүзүлбөстөн эле курулган. Демек бул жерде эл аралык экологиялык нормалар менен гидротехникалык курулуштарды салуудагы техникалык эрежелер өтө орой бузулган деп саналат.

Кумтөр: Cүйлөшүү же эл аралык арбитраж

Индира Сатаркулова эл аралык укук жана арбитраж боюнча эксперт. Кумтөрдү иликтеген депутаттык комиссияда укуктук маселелерди иликтеген. “Азаттыктагы" маегинде ал кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү “Центеррадан” кандай жооп келээрине көз каранды болоорун айтат:

- Адегенде “Центерра” кайсыл маселелер менен макул эмес жана кайсыл маселелер боюнча арбитраждык сотко кайрылууга ниеттенип жатканын билдирүүсү керек. Анткени 2009-жылкы келишимдин негизинде эле төрт маселе: 1) айлана-чөйрөнү коргоо, 2) өндүрүш коопсуздугу, 3) кенди пайдалануу, 4) кенди казуунун тартиби - укуктун тили менен айтканда “юридикалык иммунитетке” ээ. Бул жогорудагы маселелер кайсыл бир чет өлкөнүн арбитраждык сотунда каралууга жатпайт дегенди билдирет. Ушул маселелер боюнча биз канадалык компания кетирген мыйзам бузууларды таап, далилдей алсак, Кыргызстандын тийиштүү мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын, а түгүл Кылмыш кодексине чейин колдоно алабыз. Мындай учурда Эл аралык арбитраж чечим чыгарууга укугу бар өлкөнүн соттук актысын кайра карай албайт.

Индира Сатаркулова кокус “Центерра Голд” кыргыз тарап коюп жаткан жаңы шарттарга көнбөсө, кыргыз өкмөтүнүн андан аркы аракетинин ийгилиги укуктук кадамдарды канчалык туура жасаарына байланыштуу экендигин эскертет:

- Маселен азыр салык режимин өзгөртүүгө болбойт. Аны канадалык компания калып, ишин улантса гана “Салык мыйзамына” өзгөртүү киргизүү менен жасоого болот. Ал эки тараптуу келишимге өзгөртүү киргизилгенден кийин гана ишке ашат. Анткени келишимде компания үчүн киргизилген салык режимин өзгөртүү мүмкүн эмес деп ачык жана так жазылган. Аны аткарбоо келишимди бузгандык деп саналат. Келтирилген чыгымдын баары автоматтык түрдө кыргыз тараптын мойнуна жүктөлөт. Бул биринчиден. Экинчиден, экологиялык зыян үчүн төлөмдөр. Бул комплекстүү маселе болгондуктан, ага комплекстүү мамиле жасап, жергиликтүү эле эмес, эл аралык деңгээлдеги адистерди тартуу зарыл. Анткени экологиялык чыгымды эсептөөдө эл аралык формулаларды колдонууга мүмкүндүк берген бир катар документтер бар.

Алматыдагы “Ланкастер групп” компаниясынын аткаруучу директору Теңизбек Бөлтүрүков Кумтөрдө экологиялык коопсуздукту камсыздоо менен кенди сарамжалдуу пайдаланууга адистик кеңешин айтат:

- Кумтөрдүн запасы жетишерлик арбын. Алтындын баасы азыркыдай кармалып турса, Кумтөрдөгү алтындын запасы 2042-жылга эле эмес, андан дагы узакка жетет. Бирок алтындын баасы жогору турганда, кенди шахта кылып иштетүү керек. Мөңгүлөрдү, жаңы жер кыртышын бузууну токтотуу абзел. Шахта кылып, тереңдиктен казуу керек. Албетте, бул кымбатыраак болот. Ал эми азыр “Центерра” кендин каймагын калпып жатканы – батыштык компаниялардын кенди иштетүүгө салган акчасын батыраак иштеп-таап алуунун жолу. Мен өзүм Батыштын 12 чоң долбоорунда иштегем. Андай долбоорлордо эң башкысы ошол кенге кеткен чыгымдарды тезирээк актоо керек. Кен иштеткен компаниялар алгачкы 5-7 жылда эң бай жерлерди казып, кредиторлорго акчасын төлөп берүүнү көздөйт. Андан кийин туруктуу киреше табуу үчүн каза баштайт. Учурда алтындын баасы болушунча жогору болуп турганда, тереңдикте жаткан алтыны азыраак кенди иштетүү керек. Жердин алдынан кенди ташып чыгып иштеткенде, албетте анын баасы көтөрүлөт. Бирок мындай жол менен экологиялык көйгөйдү күчөтпөй, мөңгүлөрдү бузууну токтотууга болот.



Эгер Кумтөрдө салык режими өзгөртүлсө, экономика министри Темир Сариевдин айтымында, азыркыдан жылына 4,8 миллиард сом же 100 миллион сомдон ашуун көп төлөйт экен. Мамлекеттик комиссиянын тыянагы боюнча, экологиялык зыян үчүн буга чейин жылына бир төлөнүп келген сумма - 310 миң доллар да кайра каралуусу керек. Мындан сырткары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция буга чейинки экологиялык чыгымды 6,7 миллиард сом же 152 миллион доллар деп баалаган. Алдыда кыргыз өкмөтү менен “Центеррага” эсеп-кысапты ушул жаатта такташууга туура келет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG