Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Леузе: Кыргыз аялдарынан көп нерсе үйрөндүм


Прагада көргөзүлө турган документалдык тасманын автору, германиялык режиссер Мириям Леузе.

Прагада көргөзүлө турган документалдык тасманын автору, германиялык режиссер Мириям Леузе.

Ушул жумада Прагада эл аралык Jeden Svet же “Бир дүйнө” даректүү тасмалар фестивалы өтүп жатат.

Фестивалга Кумтөр алтын кениндеги экологиялык маселелерге көңүл буруп, аларды иликтөөнү талап кылган Жети-Өгүз районундагы активист аялдар тууралуу “Эркиндиктин гүлдөрү” аттуу тасма да катышууда. Прагада көргөзүлө турган документалдык тасманын автору, германиялык режиссер Мириям Леузе менен Венера Сагындык кызы маектешти.

- Мириям, сиздин тасмаңызды мен алдын-ала көрдүм. Бирок бул тасманы эмне максатта, көрөрмандарга кандай ойду айтайын деп тартканыңызды сурагым келип турат.

Мириям Леузе: Бул тасмадагы башкы ой бир нече жыл ичинде калыптанды окшойт. Эң башында мен Кумтөр алтын кени, анын тегерегиндеги талаш-тартыштуу жагдайлар тууралуу тасма тартайын деп ойлогом. Журналист катары Кумтөр жөнүндөгү аябай көп маалыматтарды казып окуп чыктым. Перудагы алтын казуу иштери тууралуу да тасма тарттым. Кыргызстанда бийик тоолорду каңтарып талкалап, астындагы алтынды алып жаткандары мага аябай катуу таасир этти. Ошондуктан бир жагынан жылтыраган сары металл – алтынды казуу кандайча ишке ашырыларын көрсөткүм келди. Бул абдан татаал процесс, толгон-токой катмалардан турган техникалык процесс. Аны бир тасмада ачып көргөзүү дээрлик мүмкүн эмес.

Тасманын жарнагындагы сүрөт

Тасманын жарнагындагы сүрөт

- Ошондуктан сиз тасманын темасын башка жакка – Кумтөрдүн жанындагы айылдарда аялдар чогулуп, кендеги көйгөлөргө элдин көңүлүн бурдуртуп, коомдук акцияларды уюштуруп жатканына алмаштырдыңыз?

Мириям Леузе: Аягында бул тасма кыргыз айылында жашаган эрки күчтүү аялдар ынтымакташып, Кумтөр кениндеги көйгөйлөргө каршы күрөшүүгө аттанганы жөнүндө болуп калды. Башында жети-өгүздүк аялдар тобу бул күрөштө көп нерсеге жетчүдөй болуп сезилген. Алар бул күрөштө айрым нерселерге жетишишти – саясий жана жеке эркиндикке ээ болушту. Мен алардын жалаң саясий күрөшүн гана эмес, жеке турмушун, айылдык аялдын оңой эмес жашоосун көргөзгүм келди. Байкасаңыз, тасмадагы көпчүлүк эпизоддор ошол аялдардын ашканаларында тартылган. Ашканада кечке эле Кумтөрдөгү көйгөйлөрдү эмес, турмушка байланыштуу ар кандай темаларда сүйлөшүп жаттык.

- Кыргыз айылындагы аялдардын күнүмдүк түйшүгү, жашоосу мыкты тартылган экен. Советтер союзу кулагандан кийин жумушсуз калган, жергиликтүү бийликтин, же күйөөлөрүнүн колдоосунан да куру калган аялдар балдарын багып, короодогу мал-жанын карап, майда-барат соода-сатык кылып, андан сырткары Кумтөр кениндеги жаратылышка келтирилип жаткан зыянга каршы күрөшүшөт. Сиз бул тасманы тартып жатканда ал аялдарга бооруңуз ооруп, капаландыңызбы, же башка да сезимдер болдубу?

Тасманын жарнагы

Тасманын жарнагы

Мириям Леузе: Мен бул тасманы жети жыл бою тарттым, 2007-жылы баштагам. Кичинекей камерамды көтөрүп алып, Барскоон, Чоң-Жаргылчак жана башка айылдарга далай жолу каттадым. Даректүү тасма тартуу оңой эмес. Демөөрчү табылбай, төрт-беш жыл жалаң өзүмдүн акчама тартып, ишимди уланта бердим. Каражат тасмага керектүү видеолордун баары тартылып бүткөндө гана табылды. 120 сааттык видео тартылган экен. Алардын баарын көрүп, анализдеп, талкуулап, монтаждап даярдап бүткөнгө дагы эки жылдай убакыт кетти. Өзүмдүн каармандарыма боорум оорудубу деп сурадыңыз. Албетте, кээ бир учурларда “эмне үчүн дүйнө ушунчалык адилетсиз? Кээ бир өлкөлөрдө аялдар билим алуу, медициналык камсыздоо жана башка маселелерде толук камкордукка алынган. Анан кыргыз айылындагы аялдардын жашоосу неге ушунчалык оор?” деп ойлоп, капаланган кездерим болду. Бирок дал ушул тасмамдагы каармандарыма суктанган учурларым көп болду. Негизги сезим – суктануу, сыймыктануу болду. Анткени кыргыз аялдары жашоодогу толгон-токой көйгөйлөрдү жеңгенди билишет. Мен алардан көп нерсени үйрөндүм – кыйынчылыктарга каршы күрөшкөндү, эркиң күчтүү болсо аягында сөзсүз бир жакшылык, жеңиш күтүп турганына ишенгенди үйрөндүм.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG