Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Кыргызстанда ыйгарым укуктары бүткөн соттордун эсеби жыл этегине чейин 80ге жетери күтүлүп жатат. Бул өз кезегинде соттук териштирүүлөрдүн кечигишин, сапаттык деңгээлдин начарлашын шарттайт.

Ушундай көз карашты тутунган адистер азыр сот мыйзамдарына байланышкан кызыкчылыктардын карама-каршылыгын жоюуга баарынан көп кызыкдар болуп турушат. Буларды ишке ашыра турган мыйзамдар болсо парламент менен президенттин колунан чыга элек.

Республика боюнча райондук, шаардык, облустук, аскер жана Жогорку Сотту кошкондо жалпысынан 436 сот бар. Алардын 33үнүн ыйгарым укуктары бүткөн. Декабрь айында дагы 40тан ашуун судьянын мөөнөтү бүтөт.

Сот департаментинин директорунун орун басары Жылдызбек Кудаяровдун айтымында, бул сот иштерин кароодо кедергисин тийгизет.

- Бул абдан эле чоң сандагы соттор иштебей калат деген маселе. Мисалы, Биринчи май райондук сотунда 15 судья иштейт. Алардын бешөөсүнүн мөөнөтү бүтүп атат. Бул борбордук район. Шайлоо жана башка маселелер боюнча иштер ушул сотто каралат, санкциялардын баары ошол жерде болот. Ошондуктан кадимкидей ишке кедергисин тийгизет, аксайт. Ал эми Нарын облустук сотунда он сот бар болсо, алардын экөөнүн учурда ыйгарым укуктары бүткөн. Декабрдан тартып төртөөнүкү бүтөт. Анан төрт сот калат, аларга бардык жүктү көтөрүп иштөө кыйын.

Жаңы Конституцияга ылайык, судьялар Сотторду тандоо кеңеши аркылуу тандалат. Кеңеш болсо мыйзамдардагы алешемдиктерге байланыштуу деген негиз менен ара жолдо турат.

Сотторду тандоого байланышкан талаш-тартыш жайдан бери уланып, аягына жете элек. Талаш-тартышты жөнгө салуу үчүн сотторго тиешелүү беш мыйзамды Конституцияга ылайыктоо максатында президенттин алдында депутат Өмүрбек Текебаевдин жетегинде түзүлгөн жумушчу топ да сот реформаны ыкчамдатууга шаасы жеткен жери жок.
Жарандык, экономикалык иштер өз убагында чечилбей жатат. Кылмыш иштери болсо абдан коркунучтуу, антени адамдар камакта отурбайбы.

Бул топ иштеп чыгып, сессияда кабыл алынып, президентке жолдонгон мыйзамдарга эми вето коюшу ыктымал. Буга чейин мындай сунуш менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү кайрылышкан. 27-октябрда Жогорку Кеңеш өзү да вето коюу демилгесин көтөрдү.

Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Жаңы кабыл алынган мыйзамдардын иичнде дагы деле чийки, карама-каршы болуп калган желери бар экен. Эгер азыр президент ушул бойдон кол койсо, эртең дагы жаңы жаңжалдарды туудура турган маселе болууда. Ошондуктан Жогорку Кеңеш кечээки сессиясында муну мойнуна алып, Өмүрбек Текебаев өзү сүйлөп, "бул мыйзам мен жокто кабыл алынып калыптыр" деп, так көрсөтүп берди. "Президент каршы пикир менен кайтарып берсин, биз каршы жерлерин оңдоп кайрып берели, оңдолгон мыйзамды ишке киргизели" дешти. Мен ошонун негизинде президентке тиешелүү документ даярдап атам.

Ошентип сотторду тандоону кепилдей турган мыйзам качан ишке кирери бейдарек. Жумушчу топтун жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев эгер президент бул ирет мыйзамдарга вето койсо, сот реформасы февраль-март айларына чейин башталбай, создугарын “Азаттыкка” билдирген болчу.

Бул аралыкта сот тармагынын иши аксап жаткандыгын адистер байма-бай айтып келатышат. Жогорку Соттун судьясы Айжамал Ажибраимованын айтымында, ыйгарым укуктары бүткөн соттордун орундарынын бош калышы соттук териштирүүлөрдү аксатып жатат:

- Калган соттор аз болуп, иштер өз убагында каралбай жатат. Бүгүнкү күндө Жогорку Сотто бүгүн түшкөн иштер февраль айына коюлуп атат. Мыйзам боюнча эки айдын ичинде биз чечип коюшубуз керек. Бул жерде эки мөөнөттүн убактысы өтүп жатат. Анткени соттордун иши көп, жетишпейт. Жарандык, экономикалык иштер өз убагында чечилбей жатат. Кылмыш иштери болсо абдан коркунучтуу, антени адамдар камакта отурбайбы.

Ошол эле мезгилде сот адилеттигин орнотууга кепил болот деген Сотторду тандоо кеңешинин ишине парламенттен да, президенттен да басым болуп жаткандыгы тууралуу пикирлер тараган.

Коомдук тандоо институту өңдүү жарандык уюмдар Сотторду тандоо кеңеши парламенттен да, президенттен да көз карандысыз болуп, коомчулуктун көзөмөлүндө турушун жактоодо жана мыйзамга ушундай өзгөрүү киришине кызыкдар болууда.
XS
SM
MD
LG