Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Гезиттер адаттагыдай эле бул ирет да шайлоо жүрүшүн үгүттөөгө алган материалдарга басым жасады.

“Айат” гезити шайлоого карата макалалардын тобун жарыя кылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаеванын, Өмүрбек Бакировдун жанан Кожобек Рыспаевдин маектери жарык көрдү.

Коомдук ишмер, мурдагы депутаттардын бири Муратбек Мукашев “Айаттын”:

-Шайлоодон кийин өлкөдө саясый кырдаал кандай болот деп ойлойсуз?-деген суроосуна:

- Кандай болоруна көз ачыктык кылуудан алысмын. Эгер шайлоо таза өтпөй, утулган тарап ызасы менен кандайдыр бир кадамдарды жасай турган болсо кырдаал курчуп, мамлекетте ар кандай жагдай болушу ыктымал. Ал эми кечээ Акаев менен Бакиевдин экс-президенттик статусун алып салганы туура эле болду. Экөө тең кылмышкер болсо кантип албай коймок эле? –деп жооп берди.

“Учур” гезити журналист Сабыр Муканбетовдун “Эки дөө кармашса ортодон кара чымын кырылат” деген макаласын тартуу кылды. Автор акыркы убакта айрыкча сот реформасынын жүрүшүнө нааразы болгон укук коргоочулар, бейөкмөттүк уюмдар, соттордон азап тарткандар, ошондой эле 7-апрелдин эпкининен чыгалбай жүргөндөр сот адилеттүүлүгүн оронтууну чындап эле каалап жатканын, алардын мындай талаптары жалпы журттун колдоосуна ээ экендигин, эми Жалал-Абаддан жол тоскондорго көлдүктөр кошулуп, чоң акция өткөрүү планы айтылып, эки ортодо парламентти таркатабыз деген ураандар угула калып жатканын жазды.

“Айгай пресс” гезити президенттикке талапкерлердин үгүт макалаларынан сырткары журналист Жолдошбек Токоевдин “Кудаяр хан” атуу макаласын окурмандарга тартуулады. Талапкерлер жолугушууларында “мыйзамдуулукту орнотом”, “коорупцияны жоём”, “реформа жасайм” деген 20 жылдан бери келаткан ашмалтай убадаларды берип жатканын, эл бул айтылгандарга эбак тоюп бүткөнүн сындаган автор макаласынын аягында: “...өзүбүздү өзүбүз “баатыр элбиз”, “акылман элбиз” деп сооротуп, согушта жеңилген немистердин эски машинесин айдаганга көкүрөк керип, деградацияланып, тукум курут болуу коркунучунда турабыз, эртең болсо бир туугандарынан, баласынан так талашкан, ичип алганда: “кырам, жоём!” деп оолуккандан башкага акылы жетпеген, Кудаяр хан сыяктуу, прогрессчил идеясы жок, акыл-эси тайкы, тек мансапка оолуккандардын бирөөсү тактыга келе жатат окшоп калды” деп жазды.

Ногойбай Султановдун “Туйгуналы сүттөн акпы?” деген макаласы, ушул эле автордун “Ташиевди реваншист дегендерге таң калам” деген ат менен депутат Садыр Жапаровдон алган маеги жарык көрдү.

Ушул эле “Айгай пресс” гезити “Манас Журт Биримдиги-кыймылынын коомдук Эске салуусу жана Талабы” деген аталыштагы кайрылуу катын президент Роза Отунбаевага жолдоду.

“Асман преss” гезити жакында Жогорку Кеңештин жумушчу тобу тарабынан партиялардын тартиби жана аларды финансылоо маселеси боюнча тегерек үстөл өткөнүн эсе салуу менен айрым жарандардын бул боюнча пикирин укту.

Токтайым Үмөталиева: - Мен жөө калсам да чындыкты айтам. Партиялардын жетекчилери ондогон Жиптерди кайдан алып жатканын жакшы билебиз. Биз Кыргызстанды уратууга алып келаткандарды финансылап жатабыз. Ойлонгула” Токтоткула!-деп,

Равшан Жээнбеков: - Эгер жаркын келечекти жана саясый системалуу өлкөнү, улутту түзгүбүз келсе партияларды өзүбүз финансылашыбыз керек. Бирок биздин шартта бул маселе өтө эле көйгөйлүү, - деп,

Токтогул Какчекеев: - Депутттардын маянасы мугалимдер менен врачтардыкынан ашык болбоосу керек. Мен партияларды финасылоо маселесин колдобойм, - деп жооп берди.

”Пресс Kg” гезити саясат иликтөөчү Орозбек Молдалиев менен маек куруп, айрым суроолорго жооп алды.

Грузия менен Монголиядагы парламенттик башкаруу ал өлкөлөрдө коррупциянын токтошуна, инвесторлордун чакыртуусуз келишине шарт түзө баштаганын, демек Кыргызстан тандап алган парламенттик башкаруу жолу да түпкүлүгү эң туура жол экенин ишенимдүү фактылар менен баяндаган Орозбек Молдалиев шайлоо алдындагы абалга токтолуп, айрым талапкерлер президенттик башкарууну алып келебиз деп жатканын, анткени алардын артында президенттик башкарууну алып келесиңер деп акча бергендер турганын, азыр күрөш президенттик башкарууну колдогондор менен парламенттик башкарууну колдогондордун ортосунда эмес, Бакиевдин режимин кайра алып келгиси келгендер менен ал режимде жашагысы келбегендердин ортосунда жүрүп жатканын, ал эми бакиевчилер такка өз кишисин олтургузуу менен ал аркылуу калган-каткан байлыгын чыгарып кетүүнү көздөп атканын айтты.

“Де-факто” гезити саясат иликтөөчү Табылды Акеровдун “Мадумаров Бакиевдин ордун басам деген ойго жетеленген” деген маегин, “Өлкөнүн прогрессивдүү күчтөрү Алмазбек Атамбаевди колдошот” деген ат менен Атамбаевдин үгүт материалын, Кубатбек Байболовдун “Патриоттук жөнүндө” баянын жана башка макалаларды басуу менен “Бакиевдер “саясый качкын” макамын алышты. Эми сотто да акталабы?” деген суроо менен айрым жарандардын ойлоруна орун берди.

Мирослав Ниязов: - Биринчиден, Бакиевдерди алып келмейинче 7-апрелдеги сот иштери боюнча объективдүү жыйынтык чыкпайт. Экинчиден, бул бийлик аларды алып келгенге кызыккан жок. Эрки дагы, профессионалдык деңгээли да жетпейт, эгер алып келгенге чындап эле ниети болгондо кандай жол менен болсо дагы алып келмек, - деп,

Депутат Данияр Тербишалиев: - Эртеби-кечпи Белорусияда бийлик алмашат. Ошондо Бакиевди алып келип жоопко тартса болот. Ал эми биздин соттор ошол эле Бакиевдин жакын адмы болгон Игорь Чудиновду актап койду. Бул да болсо сотторго абсолюттук бийлик бергендиктин кесепети. Ошон үчүн сот системасын реформалоо керек деп чырылдап келатабыз, - деп,

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова: - Акыйкаттыкты эл соттошуп табалбай жатат. Алдыга реалдуу жылыш болмоюнча эл аралык институттар Бакиевдерди кайтарып бериши күмөн. Бүгүнкү сотторду ким алып келген? Сотторду Акаев менен Бакиев алып келген. Ал системаны тазаламайын коомдо башаламандыктар боло берет. Коррупциянын тамыры кыркылмайын биз алга жыла албайбыз. Эл аралык коомчулук мунун баарын көрүп турат. Ошондуктан бизге ишеним артпайт, - деп жооп берди.

Аталган гезит “Сабира Күмүшалиева менен Муратбек Рыскуловдун биз билбеген турмушунан” деген баянды, “Учкун” ачык акционердик коомунун деректири Кубат Болоткановдун Түгөлбай Казаковдун өнөрүнө арналган “Төгөрөгү төп жорго” аттуу макаласын, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун Түгөлбай тууралуу сандан санга жарыялануучу “Ал бир шумкар сабалаган” аттуу кызыктуу баянын басты.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Накен Касиевдин “Соттун адилет чечимин күтөм” деген маеги да ушул санда.
XS
SM
MD
LG