Жаап-өткөн чаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоо жолдорунда 24-февралга чейин кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдорго кар күрткүсү топтолот, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
22-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Күндүн табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз +3...+8,
Талас жергесинде түнкүсүн -10...-15, күндүз +2...+7,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -5...-10, күндүз +3...+8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндуз 0...+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -7...-12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -31...-36, күндүз -8...-13 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -6…-8, күндүз + 6…+8 градус жылуу.