Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Жылдын жаңырышы менен Кыргызстанда муфтийат кызматкерлери, казы-имамдар сынактан өтө баштады. Элүүдөн ашуун имам кызматтан бошотулду. Бул Дин башкармалыгындагы реформанын алгачкы кадамы катары коомчулукка жарыяланды.

Өткөн жылдын жайындагы Ош коогалаңы, ага удаалаш жардыруулар мечиттерге көлөкө түшүрүп, ал тургай момун мусулмандар сыйына турган ыйык жайлар коррупция, диний түркөйлүк менен экстремизмге тамырлаш дегенге чейин ар кыл айыптоолор айтылууда.

Түштүктөгү жаңжал маалында көпчүлүк мечиттер мусулмандарды ынтымак-ырашкерликке чакырса, алардын азганактай өкүлдөрү жаатташкан тараптарды бири-бирине тукуруп турган деген доолор да ачыкка чыга баштады.

Оштун Алай мечитине ондогон адам бешим намазга келишет. Өткөн жайдагы жаңжалга чейин бул мечитте шаарда жашаган өзбек-кыргызы дебей, же болбосо жөн эле жолу түшүп калган сапардагы момун мусулмандар келип намазга жыгылчу.

Бул күндөрү белгилүү себептерден улам өзбек тектүүлөр жана башка шаардыктар өз үй, өлөң төшөгүн убактылуу таштап кеткендиктен, эми мечитке келгендердин да саны кыйла аз.

50 жаштагы өзбек тектүү Бахадыр Тажибаев жергиликтүү карапайым тургундар (алардын ичинде өзбектер) кендирди кескен жокчулуктун айынан Кыргызстандан кетип жаткандыгын айтып, бирок мусулман жамааты былтыр улуттар аралык кагылышууга бүт бойдон аралашып кетпегендигин баса белгилейт:

- Мусулмандар эч качан бири-бири менен жоолашкан эмес. Ал тургай жаңжал маалында да исламды түшүнгөн мусулмандар бирге турдук.

Ал өлкөнүн экономикасы ирденсе эле сыртка кеткендер кайра кайтып, дал ушул мечитте намазга жыгылып, бейкут жашоого чогуу бет алат деген ишенимде экенин "Азаттыкка" айтты.

Кыргызстандын жалпы калкынын 85 пайызын мусулмандар түзөт, андыктан түштүктө былтыр июнда болгон кандуу жаңжалдан кийин мечиттер кыргыз-өзбекти кайра элдештирип, ынтымакка чакыра турган жай болот деген ишенимди аркалагандар арбын.

Жергиликтүү диниятчылар жума намазга жыйылган эки улуттун өкүлдөрүн бирдей ырыс алды ынтымакка чакырып, мындан аркы бирге жана бейпил жашоонун зарылдыгы тууралуу кеп-кеңешин мечиттерде байма-бай айтып келди.

Бирок ошол эле учурда айрым мечиттер экстремисттик топтордун жайына айланып, июндагы жаңжал маалында ошондой топтор да баш көтөргөнү тууралуу шектенүүлөр айтылууда.

Былтыркы жайдагы кандуу окуялардын илеби сууй электе, Бишкекте жана Ошто орун алган жардыруулардын бардыгы тең диний экстремисттердин колунан келгендиги тууралуу жоромолун кыргыз бийлиги расмий билдирди.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов "Азаттыкка" курган маегинде кээ бир мечиттер түштүктөгү окуялар маалында бейкүнөө элди канга бойоп, отко салган топтор үчүн кайсы бир деңгээлде багыттоочу ролду ойноду деген пикирин билдирди:
Марат Иманкулов, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчи орун басары, 2010-жылдын октябры


- Жаңжалдын биринчи күндөрү өзбек тегиндеги жаш уландар көп катышканын мен билем. Анткени өзбек жаштары салыштырмалуу динге көп тартылган, мечиттерге барышат. Ал эми экстремисттик топтор аларды мечиттердин айланасынан кармап алар менен таанышат. Андан кийин Исламдын негиздерин, Куранды дагы терең үйрөтөбүз деген шылтоо менен көбүнчө кечинде аларга экстремисттик идеяларды тамакка туз-мурч сепкендей кошуп окутушат. Мына ушундай жол менен көптөр экстремисттик жолго түшүп кетет.

Айрым башка адистер дагы Иманкулов мырза айткандай "Хизб-ут Тахрир", Өзбекстандын Ислам кыймылы, "Ислам Жихады" сыяктуу арасында белгилүүсү да, анча кеңири белгисизи да болгон жана тамыры Ооганстан менен Пакистандагы радикалдык "исламчы" жоочулардын топторуна барып такалат деп шектелген уюмдарды Кыргызстандын коопсуздугунун чоң коркунучу катары баалашууда.

Муфтийаттагы реформа темирдей тартипти көздөйбү?

Чөлкөмдөгү демократиялык жетишкендиктердин үлгүсү катары саналган Кыргызстан эми өз аймагында Исламдын таасирин кайрадан таразалап, дин кызматкерлерин бир сыйра сыдыргыдан өткөрүп, мечит-медреселерди Муфтийаттын катуу көзөмөлүнө алуу багытындагы иш-чараларды жүргүзүүдө. Муфтийаттын бул реформасын ар ким ар кандай баалоодо.

Мусулман калкы басымдуулук кылган башка да пост-советтик өлкөлөрдөгү дин башкармалыгында жүргүзүлгөн бул сыяктуу реформалар авторитардык режимдердин Исламды мамлекеттик бийликтин "куралына" айлантуу аракети катары сыпатталып келген.

Бишкектеги "Дин, Мыйзам жана Саясат" борборунун директору Кадыр Маликов Кыргызстан Муфтийатындагы реформа өлкөдөгү демократиялык эрежелерди бузбайт деп санайт. Анын оюнча, бул кадамдар экстремизм сыяктуу коркунучтардын алдын алуу аракети катары ишке ашып жатат:

Кадыр Маликов Бишкектеги "Дин, Саясат жана Укук" борборунун директору
- Мечиттерге билимсиз, диний билими жок, же экстремисттик топтор менен байланышы бар делген имамдар жетекчилик кылган учурлар арбын кездешет. Азыр болсо муфтийат имамдарды кайра дайындоо милдетин өзүнө алып, ал үчүн атайын курс уюштуруп, экзамен алып, алардын кесипкөйлүк деңгээли менен билимин, жүрүм-турумун баарын кайра сынактан өткөрөт.

Дин башкармалыгындагы реформа ошол эле учурда түрдүү кайчы пикирлерди да жаратпай койгон жок.

Реформа мына башталат деп күтүлүп жаткан кезде, өткөн жылдын декабрь айында, Ошто 5 имам кызматтан алынып, алардын бардыгы тең өзбек тектүүлөр болуп чыкты. "Балким буга июндагы жаңжалдын дүрт жанышына айрым өзбек райондорунда жайгашкан мечиттердин имамдарынын тийешеси бар болчу" деген доомат дагы себеп болгондур, деп жоромол кылгандар да бар.

Ал эми алиги мечиттердин өкүлдөрү өздөрүнө карата айтылган дооматтарды четке кагып келишет.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG