Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Григуле: Кыргызстан Евробиримдиктин колдоосун сезет деп ишенебиз


Чыныбай Турсунбеков жана Европарламент өкүлдөрү
Чыныбай Турсунбеков жана Европарламент өкүлдөрү

Европарламент Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Европа парламентинин делегациясынын төрайымы Ивета Григуле билдирди.

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушуу учурунда Григуле:

- Кыргызстан Европа Биримдигинин колдоосун сезет деп ишенебиз. Парламенттер аралык өнөктөштүк – кызматташуу багытын кеңейтүүдөгү дагы бир мүмкүнчүлүк.

Турсунбеков Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) 2014-жылы Кыргызстан жетишкен “Демократия боюнча өнкөктөш” макамын узартат деп үмүт артарын белгиледи.

Европарламенттин беш депутаты үч күндүк сапар менен 20-февралда Бишкекке келишти. Алар эки тараптуу кызматташтыкка арналган парламенттер аралык жыйынга катышат. Андан тышкары спикер Чыныбай Турсунбеков, тышкы иштер, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо министрлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Европарламенттин депутаттары Улуттук университетке барып, Европа биримдиги каржылаган Erasmus программасы менен таанышып, студенттер менен сүйлөшүшөт. Делегация курамында беш киши бар. (SE)

XS
SM
MD
LG