Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Кыргызстанда балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү сунушталууда. Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө мунапыс бербөө, алардын жаза өтөө мөөнөтүн узартуу жагы каралган.

Ойдо жок жерден кырсык басып, киши колдуу болгон 6-класстагы Аянанын апасы Асира Касымбекова дагы эле кызынын өлүмүн кабыл ала албай келет.

Чырактай кыздын чымын жаны калса эмне...

Каракөл шаарындагы №2 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектепте окуган Аянанын жансыз денеси 25-сентябрь күнү “Энергетика” паркында табылган. Каргаша тооруган күнү окуучу кыз мектептеги комуз ийриминен чыгып, үйгө кайтып келе жатканда кол салууга дуушар болгон.

- Парк үйүбүзгө жакын. Аны аралап, 15 мүнөттө эле музыкалык мектепке барчу. Кээде өзүм жеткирип келчүмүн. Чоңоюп калгандан кийин бир-эки жолу жалгыз барып-келген эле. Мындай болору кимдин оюна келиптир. Кызыма кол салган киши мурда бир топ жолу соттолуп, жиндиканада да жаткан экен, анан эмнеге аны эркиндикке чыгарышканын билбейм. Кызымдын колундагы телефонду көрүп ою бузулганбы айтор, дароо эле өлтүрүп коюптур. Сөйкөсүн алсын, телефонун алсын бирок тирүү калтырса болот эле да.

Кылмышка шектүү 35 жаштагы адам кыздын алтын сөйкөсүн чечип алып, аны шаардагы күрөөканалардын бирине 600 сомго өткөрүп, уюлдук телефонун ашканага 400 сомго сатып, тамак ичкенин шаардык милиция аныктаган. Бирок ага карабай, кармалган жарандын кылмышын моюнуна албай, жазадан кутулуп кетүүгө аракет жасаганы Асира Касымбекованын жанын кейитет. Күйүткө муунган эне эми сот аны кайра эркиндикке чыккыс кылып жазаласа деп тилегенден башка аргасы жогун айтып, сыздап отурат.

- Азыркы убакка чейин өзүмө келе албай жүрөм. Күн сайын кызым көз алдымда. Аябай таланттуу эле. Жаш балдарга кордук көрсөткөндөр өлүм жазасына тартылса деп суранат элем. Азыр сот эмне деп чечет билбейм. Кызымды өлтүргөн немени жинди дешкени менен баарын акыл-эс менен кылып жатпайбы.Тоногон оокаттарын сатып, акча кылып алган. Түрмөдөн-түрмөгө жатып жүрүп, баарын жаттап, өзү юрист болуп калгандай. Күнөөсүн моюнуна албай жатат.

Аянанын өлүмүнө байланыштуу иш ушул тапта тергелип бүтүп, Каракөл шаардык сотуна өткөрүлдү.

Кыргызстанда Аяна өңдүү капыстан кылмышкердин курмандыгына айланган, атүгүл эң жакын адамдары тарабынан зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны өсүп жатканын укук коргоочулар айтып келишет.

Депутаттардын жаңы демилгеси

Бул күндөрү балдарга карата кылмыштын алдын алуу, азайтуу максатында парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, балдардын өмүрүн алган же зомбулук көрсөткөн адамдар эч убакта мунапыска илинбегидей болушу зарыл.

- Эң негизгиси, ошол жашы жете элек балдарга карата ким кылмыш кылса, ал мунапыска илинбеши керек. Мисалы, жети жылга кесилдиби, демек жети жыл отурат . Азыр болсо чоң кылмыш кылгандар мунапыс менен эки-үч жылда эле чыгып кетүүдө. Ал эми жеңилдери сот бүткүчө эле чыгып кетип, дээрлик отурбайт. Кылмыш кодексине азыр жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр дагы сунушталууда. Оор кылмыш кылгандарга жаза аткаруу мөөнөтү узартылат.

“Балдар укугун коргоо” борборунун адиси Таалай Жакыпов азыр коомчулукка үрөй учурган зомбулуктар, коркунучтуу фактылар айтылып, угула калганы менен анын арты эмне болгону, азыркы мыйзамдар менен дагы ким кандай жаза алганы же албай калганы белгисиз бойдон калууда. Анын пикиринде, эгер ушул маалыматтар коомчулукка ачык жарыяланып турса, кылмышкерлерди бир аз сестентмек.

- Жазаны күчөткөн бир жагы. Бирок экинчи жагы - ким жазасын канчалык тартып жатат. Мисалы, запкы көргөн кичинекей бала туурасында баарыбыз айтып жаттык. Бирок ал балага зомбулук кылган адам эмне жаза алганы тууралуу маалымат жок.

Укук коргоочу бүгүнкү күндө балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп, өлтүрүп коюуга чейин баргандар арасында бейтааныш кылмышкер гана эмес, балага эң жакын адамдар, керек болсо ата-эне да болуп калган учурларды белгилейт. Таалай Жакыпов бул учурда зомбулук жасаган адамды жоопко тартуу маселеси татаалдап, “тосмо арыз жазып берүү” деген жобо мыйзамды тебелеп өтүп, кылмышкерди жазасыз калтырган учурлар кездешерин белгилейт. Мыйзам демилгечилери ушул жагдайды да эске алышы керектигин айтты:

- Балага карата өзгөчө жыныстык жактан зомбулук болгон учурда эч кандай тосмо арыз болбошу керек. Бирок ага карабай эле бул көрүнүш бар. Анан арызданып жаткан кишилер да бир аз сабатсыз болуп, кайда барып, эмне кыларын билбей, убакыт созулуп кетип жатат. Кылмыш беш-алты айдан кийин араң билинип жатат. Ыкчам чараларды көргүдөй механизмдер керек. Мыйзамда ушул жагдайларга маани берилсе жакшы болмок.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда быйыл 18 жашка чыга элек балдарга карата 755 кылмыш иши катталып, анын 570и сотко ɵткөн.

Укук коргоо органдары соңку жылдары өзгөчө балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү жасалган кылмыштар өзгөчө өскөнүн белгилешет. 2011-жылы мындай 83 факт катталса, 2014-жылы 140ка жеткен. Ал эми быйылкы жылдын биринчи жарымында эле 54 сексуалдык кылмыш катталган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG