Жаңы акыйкатчы ишке киришти
Кыргызстандын жаңы шайланган акыйкатчысы Бакыт Аманбаев бүгүн расмий түрдө ишке киришти. Акыйкатчынын иш бөлмөсүн мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ээлеп отургандыктан Бакыт Аманбаев башка бөлмөгө киргизилди. Акун Аманбаевди тааныштыруу жыйынына катышып, ага ийгилик каалады. Батукаев боюнча күнөөлүүлөр толук жазаланмайынча ошол жерде отура берээрин кошумчалады. (Заирбек Бактыбаев)