Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:28

24-март жана 7-апрел: Түрдүү жооптор жана ар кыл пикирлер


Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы ири нааразылык жыйыны. Ыңкылап күнү. Бишкектеги Ак Үйдүн жаны. 2010-жылдын 7-апрели. "Азаттыктын" архиви.

Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы ири нааразылык жыйыны. Ыңкылап күнү. Бишкектеги Ак Үйдүн жаны. 2010-жылдын 7-апрели. "Азаттыктын" архиви.

"Азаттык" үналгысынын “Арай көз чарай” талкуусу "24-март жана 7-апрель окуялары ыңкылап болгонбу, же төңкөрүш болгонбу?" деген темага арналды.

Талкууга катышкандар:

Абдыжапар Аккулов -
Ош мамлекеттик университетинин доценти, география илимдеринин кандидаты,
Дүйшөнкул Чотонов - “Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары
Эркингүл Иманкожоева - жарандык коом активисти, укук коргоочу

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптарды майрамдоо.


С.Жумагулов:
24-март күн Жогорку Кеңеш бекиткен майрам күн, ушул күнү сиздер колуңуздарга Кыргызстандын желегин көтөрүп алып, бала-чакаңыздар менен борбордук майдандарга чыгып белгилейсиздерби?

Д.Чотонов: Мен белгилеген эмесмин, белгилебейм дагы, мунун себептери бар.

Сиз “төңкөрүшпү, революциябы” деп айтып атасыз. Эки тарыхый окуяны тең жөнөкөй элдин башкаруучу системага каршы көтөрүлүшү катары баалайм. Аны революция, же төңкөрүш деп так аташ үчүн алардын жыйынтыктары менен баалоо керек.

Ал кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин көрүнөт, ага биз эмес, бизден кийинкилер баа бериш керек. Ошон үчүн 24-мартты кызыл дата кылып, мыйзам аркылуу мыйзамдаштырып жарыялаганга биз каршы чыкканбыз. Биз 24-мартты майрам деп атоого каршыбыз.

Ошондой эле 7-апрелди да кызыл дата кылып майрамдоого жеке мен каршымын. Бул күндү биз өткөнгө сереп салып, андан сабак алып, алардын жыйынтыктарын анализдешибиз керек, кийин убакыт болгондо буга эл өзү баа берет.

С.Жумагулов: Эркингүл айым, сиз 24-мартты кайда өткөрөсүз, ушул күндү кандай сезимде тосуп аласыз?

Э.Иманкожоева: 24-мартты майрам деп деле эсептебейм. А.Акаев кулагандан кийин абдан жакшы өзгөрүүлөр болот деп эл күткөн. Бирок ал тилек орундалбай, кийинки бийлик элдин шайын аябай оодарды.

Ал эми 7-апрелде болсо дагы эле Бакиевдин режимине каршы эл көтөрүлүшкө чыкты деп ойлойм. Эл ушунчалык кыйналганда, укугу бузулганда, жер сатылганда, айласыз тажаганынан 87 баланын каны төгүлүп революция болду.

Эркингүл Иманкожоева
С.Жумагулов: Сиз 24-мартты да, 7-апрелди да элдик көтөрүлүш болгон деп эсептейсизби? Эки күнү тең майрамдабайсызбы?

Э.Иманкожоева: 7-апрелди кызыл дата кылып койсо деп ойлойм. Анткени 87 бала баатыр болду, бекер кан төгүлгөн жок. Ошон үчүн мен 7-апрелди элдик көтөрүлүш катары майрамдап койсо болот деп ойлойм.

С.Жумагулов: Абдыжапар мырза, Ошто 24-март белгиленеби, сизде ушул күнү майрамдык сезим болобу?

А.Аккулов: Ошто 24-март белгиленбей турганы бардыгына эле маалым. Эки революция болду дегендерге мен кошула албайм. Себеби дүйнөлүк тарыхты карай турган болсок, революциянын өзүнүн эрежелери, же жоболору мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү болуш керек эле.

Ага чейинки 2005-жылдагы окуяны революция деп айтып жүрүшөт, ал бийликтин төңкөрүшү эле болгон. Ага салыштырмалуу 7-апрелде эки эсе төңкөрүш эле болду деп айтканга мен толук негиз бар деп эсептейм. Ошондуктан бул күндөрдү революциянын жеңиши деп белгилегенге эч негиз жок.

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптар: термин талашы.

Абдыжапар мырза, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны төңкөрүш деп кайсы жүйөгө таянып айтып атасыз?

А.Аккулов: Өзүңүздөргө маалым болсо, 2005-жылдагы элдин көтөрүлүштө Аксы, Боспиекти эске ала турган болсок, бул элдин нааразычылыгы бийликти башкаруудагы үй-бүлөлүк, кландык формага каршы болгон. Андан кийинки Бакиевдин беш жылдыгы деле мурунку бийликтен ашса ашып, кемиген жок. Бирок биз бийлик алмашуунун цивилизациялык жолдоруна барган жокпуз.

2005-жылды элдик төңкөрүш деп айттык. Элдик төңкөрүшкө жер-жерлерде жети дубан бардыгы эле бирдей көтөрүлгөн. Бишкекте борбордук аянтка Ак үйдүн жанына чогулган эл бүт аймактардан келгени белгилүү.

Эми өз көзүм менен күбө болгон нерсени айтайын. 7-апрелде саат ондордо мен Ак үйдүн алдында болуп, анан Ошко жол тартканбыз. Ыңкылаптын эч кандай илеби сезилген эмес. Кийин гана бардыгыбызга маалым болгондой, Таластагы окуялар башталып кетип, анан “Форумдун” алдында алдын ала даярдалган күчтөр, ары-бери өткөн массалар кошулуп эле чукул бийликтин алмашуусуна алып келди.

Г.Ашакеева: Демек 24-март бул – ыңкылап, ал эми 7-апрелде бир чакан топ бийликти басып алды деп айтасызбы?

Абдыжапар Аккулов
А.Аккулов:
Мен ушундай деп ойлойм. Өткөн жылы биз көргөндө 21-март күнү Ноорузда мурдагы президент К.Бакиев Ошто жүрөт, анын артынан чуулган чыгаруу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес. Болбосо жер-жерде революциялык комитеттер, башка кыймылдар ыңкылаптын идеяларын башташ керек болчу да.

Айталы, сөздүн ачыгы, 7-апрелде түштүк аймакта бардыгы тынч болуп турду, бирөө көчөгө чыгып "апрель революциясы" башталды деген жок. Кийин эсине келгенде жер-жерлердеги убактысын күтүп жаткан айрым саясий күчтөр башын көтөрдү. Аны биз өз көзүбүз менен көрдүк.

С.Жумагулов: Дүйшөнкул мырза, “Бишкектен гана башталып кеткен төңкөрүштү башка күчтөр Ошто пайдаланып кетти” дегендей пикир айтылып кетти. Сиз ушуга кошуласызбы, сиз ошол күндөрү Ошто жүрдүңүз эле?

Д.Чотонов: Биз революция, төңкөрүш, көтөрүлүш деген сөздөргө так маани бербей атабыз. Ошону так түшүнүп алсак. Төңкөрүш деген кичинекей топтун мыйзамдуу бийликти элдин жалпы мүдөсүнө таянбастан өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн басып алуу дегенди түшүндүрөт.

Ал эми революция деген коомдогу тез өзгөрүүлөр болгон чоң секирикти түшүндүрөт. Элдик көтөрүлүш – жалпы элдин кыжырдануусу кайнап чекке жеткенде эл өзү көтөрүлүп чыгып, конституциялык укугунан пайдаланып бийликти алмаштырып, бийликтегилерди кууп чыгуу дегенди түшүндүрөт.

Менимче, болуп аткан эки окуя тең көтөрүлүшкө туура келет. Так айтып коеюн, 7-апрелде мен КГБнын түрмөсүндө отургам, 6-апрель күнү Ошто курултайды баштап аткан жерибизден бизди кармап камаган.

7-апрелде Абдыжапар мырза «эч нерсени көрбөдүм, билбедим, укпадым» дейт. Эми ал тынч сабагын берип укпай жүрө берсе укпайт да. 99 пайыз кыргыздар толугу менен укпай калышы мүмкүн. Бирок ар бир эле коомдо активдүү катмар болот, ошол активисттердин катмары ушундай иштерди жасайт.

Дүйшөнкул Чотонов
Эмне үчүн мен 24-мартты, 7-апрелди көтөрүлүш деп айтып атам?
Себеби бизде чоң өзгөрүүлөр болду.

Абдыжапар мырза туура эмес айтып атат. 2005-жылдагы элдик көтөрүлүштөн кийин К.Бакиев А.Акаевдин үй-бүлөлүк, кландык системасына каршы болсо, андан кийин өздөрү үй-бүлөлүк-криминалдык системага айлантып, абдан чектен ашкан кадамдарга баргандан кийин 2005-жылы элдин ишке ашпай калган ой-мүдөөсү 2010-жылы кайрадан жарылып чыкты.

Ал эми 2010-жылдагы төңкөрүш ишке ашкандан кийин 2005-жылдан айырмаланып – бизде саясий оппозициялык күч өзүнүн даяр программасы менен турган болчу. Биз ошол программабызды Конституция катары Кыргызстанда ишке ашыра алдык.

Албетте абдан чоң окуялар болду, 20 жылдык жаралардын баары жарылды. Ар кандай күтүүсүз каргашалуу окуялар болуп өттү. Биз ошолорго карабастан өзүбүздүн оюбузга жетише алдык. Тарыхты карап көрсөк, мындай нерселер аз жасалат. Бирок биз реформанын биринчи баскычын баштап 27-июнда Конституцияны кабыл алдык. Ошондон бери бизде реформа токтоп турат.

2005- жана 2010-жж. ыңкылаптар жана коом болочогу.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG