Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Айылдын чаң сапырылган көчөсүндө оюн сала жүгүрүп жүргөн кезимде капысынан ары-бери өткөн кишилер тамашага салып, “чоңойгондо ким болосуң?” десе, тартынбастан "Айтматовдой белгилүү жазуучу" деп жооп берчү элем.

Тоо коюнундагы чыт курсактын ал убакта дүйнөнүн төрт бурчунда Айтматов десе кыргызды, кыргыз десе улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду элестетеринен кабары жок болчу.

Окуучулук күндорүм Айтматовдун чыгармалары менен өттү. Кой кайтарганы чыкканда нан менен кошо китепти ала кетип, кырда жатып алып далай окудум. Анткен менен жазуучуну кийин студент болуп, чет элде жүргөндө дагы тереңирээк тааныдым десем болот.

Дүйнө элдери англичандарды Шекспир, орустарды Достоевский жана Толстой аркылуу таанып, алардын маданиятын, жашоо образын ушул жазуучулардын чыгармаларындай элестетсе, кыргыздарды Айтматов, "Жамийла", "Гүлсарат" жана "Кылым карытар бир күн" чыгармалары аркылуу таанышат тура.

Европада Айтматовдун чыгармалары бир канча тилге которулуп, окурмандар арасында кеңири тараган. "Жамийла" повестинен тарта жазуучунун акыркы чыгармасы "Тоолор кулаганда" романына чейинки эмгектерин шаардык же болбосо жогорку окуу жайлардын китепканаларынан оңой эле тапса болот. Илгерки совет заманынан тарта эле залкар жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн төрт тарабына тарап, Айтматов ошол кездеги атак-даңктуу жазуучулардын арасында жогорку даражага ээ болгону жалпыбызга маалым. Француздардын белгилүү жазуучусу Луи Арагон "Жамийла" повестин француз тилине которуп, ага “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” деп бийик баасын бергенин ким эле билбесин.

Германияга магистратурага окуганы келип, университеттин китепканасынын компьютердик базасынан адеп Айтматовдун чыгармаларын карадым. Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары немис тилинде бар экен. Буга өзүмчө кудуңдап, немис тили сабагына кирип барсам, профессор кайсыл өлкөдөн келгенимди сурап калды. "Кыргызстанданмын" десем, дароо эле “улуу жазуучу Айтматовдун өлкөсүнөн болот турбайсыңбы” дегени көңүлүмдү андан бетер көтөрдү. Чындыгында эле, сенин туулуп-өскөн жериңди уруш-талаш, жакырчылык же согуш аркылуу эмес, коомдун каймагы болгон интеллигенция, акын-жазуучулары жана маданияты аркылуу тааныганы көкүрөктө таптакыр башкача сезимдерди калтырат тура!

Окуу жайдан тышкары да көптөгөн немис жарандары менен таанышып, сүйлөшкөндө Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу көп талкуулайбыз. Китептердеги каармандардын атына чейин жатка билип, кызыктуу суроо бергенинен улам немистердин арасында Айтматовдун күйөрмандары көптүгүн билүүгө болот. Жазуучу көзү тирүү кезинде Европанын бир канча өлкөлөрүн кыдырып, окурмандары менен ар кандай иш-чаралардын алкагында жолугуп, суроолоруна жооп берип, ой бөлүшүп турчу экен. Айтматовдун бир канча чыгармаларын немис тилине которгон белгилүү немис котормочусу Фридрих Хитцердин “Айтматовдун китептерин немис окурмандары абдан сүйүп окушчу. Ал өзү окурмандары менен Германияга жолугушууга келип калганында залга эл батпай, отура турган жер калбаганына карабай, көптөрү жерге же терезеге отуруп болсо дагы жолугушууга катышаар эле” деп эскергени бар.

Алакандай калкыбыздын уюткулуу Манастай тарыхы, көрөңгөлүү адабияты жана көөнөрбөс маданияты болгонуна чексиз сыймыктанам. Бүгүнкү өткөөл мезгилде да, ата-бабаларыбыздын көптөгөн кыйынчылыктарды кечирген тарыхын эске алып, каарданган согуш же башка тоскоолдуктарга карабай улут бойдон калып, Айтматовдой уулду жараткан кыргыз калкынын келечеги кең деп терең үмүттөнөм.

Чет өлкөдө, башка улуттун элдери менен таанышып калганымда, “Чыңгыз Айтматов деген жазуучуну билесиңби?” дешсе, “Албетте, атым эле айтып тургандай, мен өзүм да залкар жазуучунун чыгармасынан келип чыккам” деп тамашага чаптырып жооп узатам.

Данияр Матиканов, Гамбург шаары, Германия.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG