Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31
Он жылдан бери Чехияда жашап, кырчындай курагын ушул өлкөдө үй куруу менен өткөрүп келе жаткан кыргыз жараны - өз атын ачык айткысы келбеген Насыпбек Европа жергесине кантип келип, жашап калганы тууралуу айтып берди.


- 2003-жылы ортодо жумуш жок болуп, экинчиден, үй-бүлөлүк проблемалар чыгып, Кыргызстандан бир жакка чыгып келейин деп пландаштырып жүргөм. Анан кокусунан Бишкектеги Агропромдун алдынан Гуля деген фирмасы бар тааныш келинге кезигип калдым. "Эмне кылып атасыз, байке?" - дегенинен бир жакка кетким келип жүргөнүн айттым. “Биздин фирма менен кетсеңиз болот. Чех Республикасында аябай жакшы болуп атат, жаңыдан барганда алгач эки-үч айда 800 доллардан, анан айына 1000 доллардан табасыз. Жатакана, жумуш жагын бүт камсыздайт, тияктан тосуп алышат” дегенинен, айткан 550 долларын төлөп, анан 2003-жылы 25-июнда Бишкектен Прагага учтук.

Мени менен чогуу дагы бир үй-бүлө келди. Таңкы саат алтыда Праганын аба майданынан тосуп алган ингуш улутундагы жаш жигит өзүнө тиешелүү акысын алды да, “Силер барып тургула. Он беш күндөн кийин жумуш табылганда өзүм барып алып кетем”, деп бир адрести жазып берди.

А биз эч нерсени түшүнгөн эмеспиз.“Силер ал жерге барсаңар бирөөлөр тосуп алат” деп ишендирип поездге салып жиберди. Ал Фридрих Мистек деген жер экен. Ал жерден 365-автобуска түшөсүңөр, айдоочулардан Табор деп сурасаңар каерден түшүп калышыңарды айтып берет деген. Ошол жерден баарын билип аласыңар деген.

"Табор" деген бизче айтканда лагерь. Каарманыбыз кокусунан туш болгон жер саясий башпаанек суроочулардын утурумдук жашоочу лагери болчу. Автобуска түшкөндө "ары жагына кеткенде жаман айдоочуга жолугуп, кайра кайтканда жакшы адамга туш келиппиз", дейт Насыпбек.

- Бир убакта автобус акыркы аялдамага жеткенде "түшкүлө" деди айдоочу. Биз түшүнбөй "Табор деген жер ушулбу?" десек айдоочу: “Мен силерди чакырган жокмун. Өзүбүздүкүлөр жетишип атат”, - деп чала орусча, чала чехче кыйкырып автобусунан түшүрүп салды.

Же тил билбейбиз, сумкаларыбыз менен унчукпай түшүп калдык. Эки украин бала чехче билет экен. Алар кыйкырып-өкүрүп урушту. Анан дагы автобус келип калды эле ошого жүгүрдүк. Анын айдоочусу каерге бара турганыбызды сурады. Табор деген жерге барарыбызды айттык. Силер эмнеге бул жакка келдиңер? Буга чейин эле түшүп калышыңар керек болчу деп түшүндүрдү. Биз болгонун айтып берсек “аа, ушундай боло берет, силер кайра артка кетишиңер керек, азыр дагы бир автобус келет. Төрт аялдамадан кийин түшүп каласыңар", - деп жолду түшүндүрдү. Акыры айтылган Табор деген жерге келдик. Тоо жакта салынган эки кабат имараттар экен.

Аялдамадан ал лагерге жеткиче 200 метрдей басуу керек. Тоо таяна жайгашкан ушул жабык жай СССР убагында солдаттар кызмат өтөөчү казарма болгон экен. Жеткенге чейин тааныш украин жигиттерге кайрадан кезигип калышат

- Анан жанагы эки украин бала “Силер дагы азилге баратасыңарбы?” деп сурады. "Э, кокуй азил деген эмне?" дедик биз кайра. Алар каткырып күлүп калышты. "Азил деген саясий баш паанек, силерден интервью алышат. Ошого даяр болуп барышыңар керек", - деп түшүндүрүп беришти.

Эшиктен күзөттөгү полиция тосуп алат. Ким кайдан, качан келгенин, эмне максаттары барын сурашат. Алардын манжаларынын тагын алып, аркы имаратка киргизгенде гана акырында кайда келгенин түшүнүшөт. Бирок алар дале ушунчалык алдамчылыкка ишене албай “эки жумадан кийин алып кетем” деген убада жаңыра берет.

- Ал жерден жанагы мени менен келген Бакыттын аялы бир молдован улутундагы аял менен таанышып калыптыр. Бир убакта эле ыйлап баштады. Тынчылыкпы, эмне болду десем: "Ээ, билесиңби биз кайда туш келгенибизди. Бул жерди "обезьянник" деп койот экен. Эч жакка чыгарбайт экен", - деп көз жашын көлдөттү.

Чын эле бул лагерге киргенден кийин эч жакка чыкканга болбойт. Атайын короонун ичинде топ ойноочу аянт, китепкана, түрдүү кружоктор бар. Үч маал берген тамагын ичип, саясий башпаанек суроого мажбурлаган окуяң чех бийликтерин канчалык деңгээлде ишендире алаарына сарсанаа боло ошол жайда он беш күндөн бир айга дейре күн өткөрөсүң.

- Интервьюдан кийин баарыбызды бөлүп жайгаштырды. Мен болсо Оштон келген бир өзбектер жашаган бөлмөгө туш болупмун. Сураштырып отуруп баарыбыз бир эле фирмага, бир эле адамдардын тобуна алданып келгенибизди билдим. Ошондо катуу бир жиним келди. Ошол лагерден он эки кило арыктадым. Түштөнүүгө чыктык. Тамактанып алып чет жактагы көк чөп жакка барып, чогулуп калдык. Бакыт аялы менен келди, анан дагы эки кыргыз келиндер көздөрүн шишите ыйлап келишти. Алым деген токмоктук жигит да келди. Ошентип жети кыргыз чогулуп калдык. Сүйлөшө келсек баарыбыздын окуябыз окшош. Кыргызстандан тигил жактан тосуп алып, жумуш берет дейт. Жанагы жаш жигит аэропорттон тосуп алып 100 долларын алат да, биякка жиберип ийет экен. Таксиге салчусун таксиге салат. Анан түшүнбөй ал жерге барып киресиң. Башка арга жок. Эгер ошол жерден кетем десең, жараянды токтотот да, кайра алып барып учакка салып ийет экен. Анан бул жакка келгендин баары алды үйүн, машинасын сатып келген да. Кайда барат, айла жок калышат...

Ошол күндөн бери он жылга жакын убакыт өттү. Насыпбек алгач бөлөк эл, бөтөн жерде түрдүү кыйынчылыктарга көп кабылды. Акыры бул элдин тилин үйрөнүп, үрп-адат салт-санаасына көнүп, кадимкидей үйүр алышып калганга турмуш мажбур кылды. Ал бул убакытта эмнелерди гана көргөн жок. Бөтөн жердеги турмуш көп нерсени үйрөттү. Кыргызстанда калем менен гана иштеп келген болсо, Чехияда ылай, бетон аралаштырып, балта, күрөк, ломду колго алды. Жаңы келгенде кыркка чыгалек кыр мурут болсо эми элүүнү багындырганы турат. Насыпбек жакын арада Кыргызстанга барып, биринчи кезекте маалымат борборун ачуу тилеги бар. Сыртка чыгып бараткандарга кеп-кеңешин бергиси келген жердешибизге ак жол тилейли.
  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG