Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

1916-жылдагы элдик-боштондук көтөрүлүшүнүн чыгышына эмне себеп? Элдик көтөрүлүштүн сабактары толук изилденип бүтө элек. Ушул убакытка чейин кандуу окуяга укуктук, саясий жактан баа бериле элек болсо да, капка шибегени ката албагандай тарыхый чындыктар калпып чыга берет окшойбу. Ошол орду толгус коогалаңдан жүз миндеген шейит кеткен кандаштарыбызды эскерүү, арбактарына таазим этүү азыркы, келечек муундун вазыйпасы. Быйыл үркүндүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алдында акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, журт башчы А. Атамбаевдин үркүн жөнүндө кабыл алган чечкиндүү чечими калың элдин колдоосуна татып, мен кыргыз дегендин сөөгүн агартты.

82-жаштагы Карачач Амангулова апанын кайын энеси кадимки Байтик баатырдын байбичеси Апалдын колунан тарбия алып, турмушка узаган Кожоакмат кызы Анатайдын келинине айтып бергендери жүрөктү титиретет. Кожоакмат кызы Анатайдын эскерүүсүндөгү окуялар өзгөчө Чүй өрөөнүндөгү Кара-Балта, Беловодскийде казармада жайгашкан орус падышачылыгынын ак гвардиянын аскер кызматкерлеринин жергиликтүү элге жасаган чектен чыккан зордук-зомбулуктарын, өзүм билемдик ээн баш, ээн чокулугун ачыктаган далилдүү маалыматтар. Бул маалымат буюрса, тарыхый терең изилдөөнүн объектиси болуп калары күмөн туудурбайт. Ошентип Кожоакмат кызы Анатайдын айтып берген окуяларын сунуштайбыз.

Бейкапар баёо балалык

Менин атам Кожоакмат Байтик баатырдын аталаш тууганы. Апам төрөттөн каза болгондо анын абысыны Байтик баатырдын уулу байбичеси Апар кызыл эт мени этек алдынан багып алган экен.

Ошентип «чоң үй- чоң казан» төбөсү көрүнгөн бардар кишинин кызы болуп эч нерседен кем болбой байгерчиликте бой тарттым. Жашым балакатка жеткенде жуучулар түшө баштады. Атагы Алайга, даңкы далайга кеткен Байтик баатыр менен ким кудалашкысы келбесин. Нике кайып экен ошончо кол сурагандардын ичинен тагдырымдын ташы Кара-Балта тарапка Ак торпокко (Кызыл дыйканга) түштү. Ал жердин чоң соодагери Аалыбай байга келин болдум. Менин багыма орус-тузем мектебин бүткөн сабаттуу, ыймандуу күйөө туш келди. Кудай беттин салбасын, кыз каадасы-себи менен шаан-шөкөттө Апар апам эки ат чегилген трашманкеге салып, өзү жеткирип барды. Жашоо уланып башка жерге, бөтөн элге конуп-конбой, башым батып балтырым сыя электе биздин үйгө каран түн түштү. Анын себебин убагында жаш келин болсом кайдан аңдамак элем. Оо, мурда кийин бир топ жылдар өткөндө көрүңдө өкүргөн оторчул орустардын айынан болгондугун, эми чачымды бубак басканда боолголоп отурбаймынбы.

Күнөөсүз күнөөлүүлөр

Ал кезде орустардын мужиктери Чүйдүн бооруна отурукташып, сугат жерлерин ээлеп, эгин эгишип, те тоо коюндагы айылдарга чейин буту жетип кара топурак жерлерди тартып алышкан. «Заимка» деген конуштарында тиричилик кылып, мал багышчу. Алардын баскынчылыгынан да «кызарган жерден кур калбаган» дүйнө көрбөгөн ач көздүгү, аксымдыгы күчөгөн. Союлчан кыргыздарга мылтык ала чуркаган жаңы кожоюн Белимовго жергиликтүү элдин кыжыры кайнайт. Анын чеги жок кылыктарына чыдабаган айылдын күчкө толуп турган жигиттери ак сакалдардын «кой-айына» карабай, ал жакага түшкөндө аялы менен кызын өлтүрүп, заимкасын өрттөп жиберишет.

Алардын капшабы бизге тийип, бул окуяга катышы бар деп биздин үйдөн төрт баланын улуусу менин күйөөмдү кошуп, ар бир түтүндөн үч-төрт кишини орус аскерлери келип, Беловодскийдеги казармага байлап алып кетишет. Алар турган казармага туткундардын жайын билүү үчүн эркек аттуудан бир жан батынып бара алышпады. Кайтаруу күч эле. Ачууланган оторчулар жанына киши жолотпойт. Оторчулардын ортосуна түшө турган бир гана адам бар эле. Ал кыргыз арабекеч болгондуктан кайын атам мени абысынымды кошуп ал кишиге жиберди. “Бир баштык алтын, бир баштык күмүш берейин баламдын башын бошотуп берүүгө аракет кылыңыз”,- деп аманат сөзүн айтуумду суранды.

Биз каш карайганда Кудайы конок катары арабакечтикине келдик. Ал-жайды сурамжылай баштады:

- Кайсыл жерден болосуң, төркүнүң кайдан? –деди.

- Баш-Кара-Суудан болом.

- Ааа, мен дагы Байтиктин айылынан болом, менин карындашым турбайсыңбы, -деп таанышып да алдык.

Ал киши иштин чоо-жайын түшүнгөндөн кийин эртеңден кабар билдирерин айтты. Эртеси арабакеч жердешим абдан кеч келди, биз күтүп жатып, көзүбүз илинип кеткен экен.

- Биз кечигип калдык, баарын кырка дубалга тизип алып иттей атып коюшту каапырлар. Алардын ичинде ногой топу кийген жигит бул карындаштын күйөөсү окшойт. Аны да атып салышты. Азыркы БЧКнын жээгин бойлой чоң ор казып, ошого көмүштү. Шордуулардын денесин өзүм арабага салышып, тартып бардым, - деп кемпирине шыбырап айтып жатканы кулагыма шак дей түштү. Үйгө келип кайын атама болгонун айтып, аза күтүп жатып калдык. Күйөөмдүн ашы да өттү, мен али да бала элем да, кайра үйүмө кетем деп сүйүнүп жүрөм. Балакеттиби. Жакшы бүлөнү колдон чыгарбайлы деген кыязда тогуз жаштагы Мадылбек кайын иниме нике кыйып коюшту, - деген кайын энем. Көрсө, менин күйөөм кайниси Мадылбектин баласы экен.

Карачач апа оор улутуна: «Ой тобо, ошол орус аскерлеринин эч суроо-сапкытсыз, териштирбей этпей, күнөөсүз кырчындай уландарды иттей да көрүшпөй атып салган шейит кеткендерди эстегенде жонуман муздак тер куюлуп кетет. Тобо деп жакамды муунбагандай кармап, ар дайым куран түшүрөм,» -деп баянын аяктады.

Бурмакан САТЫБАЛДИЕВА, журналист.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG