Мындай пикирин Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча талкуулар жүрүп жаткан кезде бул дептутаттар катышкан эмес:
- Алар талкуу кезинде өздөрүнүн пикирлерин айтышкан болсо, минтип бөлүнүп-жарылуу болмок эмес. Эми минтип “каршыбыз” деген позицияны карманып турушат.
Иса Өмүркуловдун айтуусунда, Конституциянын референдумга сунушталып жаткан долбоору депутаттардын, фракциялардын, эксперт-юристтердин жана коомчулуктан келген сунуштарды эске алуу менен жазылып, сунушталды.
Баш мыйзамдын акыркы долбооруна “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын лидерлери кол коюшкан эмес. (BkA)