Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:14

Атамбаев: Кыргызстанда эми ыңкылап болбойт


Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиянын расмийлери менен жолугушкан учурда ал өзү башкарган үч жыл ичинде Кыргызстанда саясий туруктуулук толук калыптанып, элдин бийликке болгон ишеними артып, ишкерлер үчүн да мыкты шарттар түзүлгөнүн айтты.

- Кыргызстанда бизнести, ишкердикти колдогон мыйзамдар жетиштүү, өлкө жетекчилигине жана анын үй-бүлөсүнө байланыштуу коррупциялык шектенүүлөр жок, бул абдан маанилүү, - деди президент.

Өз кезегинде Сауд Арабиянын соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдиришти. Атамбаев Сауд Арабияга Кыргызстан аркылуу өтчү темир жол курууну, ислам банкын ачууну сунуштап, өлкөдө мындан ары ыңкылап кайталанбайт деп ишендирди. Алмазбек Атамбаевдин араб өлкөлөрүнө болгон алгачкы расмий сапары кечээ башталган жана 8-декабрда жыйынтыкталат. (JaK)

XS
SM
MD
LG