Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Мамлекетти барктоого милдеттүүбүз


Урматтуу мекендештер, кыргыз элим!

Мамлекетибиздин эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстан – жаш жана эркин мамлекет, тарыхый тамыры терең. Кыргыз эли өзү менен кылымдар бою улуу маданиятын ушул күнгө чейин сактап келет.

Ата-бабаларыбыз кылымдар бою талашып-тартышып, өз жандарын аябай, керек болсо өз канынан жаралган балдарын курмандыкка чалып, кыргыз жерин сактап, эгемендүүлүк үчүн күрөшүп келген. Ар кандай кыйынчылыктар менен келген эгемендүүлүккө жетип отурганыбызга 23 жылдын жүзү болду.

Ушул жылдары көп жакшы да, кайгылуу да нерселер башыбыздан өттү. Ошого карабастан, кыргыз элим өзүнүн сабырдуулугу менен бардык кыйынчылыктарды жеңип келе жатат.

Эгемендүү мамлекет болуу бул эң чоң сыймык. Азыркы мамлекет башчылары мамлекетибиздин тереңин ойлоп, кубатын сактап, элдин баркын билип, улуу жерибиздин алдында чоң жоопкерчиликти сезе билсе.

Чет жерге иштеп кеткен мекендештерибиздин жетишкендери да, кыйын акыбалда калгандары да баарыбызга эле маалым болсо керек. Ошол мекендештерибиздин өз жерине кайтып келүү, кичинекей мамлекетибизге өз салымын кошуп иштеп берери, түз эле бийлик үстүндө олтурган инсандарыбыздан көз каранды. Ошондуктан ушул кымбат мамлекетибизди барктап, асырап, аёо мамиле кылуу ар бир жарандын алдындагы жооптуу милдет.

Элимди ушул кымбат, сыймыктанчу күн менен дагы бир ирет куттуктап кетким келет! Ар-бир үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык, теңдик каалайм. Ал эми кыргыз жерибиздин өнүп-өсүп, башка мамлекеттер менен теңтайлаша дүйнөгө тааныларына ишенели. Майрамыңыздар менен!

Заира Айылчиева

XS
SM
MD
LG