Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Ар кимди туурабай, өз жолубузду табалы


Кадырман калайык! Бүгүн кайрадан Кыргыз мамлекети түптөлгөнүнө 23 жыл толду.

Ааламдын алкагында бир көз ирмемчелик мезгил. Бирок ушул эгемендүүлүккө жетүү үчүн Кыргыз эли кылымдап жол басты. Акыры тагдырына жазылган Мамлекеттүүлүккө кан төгүүсүз жетиштик. Мен кыргыз элин жана кыргызстандыктарды учурдагы майрамыбыз менен куттуктайм! Жалпыбызга ийгилик жана ийгилик демекчимин. Өткөндү эстемейинче, келечек бүдөмүк. Биз басып өткөн тарыхыбыздан олуттуу сабак алышыбыз абзел. Манас бабабыз жана тарыхта изи калган шерлер уюткулуу журтту душмандардан калкалап, баскынчылардан коргоп келишкен. Улуу Манас учурунда деле кыргыз хандары бийлик үчүн күрөшүп, же арадан Абыке, Көбөштөр чыккан, демек менин кадырмандарым, бийлик көксөгөндөргө, ичи тардык жасагандарга таарынычым болбойт. Бул боло турган иш. Бүгүнкү кутмандуу күндө мындан ары Кыргыз мамлекети кандай жол менен кетиши керек жана өнүгүүнүн жолу жөнүндө азын-оолак сөз козгобосок болбойт. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекетибизди эски фундаменттин үстүндө эле ар түрдүү өлкөлөрдөн алынган үлгү менен мамлекеттик түзүлүш куруп келе жатабыз. Курулуштун негизи болгон фундамент калыбында калгандыктан кандай түзөбө баары бир жаңырбаганын ар бирибиз түшүнүүбүз зарыл.

Кымбаттуу калкым! Өткөн президенттерден баштап, көзөмөл-аткаруу, сот бийликтеринин иш башкаруу жол-жобосун 23 жылдан бери жон терибиз менен сездик. Натыйжасы эки жолу төңкөрүш болду. Сиздердин убактыңарды алып бийликтин кемчиликтерине же жетишкендиктерине саресеп салбастан өзүмдүн аткара турган иштеримден кулакдар кылайын:

- Бардык бийликтерден жогору бийлик, бул - ар бир айыл округдан, шаардык чөлкөмдөрдөн же айылдан шайланып келген элдик курултайдын делегаттары. Курултайда бардык бийлик бутактары ар жылы жасаган иштери тууралуу маалымат берилип турат. Курултай тарабынан маалыматтар жактырылбаса кимиси болбосун кызматтан четтетилет. Курултайды уюштурууга жана анын иштешине мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт. Нукура элдик бийликтин маңызы ушунда. Курултайдын иштөө жосундары элдик курултайда бекитилет.

- Парламенттеги партиялык тизме менен келген депутаттардын саны 61ден ашпайт жана атайын унаа бөлүнүп берилбейт. Айлыктарынан тышкары сый-урмат чектелет.

- Райондук жетекчилерден баштап, министрлерге чейин атайын унаа бөлүнбөйт.

- Облустар жоюлуп, райондор ирилештирет. Мамлекеттик кызматчылардын саны 1/3ге кыскарат.

- Элге кызмат өтөгөн мекемелердин бардык түрү боюнча тыкыр изилденип реформа жүргүзүлөт. (энергетика, билим берүү, медицина ж.б.у.с.)

- Эгемендүүлүктүн 25 жылдык мааракесине карата саясий жактан куугунтукталгандарга кечирим берилет.

- Коррупцияга каршы уюм кайрадан уюштурулуп, президенттин карамагында болот.

- Элдик толкундоолорго карата аскердик күч колдонулбайт жана бул тууралуу мыйзам алынып салынат.

Биз ушул кадамдар менен мекенчил, эл үчүн күйгөн инсандар гана бийликке келишине жол ачабыз.

Тышкы саясат жөнүндө бир-эки ооз сөз:

- Коңшу мамлекеттер менен алаканы эки жыл ичинде оңдоп, чек араларды тактоо менин милдетим.

- Эл аралык саясатта Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы гана биринчи орунга коюлуп, көп кырдуу саясат чектелет.

Улут саясаты боюнча:

- Кыргызстанда жашаган сексенден ашык улуттун коопсуздугуна жооптуу - кыргыз эли.

- Мамлекеттик тил – кыргыз тили, башка тилдерге чектөө коюлбайт.

Кымбаттуу мекендештерим! Жогорудагы мен айткан иш-чаралар оңой-олтоң эле аткарылбасы баарыбызга маалым. Аны ишке ашыруу үчүн элдин кайраты, жаңыланууну кабыл алуусу жана мекенчилдик, белсемдүү эмгек керек. Дагы бир жолу улуу майрамыбыз менен куттуктап, эңсеген эгемендүүлүктү коргоп калалы!

Жаанбай Качиев, Нарын шаары.

XS
SM
MD
LG