Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

Кыргызстанда кан таңсыктыгы күч


Кыргызстандагы донорлордун саны талаптагы көрсөткүчтөн сегиз эсе аз.

Кыргызстандагы донорлордун саны талаптагы көрсөткүчтөн сегиз эсе аз.

Өлкөдө өз ыктыяры менен кан тапшыргандар кескин азайып, зарыл учурда керектелчү кордогу кандын өлчөмү да өтө азайып кетти.

Ооруканаларда болсо канга болгон талап адаттагыдай эле күч. Бүгүн Бишкек шаарындагы кан борборунда “Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн кан тапшыруу” аталышындагы жумалык башталат. Акция 26-сентябрга чейин уланат.

Ыктыярдуу донорлорду кантип тартабыз?

Эки жарым жаштагы Мухаммед Канатбековдун денеси шорпого күйүп, оор абалда ооруканада жатат. Терисинин көп бөлүгү күйгөндүктөн балага кан керек, жакындары элден жардам сурап, кан издеп жүрүшөт.

Кан борборунда болсо кан тартыш, анын үстүнө баасы дагы кымбат экенин Мухамеддин эжеси Айгерим Айдаралиева оор үшкүрө айтып берди:

- Кичинекей балабыз казанда кайнап жаткан шорпону үстүнө төгүп алды. Анын кесепетинен денесинин 60 пайызы, ички органдарыны 19 пайыз күйүп калган. Эл кан берип жатышат, бирок дагы көп керек. Мындан кийин дагы үч ай бою кан куюп туруш керек экен. А мындай сатып алалы десек литри 6-7 миң сом болуп жатат

Акыркы учурда Бишкекте кан борбору ооруканаларга канды жетиштүү өлчөмдө камсыздай албай, бейтаптардын жакындары кан сурап элге кайрылган мындай учурлар көп. Төрөт үйлөрүндө, трамватология бөлүмдөрүндө кан өзгөчө көп талап кылынат. Аз кандуулук эненин жана болочок баланын өмүрү, ден соолугу үчүн кооптуу. Көпчүлүк кош бойлуу аялдар төрөттө кан жоготкондон улам жарык дүйнө менен кош айтышат. Андыктан мындай учурда донордун каны адамдын өмүрүн сактап калчу бирден бир зарыл зат.

Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев а тургай өзгөчө кырдаалга деп сакталган запастагы кандын көлөмү дагы аз экенин айтат:

- Бүгүнкү күндө абал жакшы эмес, донорлордун саны кески түрдө азайып кетти. Стратегиялык запастагы каныбыз дагы аз болуп жатат. Абал оор болуп турат. Төрөт үйлөрүндө, трамватология бөлүмдөрдө, кан оорусу менен ооругандар көбөйдү. Аларга кан көп кетип жатат. Ооруканаларда кан колдонуу абдан көп болуп жатат.

Кордогу кандын кескин азайып кетишинин себептерине Карабаев төмөнкүчө токтолду:

- Канга болгон талап абдан күч алды. Ооруканалар күнү-түнү алып кетип жатышат. Мисалы бир аял төрөттөн көп кан кетирсе бир топ запастагы канды алып коёт. Анын ордун толуктаганга донор жок. Эми донор келбей жатканына үгүт, кайрылуу, чакыруу иштери жок болуп жатат. Дагы бир себеп, миграция дагы таасирин тийгизет. Биздин көптөгөн донорлорубуз чет жакта иштеп жүрүшөт.

Карабаев донорлордон кан жыйноонун дагы бир көйгөйү катары кан алууга адистешкен атайын көчмө автоунаалардын жоктугун атады. Чет өлкөлөрдө атайын жабдылган автоунаалар мекемелерди кыдырып кан чогултушат.

Стратегиялык маанидеги маселе

Кыргызстанда кан тапшырууну каалагандардын көпчүлүгү жаштар. Бир донордон алынган 470 грамм кан жаны кыйналып турган кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калат. Башкача айтканда бир адам кан тапшыруу менен эки адамды өлүмдөн сактарын көпчүлүк дайыма эле эстей бербейт.

Бишкекетин тургуну Айбек эки жылдан бери донор болуп жүрөт. Ал быйыл дагы кан тапшырганы турат.

- Кан абдан кымбат экен. Жөнөкөй жарандар аны сатып ала алышпайт да. Мен өз каалоом менен эле келдим. Адам адамга жардым кылыш керек, айрыкча жаш балдарды сактап калган жакшы нерсе.

Жогорку Кеңештин депутаты, медицина илимдеринин доктору Ташболот Балтабаев донордун каны менен камсыздоо системасын түзүү үчүн өзгөчө маанидеги стратегиялык программаны иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт:

- Советтер Союзунун тажрыйбасын карап көрсөк, кан тапшыруу чоң стратегиялык мааниси бар нерсе катары мамлекеттик деңгээлде каралчу. Бугүн болсо Саламаттыкты сактоо министирлигинин деңгээлинде да каралган жок. Непадам терорризм сыяктуу каргаша болуп, жапырт жаракат алгандар болсо кан жагынан биздин даярдык жок да. Анан кантип барып Америкадан же Москвадан кан алып келебиз? Андайга шартыбыз да жок. Ошол үчүн өзүбүз системаны даярдап, өзүбүз бул тармакты оңдообуз керек.

Бишкек шаарындагы кан борборунда 22-сентябрда башталган “Балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн кан тапшыруу” деген аталыштагы жумалык 26-сентябрга чейин уланат. Анда ден соолугу чың жарандар өздүгүн тактаган документ менен келип кан тапшырса болот.

Кыргызстанда былтыр 34500 донор катталган. Бул өлкөдөгү калктын санына салыштырганда абдан аз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, ар миң кишиге 40 донор туура келиши керек. Кыргызстандагы донорлордун саны бул көрсөткүчтөн сегиз эсе аз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-жылдан тарта "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG