Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Борборазиялык Эркин базар институту өкмөттүн Түркиядан алынган насыяны пайдалануу боюнча пландарын сындап чыкты.

Аталган коомдук уюмдун эксперттери олчойгон бюджет таңкыстыгы орун алып турганда ал каражатты өкмөт өтө маанилүү тармактарды каржылап, реформаларды жүргүзүүгө багыттаса болмок деген ойдо. Мында айрыкча эксперттер сунуштамадагы алыскы жолдордун аралыгында айдоочулар үчүн тейлөө жана жатак жайларын куруунун зарылдыгы бар беле деген суроону кабыргасынан койушууда.

Кемпинг куруу керек беле?

Борборазиялык Эркин базар институту өкмөттүн Түркиядан келген 100 миллион долларлык насыяны бөлүштүрүүсүнө карата экономикалык анализин жарыялады. Анда транспорт жана коммуникация министрлиги өкмөткө сунуштаган өлкөнүн негизги автомагистралдарында айдоочулар үчүн кемпинг же башкача айтканда атайын жатак жайларын куруу демилгеси сынга алынды.

Дүйнө жүзүндө жол боюндагы кемпингдер киреше табуу үчүн жеке ишкерлер тарабынан курула тургандыгын айткан аталган институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев ага мамлекеттин аралашуусун жаңылыштык катары баалады:

- Аталган насыянын 790 миң доллары мына ошол жол боюндагы кемпингдерди курууга жумшалат дегенине биз макул эмеспиз. Анткени мындай иштер менен өкмөт алектенбеш керек. Ал жеке ишкерлердин иши. Мамлекет ишкердикти өнүктүрүүгө шарт гана түзүп бериш керек. Анан минтип мына ошол ишкердикке өзү аралашып алганы туура болбойт. Өкмөттүн мындан башка деле каражатты башка көйгөйлүү тармактарга багытташы зарыл эле. Бул эми өтө эле артыкчылыктуу багыт эмес болчу.

Мындай сунуштаманы мамлекеттик каражатты натыйжасыз пайдалануунун бир мисалы экендигин белгилеген эксперттер ал каражатка жыйырмага жакын мектепти жана Ош менен Бишкектин тамтыгы чыккан жолдорун толук оңдоп-түздөсө болмок деп эсептешет.

Ирээти жок реформалар

Мындан сырткары Мирсулжан Намазалиев өкмөт ал насыяны өлкөдөгү кечиктирилгис реформаларды ишке ашырууга жумшабагандыгын сынга алды:

- Мына азыр ички иштер органдарын реформалоо иши аксап турат. Пенсиялык система оор абалда калган. Мамлекеттеги мына ушул көйгөйлүү багыттарды реформалоо үчүн ошол каражатты жумшаса, анда анын акыбети кайтмак. Экономиканы өнүктүрүү үчүн негизи шарт түзүлсө эле калганы өзү эле кете бермек. Бирок бизде мына ошол өнүгүүгө жол бере турган багыттарды жакшырта албай жатпайбызбы.

Өкмөт мамлекеттин аткаруу бийлигинин башында туруп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга жооптуу башкаруу органы. Андыктан анын жамааттык чечими ар бир тармак боюнча талкуудан өткөн соң гана кабыл алынаары белгиленди.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Түркиядан келген насыя тармактардагы зарылдыкка жараша бөлүштүрүлгөндүгүнө токтолду:

- Мына ошол Түркиядан келген насыя Баткендеги Бүргөндү массивинде суу-ирригациялык системаны курууга багытталат. Бул жанагы ичүүчү сууну жана сугат аянттарын кеңейтүү көйгөйүн чечет. Ошондой эле ал каражаттын кандайдыр бир бөлүгү Бишкектин көчөлөрүн оңдоп-түздөөгө, аймактарда асыл-тукум малдарды көбөйтүү чарбаларын өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына бөлүштүрүлдү. Мында ошол тармактардын эң зарыл деген маселелерин каржылоо атайын талкуудан кийин гана чечилди.

Насыялардын дайыны барбы?

Түркия мамлекети жакында Кыргызстанга 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген насыя жана 6 миллион кайтарымсыз грант берген болчу. Насыя 20 жылга 0,1 пайыздык үстөк менен келген. Кыргызстандын мындан сырткары да насыялары көп болгондуктан өкмөт буга чейин сырттан насыя алууну токтотуу демилгесин көтөргөн.

Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев буга чейин алынган насыялардын көпчүлүгү натыйжасыз болгондугун мындайча мисал келтирди:

- Мисал үчүн Бишкек-Ош жолун ошол сырткы насыянын эсебинен курабыз деп ал жол бүткүчө бөлүнгөн каражатты кертип жеп отурушуп, аягында сапаты начар кылып аягына чыгарышты. Болбосо мына ошол эле каражатка эл аралык деңгээлдеги автомагистраль курса болот беле? Анан эми азыр жолдун бир нече жыл өтпөй эле бузула баштагандыгын оор жүк ташый турган автомашиналардан көрүп жатышат. Эгерде бөлүнгөн акча толук жеткенде, анын сапаты башка өлкөлөрдөгүдөй эле жакшы болмок эле да. Бизде келген насыяны кертип жеп коймой өнөкөт азыр деле токтой элек.

Учурда Кыргызстандын сырткы карызы үч миллиард үч жүз жыйырма миллион сомду түзөт. Сырткы карыздын эң көп өлчөмү Азия өнүгүү банкына, Дүйнөлүк Банкка, Жапонияга жана Орусияга туура келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG