Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Укук коргоочулар кодулоого кабатыр


Жарандык активист Мелис Молдокматов баштаган топтун кумсаларга каршы нааразылык акциясы. 27-февраль, 2014-жыл.
Жарандык активист Мелис Молдокматов баштаган топтун кумсаларга каршы нааразылык акциясы. 27-февраль, 2014-жыл.

Укук коргоочулар кысымга тушукканын айтып чыгышты. Мындай билдирүү укук коргоочулар 16-октябрда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйында айтылды.

Укук коргоочулардын билдиришинче, парламентте каралып жаткан гей-пропагандага каршы, чет элдик тыңчылар тууралуу мыйзамдар адам укуктарын, ал жаатта иш алып баргандардын ишмердигин чектейт

Жыйындын уюштуруучусу “Бир Дүйнө - Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова аталган мыйзамдар кабыл алынса, өлкөдөгү укук коргоо уюмдарынын ишмердүүлүгү, эркиндиги чектелет деди:

- Бизде үч мыйзам даярдалып жатат. Биринчи мыйзам гейлердин укугун тепсейт, экинчи мыйзамда бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчыдеп кодулашат, үчүнчү мыйзамында каттоодон өтпөгөн уюмдарга тыюу салыш керек дегени бар. Бул мыйзамдардын баары Конституцияга каршы келет. Мунун баары эч негизсиз. Укук коргоочулар Кыргызстан мүчө болгон БУУнун эрежелери менен иш алып барып атабыз. Бизге кысымды токтотуу керек.

Төлөйкан Исмаилова.
Төлөйкан Исмаилова.

16-октябрда өткөн маалымат жыйынга келген айрым кабарчылар арасынан “чет элдик тыңчы экениңерди” моюнуңарга албайсыңарбы деп кыйкыргандар болду. Аталган кабарчылар кайсы ММКдан келгендерин, өздөрүн да тааныштырган жок. Суроо-жооп эмес, журналисттер менен кайым айтышуулар көп болду. Укук коргоочулар ал кабарчыларды орусиячыл басылмалар деп атады.

Чогулган укук коргоочулар өлкөдөгү жалпы адам укугунун корголушуна баа берип, акыркы жылдары бул жаатта абал жакшы эмес экенин белгилешти.

“Балдар укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова акыркы убактарда укук коргоо жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө белгисиз адамдардын телефон аркылуу коркутуулары, ММК жана социалдык тармактарда каралоо көп кездеше баштаганын билдирип, муну уюштуруп жаткан кызыкдар тарап бар экенин айтты:

- Укук коргоочуларга, алардын үй-бүлөсүнө коркутуулар болуп жатат. Анан ММКларда, социалдык тармактарда укук коргоочуларды жамандаган макалалар көп пайда боло баштады. Мунун баары бирөөлөрдүн буйругу менен жасалып жатканынан шек санабайм. Укук коргоочулардын абалы ушундай болуп турганда башкалардын укугу жөнүндө сөз жок да. Биз өкмөткө, парламентке кайрылабыз. Мындайды токтотуу керек.

Өзгөчөлөнгөн акциялары менен белгилүү активист Өндүрүш Токтонасыров укук коргоочуларга тилектештик билдирип, Кыргызстандын демократиялуу өлкө болуп калыптанышына алардын ролу чоң деп эсептейт:

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

- Акыркы мезгилде Орусияны туурап, кайдагы бир мыйзамдарды киргизебиз деп турат. Бул туура эмес, укук коргоочулар башка жактан акча алып жатканы менен, бийлик жашырган кемчиликтерди таап чыгып коомго пайда келтирип жатышпайбы. Мен аларды колдойм, аларга кысымды токтотуу керек.

Жарандык активисттердин бири Жеңиш Молдокматов укук коргоочулардын айткандары менен макул эмес. Ал бүгүнкү күндө бейөкмөт уюмдар каалагандай иш алып барууга шарт түзүлгөнүн айтууда:

- Эч кандай адам укугу чектелбейт, укук коргоочуларга кысым жок. Болгону кумсаларга пропаганда токтотулат анан бейөкмөт уюмдар кайдан акча алганын жашырбай айтсын деген гана мыйзамдар кабыл алынат.

Адилет министрлигинен каттоодон өткөн он миңден ашык бейөкмөт уюм бар. Ушул аптада Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинде кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошол эле маалда парламентте бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, бул боюнча парламенттик угуу өтөрү дайын болгон. Бул демилгелерге байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги чочулоосун билдирген.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG