Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Кумсаларга каршы депутаттык демилге


Европа бир жыныстагы жубайларды жана алардын бала асырап алуусун мыйзамдаштырып, эл аралык сахнада өтө эле өзгөчөлөнгөн ырчылар мыкты аталып жаткан чакта Кыргызстанда, буга чейин Орусияда болгондой, андай көрүнүштөргө тыюу салуу аракети көрүлүүдө.

Кыргызстанда элдин менталитети жана улуттук каада-салтынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу кумсалар (ЛГБТ өкүлдөрү) анча агрессивдү эмес. Алар өз көз карашын анча деле таңуулап, талашып-тартышпайт. Жолугушуулары жашыруун болгондуктан алардын “башкача” кийинип алып көчөдө кол кармашып ачык сейилдеп жүргөнүн деле көрбөйсүң… Балким көчөгө чогуу чыгып калгандары бардыр, бирок алар “дагы бирөө келип сабап кетпесин” деп өтө эле сак болууга аракет кылат.

Кумсаларга тыюу салган мыйзамдын демилгечиси, депутат Курманбек Дыйканбаев ал Баш мыйзам жана эл аралык конвенциялар менен корголгон салттуу үй-бүлө институтун сактап калуу максатын көздөрүн айтат:

- Салттуу формат дегенибиз аял менен эркектин эрди-катын болуп жашашы, алардын балдары. Азыр көчөдө балдар менен балдар өбүшүп, телевизордон эркек менен таанышууну каалаган эркектердин жарыясы чыгып жатпайбы. Бул нормага айланып баратат. Биз эч кимдин укугун тебелеген жерибиз жок, баарыбызды Кудай жараткан. Алар да биздин жарандар, коомубуздун мүчөсү. Өз үйүндө каалаганын кылсын, эч ким чектебейт. Бирок Батыштын биздин коом үчүн өөн жоруктарынын тарашына жол бербеш керек. Мисалы польшалык гезиттер “Кыргызстан бир жыныстагылардын үй-бүлө куруусу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар өлкө экен, бул тема боюнча документалдуу тасма тартса болот” деп жазып жатат.

Депутаттын айтымында, бул мыйзам долбоорун чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдар гана колдобой жатат. «Акчаны ким төлөсө ошол музыка койдурат дегендей, бейөкмөт уюмдар биригип алып буга гимн ырдап жатпайбы. Эртең жоопко тарта баштаганда алар мындай ырын токтотот», - дейт ал.

Жогорку Кеңеш депутаты Нарынбек Молдобаев "Азыркы өкмөт курамында, мамлекеттик маалымдоо каражаттарында да кумсалар бар" дейт. Бирок өзү алардын бирин да тааныбайт, көргөн да эмес. Өкмөттө кумсалар бар экенин депутат Курманбек Дыйканбаевден, мамлекеттик ММКдагылар тууралуу журналисттерден уккан. «Атына чейин айтышты. Бирок мен андан ары кызыгып сураган жокмун. Мамлекеттик маалымдоо каражаттарында иштегендердин он чактысын айтышты», - дейт ал. Депутат гомосексуализмдин тамыры терең экенин айтат:

- Чыңгызхан миңдей аял кармап турган. Бир жылда 365 күн бар. Ал өзү жетишпегендиктен аялдар бири бири менен ышкыга батчу. Согушка эркектер гана чыккандыктан кээ бир монархтар майданга өспүрүм балдарды ала кетчү. Мисалы Соломон согушка аттанганда ага 40 баланы кошуп беришкен. Ооба, гомосексуализмдин тамыры терең, бирок ал коомдун нравалык жагына терс таасирин тийгизип жатпайбы. Сиз “мейли, башкалар каалаганын кыла берсин” дешиңиз мүмкүн. Бирок бул аракечтик сыяктуу көрүнүш да. Ал ар бир үй-бүлөгө жетиши мүмкүн.

27 жаштагы Кубат бул пикирге кошулбайт. Анын айтымында, адамдын сексуалдык ориентациясын өзгөртүү мүмкүн эмес, себеби ар кимдин өзгөчөлүгү төрөлгөндө эле бар болот:
Санкт-Петербургда өткөн нааразылык акциясы. 2-ноябрь, 2013-жыл.
Санкт-Петербургда өткөн нааразылык акциясы. 2-ноябрь, 2013-жыл.

- Мисалы мен башкалардан айырмаланып турарымды кичинемде эле сезгем. Болгону, бул кантип аталарын, эмне экенин билчү эмесмин. Мага кыйын эле болгон, баары шылдыңдап, кемсинтчү. Ошондо классташтарыма дүйнө ар түрдүү экенин түшүндүргөн эч ким болгон эмес. Бизди адам деп эсептебегендерди көрүп ызаланам. Кээде Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрү бар экенин таптакыр танышат.

ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргогон «Кыргыз Индиго» коомдук уюмунун адвокация бөлүмүнүн башчысы Руслан Ким бул маселени көтөрүп жаткан депутаттар ага пропаганда кылууда дейт:

- Гей, лесбиянкалар көбөйдү деп айтып жатышат. Бирок андай деле эмес. Алардын саны көбөйгөн жок. Болгону, айрым жагдайларга байланыштуу, укугу бузулуп жаткандыктан ЛГБТ өкүлдөрү жашырынып жашоого мажбур.

Анын айтымында, мыйзам долбоору Конституцияга каршы келет. Себеби ал сөз эркиндиги, эркин чогулуу сыяктуу укуктарды бузат:

- Мурда пропаганда жүргүзүлчү деле эмес. Бизди көп каттала баштаган зомбулук фактылары тынчсыздандырат. Бул куру сөз эмес. Балдарды жок мыйзамга такап ур-токмокко алган, күч кызматкерлери опузалаган учурлар болгон. Баарына далилдерибиз бар.
Курманбек Дыйканбаев
Курманбек Дыйканбаев

Мыйзам долбоорунун демилгечилери аны көпчүлүк колдооруна ишенет. Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, ага аң-сезими таза, толук кандуу үй-бүлөнү жактагандар “макул” деп добуш берет.

Бирок Руслан Кимдин пикиринде Кыргызстанда Орусиядагыдай эле тажрыйба жок болгондуктан пропаганда, жайылтуу сыяктуу көрүнүштөрдү далилдөө оңой болбойт:

- Мыйзам, балким, кабыл алынаар, бирок ал иштебейт. Кеп мыйзамда эмес, мамлекет коомго карата аныктап алган багытта болуп жатат. Биз демократиялык жана светтик өлкөбүз. Борбор Азиядагы демократия аралчасы экенибизди айтып, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы жана башка уюмдардын демократия боюнча өнөктөшү болуп жүрөбүз. Бирок эгер биздин мамлекет, парламент, өкмөт жана президент аталган мыйзам долбоорун колдой турган болсо, бул белги бергендей болуп калат. Элде “демократиялык өлкөдө да айрым топторду кодулоого жол берилет турбайбы” деген көз караш пайда болот. Бүгүн кумсалар, эртең аз улуттар... Иш ушуну менен эле бүтүп калбайт. Мындай мыйзамдарды кабыл ала берсек өлкөнүн өнүгүүсүнө туура эмес таасир тиет.

Кыргызстанда сексуалдык азчылыктын укугун коргонгон "Скью", "Лабрис" сыяктуу бейөкмөт уюмдар иштейт. Эгерде келерки жумада аталган мыйзам кабыл алынса кумсалардын аракеттерин, мамилелерин жарнамалоого тыюу салынып, алардын өз укуктарын коргоп тынч митингге чыгуусу да чектелет, аны аткарышпаса 1 жылга чейин эркинен ажыратылат. Өкмөт бул мыйзамды колдобой, жарандардын укугу чектелип калат деп корутунду чыгарган.

Жылдыс Ороспакова, "Азаттыктын" кабарчысы

XS
SM
MD
LG