Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан туура он жылдай мурун башталган. Бирок ал азыр коррупциялаша баштады деген дооматтар айтылууда.

Эки тараптуу меморандумдун негизинде он жылдан бери жүздөгөн кыргызстандыктар ишке орношту, бир топтору эмгегинен баар таап, оокат-тиричилигин кыйла ирдентип алды.

Бирок соңку учурда ишке орноштуруу жол-жобосу коррупциялык айла-амалдар менен коштоло баштаганы, таасирлүү аткаминерлер ортомчулар аркылуу алты миң долларга чейин акча сураган учурлар болгону айтылып жатат. Миграция кызматы болсо мындай дооматтарды четке кагууда.

Эмгек келишими колго тийгендер

Жыл башынан бери Кыргызстанга Түштүк Кореядан 60 адамга эмгек келишими келди. Бир-эки жылдан бери саргая күтүп жаткан кагазы колго тийген, алты адамдан турган топ 26-апрелде Бишкектен Сеулга учуп кетти. Алардын бири, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 32 жаштагы тургуну Марсел Турдумамбетов учаардын алдында маңдайы жарыла сүйүнүп турганын жашырган жок:

- Бишкекте иштеп жүргөндө Кореяда иштесе болоору тууралуу тааныштарымдан угуп корей тилин үч ай үйрөнгөм. Тест, экзамен тапшырып, андан өтүп кеттим. Келишимди 2014-жылдан бери күтүп жаткам. Келишим келип, ошол менен кетип жатабыз. Мен бир курулуш заводго иштегени кетип жатам. Бизге бардык шартын түшүндүрүп беришти. Бишкекте бычмачы болуп тигүү цехинде иштечүмүн. Эки баламды апама калтырдым, жубайым азыр Орусияда. Ал жакында келет, тил үйрөнүп ал да Кореяга келгенге аракет кылат.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда туулган 22 жаштагы Жеңишбек Юнусовдун болсо эки агасы ушул тушта Кореяда иштеп жүргөн экен:

- Аллюминий заводго иштегени кетип жатам. Кандай иш кылаарым азырынча белгисиз. Бирок жакшы иштеп келгенге аракет кылабыз. Буга чейин КАМАЗ айдачумун. Ноокенде кум, шагыл ташычумун. Беш бир тууганмын, мен төртүнчүсүмүн.

Кореяга жөнөтүүдө коррупция барбы?

Бирок ушул тушта дагы ондогон адам Түштүк Кореядан иш күтүп, өз бактысын сынап отурат. Ишке орноштуруу коррупциялык айла-амал менен коштолуп жатканы, ага таасирлүү аткаминерлер, атүгүл Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери да аралашары тууралуу да сөздөр тарай баштады. Ага ылайык, ортомчулар пайда болуп, алты миң долларга чейин акча сурап жаткандар бар экен. Атын атабоону өтүнгөн Ош облусунун тургуну буларды айтып берди:

- Мен Миграция кызматынын Оштогу бөлүмүнө кайрылдым. Экзамен кийинки алты айга чейин болбойт дешти. Атайын тестке гана экзамен болот дешти. Ал тестке 27-29-апрелде каттоо болот экен. Ошол тестти тапшырайын деп барсам мен тизмеде жок экем, тизмедегилер гана тест тапшырышат деди. Бери жактан бир адамдар тизмеге киргизебиз, экзамен болот деп айтышты. Алар миграциялык кызматтын өкүлдөрү эмес, башка адамдар экен, төрт миң доллар сурашты. Алар экзаменден өтөсүң, визаң келгенде баарын тууралап беребиз, келишим келгенде төрт миң төлөп, кете бересиң деп жатышат.

Айтылган дооматтар боюнча Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганыбызда кызматкери комментарий берүүдөн баш тартты:

- Мен биздин жетекчиликке кайрылып, тактадым. Ишке орноштуруу боюнча атайын борбор гана алектенет экен. Биздин эч кандай тиешебиз жок экен. Эгер мыйзам бузуулар болуп жаткан болсо, анда аны укук коргоо органдары аныктап, такташы керек го. Ошондуктан интервью же комментарий бере албайбыз.

"Ортомчулар бар, бирок биздин адамдар эмес"

Миграциялык кызматтын алдындагы Маалымат, кеңеш берүү борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алыбаев ортомчу адамдар болуп жатканын бышыктады. Бирок аларга борбордун өкүлдөрүнүн тиешеси бар деген дооматты четке какты:

- Бул жерде бир топ уюшулган адамдар бар. Кореяда айлык өтө жогору, көбү ошол жакка барып иштегиси келет. Ошондой адамдарды колдонуп, пайдалангысы келгендер бар. Барганга жардам беребиз деп алдап акчаларын алып коюшу мүмкүн. Бул боюнча укук коргоо органдары деле иштеп жатат. Бизде бирок азыр конкреттүү факт жок, эч ким мени алдап кетти деп ачык айтып чыга элек. Биздин программа менен Кореяга ишке кетип жаткан адамдар биздин мамлекеттик орган же кызматкерлер кандайдыр бир жардам көрсөтө албай турганын билишет. Акчасын алып туруп деле жөнөтөм десе жөнөтө албайт. Өзү эле уят болуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн. Кореяга башкача жолдор менен жөнөткөнгө, ал жагын чечип койгонго жол жок.

Жол-жобо боюнча Кореяга барып иштегенди каалагандар алгач тилди үйрөнүшү абзел. Тилден атайын тест тапшырат жана жөндөмдүүлүгүн аныктаган экзамен болот. Сыноодон ийгиликтүү өткөндөр электрондук базага илинет. Ал жерде кеминде эки жыл катталып турат. Электрондук базадан жумушчуларды кореялык иш берүүчүлөр өздөрү тандап алат. Эмгек мигранттардын эмгек укуктары жакшы корголгон жана маянасы кыйла дурус деп эсептелет. Андан сырткары көп учурда жаткан жери, тамак-ашы бекер болот. Кокус ооруп калса, камсыздандыруунун эсебинен дарылана алат. Бир барган адам алгач 3,5 жылдай иштегенден кийин мөөнөтүн дагы узартып, жалпысынан беш жылга чейин мыйзамдуу иштеп келгенге мүмкүнчүлүгү бар.

Мүмкүнчүлүктөр пайдаланылган жок

Былтыр жалпысынан Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кеткен. “Замандаш” бирлигинин координатору Азамат Айтбаев мүмкүнчүлүк толук пайдаланылбай калып жатат деп эсептейт:

- Өкмөт аркылуу жумушка легалдуу кетип жаткан багыттардын негизгилеринин бири - ушул Корея болуп эсептелет. Маяна жагынан да, укуктардын корголушу жагынан да жакшы каралган. Бирок ошол эле учурда бизге берилген мүмкүнчүлүк толук пайдаланылбай калууда. Биз ушул жактан аксап жатабыз. Дагы бир топ адамдын ишке жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, биздин коңшу мамлекеттер мүмкүн болушунча көбүрөөк адам жөнөтүп калганга аракет кылышат экен.

Улукбек Абдрахманов Кореядагы кыргыздардын “Биримдик” деп аталган уюмунун жетекчиси. Анын пикиринде, Түштүк Кореянын көбүрөөк ишке чакырышы кыргызстандык мигранттардын өзүнөн көбүрөөк көз каранды:

- Кореяда иштеген кыргыз жарандары Кыргызстанды корейлерге көбүрөөк таанытканга аракет жасашыбыз керек. Биз аларга көбүрөөк маалымат берсек, алар ошончолук Кыргызстан тууралуу көбүрөөк билип, биз жактан көбүрөөк мигранттарды чакырмак. Бул жактан кыргыздар начар иштеп, мисалы келгенине бир-эки ай болбой жатып эле завод алмаштырып, жакшыраак иштебесе, корейлер дагы иш бербей калат. Мисалы, бир жылга 500 квота берилгени менен Кыргызстандан жумушчуларды чакырбаса, ошол орун толбой, 150 эле адам келип калышы мүмкүн. Ошондуктан бул жактагы кыргыздар жакшы иштеши керек. Кыргызстанды мүмкүн болушунча жакшы жагынан таанытышы керек. Ошондо гана биз жактан көбүрөөк мигрант чакырылат.

Расмий маалымат боюнча ушул тушта Кореяда 3,5 миңдей кыргызстандык жаран бар жана алардын миңге жакыны мыйзамсыз жүрөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG