Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Апта: Оторбаев-Аткинсон кармашы, "Вечерний Бишкектин" чындыгы


«Центерра Голд» боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям

«Центерра Голд» боюнча премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кат жолдогон британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильям

Узап бараткан жумада Кумтөр боюнча сунуш менен чыккан британиялык адистер “Центеррадагы” миноритардык акционерлердин колдоосуна ээ экенин билдиришти.

“Вечерний Бишкек” гезитинин жамааты президентке кайрылды. Жогорку Кеңешке шайлоону 4-октябрда өткөрүү сунушталды.

Оторбаев менен Аткинсондун кармашы

Кумтөр түйүнүн чечүү 17-апрелде Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын жыйынында талкууланды. Анда премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Центерра” менен үлүштөрү 50-50% болуп бөлүштүрүлгөн биргелешкен ишкана түзүү Кыргызстан сунуштаган шарттар кабыл алынганда гана мүмкүн деди:

- Эгерде биздин шарттарга алар макул болсо гана 50-50% ишкана түзүүгө болот. Азыркы кезде биз койгон шарттарга алар макул эмес. Ошондуктан азыркы түзүлгөн кырдаалда биргелешкен ишкана түзүү бизге пайдалуу эмес.

Ошондуктан өкмөт башчы Оторбаев маселени чечүүнүн жолу катары “Центерранын” башкармалыгын алмаштырууну сунуштады.

Башкаруучу коалиция да аны колдоп, өкмөткө аны ишке ашыруу үчүн убакыт берүүнү чечти. Башкаруучу коалиция ошондой эле Кумтөрдү улутташтыруудан баш тартууну сунуштады.

Жоомарт Оторбаев

Жоомарт Оторбаев

“Центерранын” башкармалыгын алмаштыруу демилгеси менен өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге байланышка чыккан британиялык адис Лорд Кланвильям болсо, 22-апрелде Кыргызстанга келип, өкмөт, депутаттар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууну чечкенин жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда билдирди.

Кыргызстан үчүн ал адистердин жөн эле келиши эмес, алардын тарабында “Центерранын” кеминде 18% акциясы бар миноритардык акционерлердин колдоосу болушу маанилүү. “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, алардын андай колдоосу бар. Лорд Кланвильям да интервьюсунда “Центерранын” азыркы жетекчилигинин ишине нааразы болгон миноритардык акционерлер аларды колдоп жатканын билдирген.

Эгерде бул реалдуу болсо, анда “Центеррада” кырдаалды өзгөртүүгө өтө олуттуу жагдай түзүлөт. Анткени Кыргызстандын 33% акциясы менен миноритардык акционерлердин акциясын кошуу аркылуу “Центерранын” башкармалыгын колго алууга мүмкүнчүлүк пайда болот.

Бул Кыргызстанга келүүдөн баш тартып, премьер-министр башында турган өкмөттүк комиссия менен кеңешчилери аркылуу гана сүйлөшүп жаткан Ян Аткинсондун бийлиги үчүн коркунуч туудурат. “Ошондуктан Аткинсон, бир жагынан британдык адистерди Кыргызстанда баары анын колунда экенин айтып коркутуп жатса, экинчи жагынан Кыргызстан ичинде сүйлөшүүгө жол бербеш үчүн бардык аракеттерди жасап жатат” дейт Жогорку Кеңештин атын атагысы келбеген депутаты. Дүйшөн Ирсалиев, Токон Мамытовдун аракеттери, айрым гезиттердин британдык адистер Лорд Клэнвильям жана Мартин Грэмди жаманатты кылып жатканынын бир себеби Ян Аткинсондун аракетине байланыштуудай.

Албетте, британдык адистер Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого эмес, өздөрүнө пайда алууга умтулушат. Бирок алар менен жаңы шартта кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлүшү маанилүү.

"Вечерний Бишкектин" ачуу чындыгы

“Вечерний Бишкек” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаал жума күнү чыңалуусуна жетти. Гезиттин жамааты президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат менен кайрылды. Анда президенттин жакын кызматкерлери: президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Икрамжан Илмиянов жана Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Кыргызстанда баарын чечип жатканы белгиленген.

“Вечерний Бишкектин” кайрылуусунда Бакиевдин учурунда полковник Чыныбай Алиевди атып өлтүргөнү үчүн 25 жылга кесилген Эркин Мамбеталиев 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин кантип боштондукка чыгып калганы суралат.

“Вечерний Бишкектин” жамааты гезитти басып алуунун артында президент Алмазбек Атамбаевдин жакын жөкөрлөрү: Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана мына ошол Эркин Мамбеталиев турат деп эсептейт.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечими менен “Вечерний Бишкек” гезитине ээлик кылган “Рубикон” фирмасынын 50% акциясы Александр Рябушкинге өткөрүлүп берилген.

Рябушкин бул жерде чарбалык гана жаңжал бар деп эсептейт. Анын айтымында, чарбалык чатакты “Рубиконго” ээлик кылып келген Александр Ким саясий жаңжалга айлантууну көздөөдө.

- Эми сиздер өзүңүздөр түшүнүп турасыздар, бул сотко же башка бирөөлөргө кысым жасап, өзүн саясий куугунтукка алынган адам катары көрсөтүүнүн амалы.

Александр Рябушкиндин айтымында, аны “Рубикондун” 50% акциясынын ээси катары аныктаган соттун чечими күчүнө киргенине байланыштуу акционерлердин жыйынын өткөрүү белгиленди. Ал жыйын май айында болот. Соттун чечимине ылайык, “Рубикондун” 50% акциясы Рябушкин жана анын аялына таандык болсо, калган жарымы Кимдерге тиешелүү.

Рябушкин “Рубикондун” 50% алуу менен эле чектелбей, көп жылдан бер көрбөй калган пайдасынын кенемтесин толтуруу талабы менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. “Вечерний Бишкектин” маалыматы боюнча коюлган доонун өлчөмү 16 млн. долларга жетет. Бул сумманы төлөп берүү милдеттендирилсе, анда “Вечерний Бишкек” бардык мүлкү менен, ал эле эмес Александр Кимдин бардык мүлкү да Рябушкиндин колуна өтөт.

Рябушкин өзү болсо төлөнүп бериле турган сумманы сот аныктайт деп жатат. Иш 22-апрелде Биринчи май райондук сотунда карала баштайт.

Президенттик аппарат тараптан да “Вечериний Бишкектин” бул ачуу кайрылуусуна жооп болду. Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов “муну кезектеги калп” катары баалады.

Кыргызстандагы Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Кубанычбек Кадыров Улуттук оппозициялык кыймыл “Вечерний Бишкектин” таламын талашаарын билдирди:

- Улуттук оппозициялык кыймыл “Вечерний Бишкек” бүгүн жасаган кайрылууну толук колдойт. Кайрылууга кол койгон журналисттер менен тилектешпиз. Биз буга чейин да айтып келгенбиз. Ошто бизге кол салуудан кийин да бандиттик мамлекет болуп калдык, Атамбаев бандиттик мамлекетти башкарып жатат деп айтканбыз.

Кадыровдун айтымында, “Вечерний Бишкекти” рейдерлик жол менен басып алуу ишке ашып жатат. Мындай нерселер мурунку бийликтер учурунда болгон. Азыр алар кайталанууда.

"Вечерний Бишкектин" кайрылуусуна президент Алмазбек Атамбаев да жооп кылды. Президент 18-апрелде башкы прокурор Индира Жолдубаева менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинини төрагасы Бусурманкул Табалдиевге “Вечерний Бишкек” гезитинин жамаатынын кайрылуусунда айтылган айыптоолорду тыкыр текшерип, анын ичинде зарыл болгон экспертизаларды жүргүзүү жана күнөөкөрлөрдү ким экендигине карабай жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди. Мындан тышкары аларга коомго объективдүү маалыматты жеткирүү милдети жүктөлдү.

“Вечерний Бишкек” гезити мурунку президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев тарабынан тартылып алынып, бирок 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин Александр Кимге кайтарылып берилген.

Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн белгилөө сунушталды

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Кыргызстанда парламенттик шайлоону быйыл 4-октябрга белгилөөнү сунуштап, президентке кат жолдоду. Ал катта азыркы парламенттин конституциялык мөөнөтү 4-октябрда аяктай турганын айтып, мына ошол күнгө шайлоону белгилөөнү сунуштаган.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрү азыркы Жогорку Кеңеш 2010-жылы 10-ноябрда биринчи жыйынына чогулганын, ошондуктан шайлоону 1-ноябрга белгилөө туура болот деп эсептөөдө.

БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева жаңы технологиялык ыкмалар киргизилип жаткан учурда шайлоону кечирээк мөөнөткө жылдыруунун зарылдыгы бар дейт:

- Азыркы модель менен шайлоону өткөрүү үчүн автоматташтыруу, биометрика киргизилип жаткан шартта ар бир күн кымбат. Ошон үчүн мен тынчсызданып жатам. Анткени ортодогу айырма - 26 күн деген өтө чоң мезгил.

Гүлнара Журабаева мыйзамга ылайык, шайлоо күнүн өз жардыгы менен президент белгилерин кошумчалады.

Парламенттик шайлоого даярдык көрүп жаткан саясий күчтөрдүн азыркы абалына токтоло турган болсок, КСДП жана “Ата Мекен” партиялары гана жалгыз шайлоого барарын айтып, өздөрүнүн күчүнө ишенимдүү турушат. Калган партияларда жана саясий топтордо биригүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Маселен, “Өнүгүү” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Эмгек”, “Бир бол” жана “Ак шумкар” партиялары менен болгон сүйлөшүүлөрдү ырастады. Ошол эле учурда Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы менен бир тизмеде шайлоого баруу жөнүндөгү келишим да күчүндө экенин белгиледи:

- 2013-жылы 7-ноябрда 2015-жылы боло турган шайлого бир тизмеде барабыз деп, Ош шаарында элдин алдында келишим түзгөнбүз. Ал келишим күчүндө. Бирок анда партиялардын биригүүсү жөнүндө айтылган эмес.

Мелис Мырзакматов болсо учурда сыртта жүргөнү маалым. Ага каршы кылмыш иши козголгон.

“Бир бол” партиясы менен биригүүсү ишке ашпай калгандан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы да өз алдынча шайлоого барууну чечкени маалым. Партиянын активисттеринин маалыматы боюнча , азыркы кезде “Бүтүн Кыргызстандын” катарына кошулуу боюнча Мыктыбек Абдылдаев, Жыргалбек Азылов, Улукбек Ормонов жана башка саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Мындай сүйлөшүүлөргө жана биригүүлөргө дагы убакыт бар. Ошондуктан алдыда ар кандай бирикмелер жана биригүүлөр болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG