Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Бул кадам өлкөдө терроризм дана экстремизм коркунучу күчөп жаткандыгынан улам келип чыгууда.

Өкмөт чыныгы ислам менен экстремизмди айырмалаш үчүн жогорку билимдүү диний адистерди даярдоо зарыл экенин, ага атайын каражат да табарын жар салды.

Босогодогу экстремизм коркунучу

12-сентябрда күч түзүмдөрүнүн, Мусулмандар дин башкармалыгынын, Билим берүү министрлигинин жана ислам таануучулардын катышуусунда өткөн кеңешмеде өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев мамлекет диний саясатын мындан ары чыйралтарын билдирди.

- Мамлекет муфтиятка, мусулмандардын иштерине жардам бербей, карабай койду. Ошол эле кезде башка жактан "жардамчылар" чыкты. Башка жактан акча келип, туура эмес жолдорго мусулмандарды буруп жатат.

Ошондуктан бул маселеге мамлекет өзү киришиши керек. Бул үчүн каалайбызбы, калабайбызбы акча табышыбыз керек болот. Мунун өзгөчө бир жолун табыш керек. Элге жолун көрсөтпөсөк, үйрөтпөсөк башка жакка кетет. Имамдар өздөрү түшүнбөй туура эмес айтып жатса, “чала молдо дин бузар” деген ушул да.


Атамбаев Билим берүү министрлигине, өкмөттүн алдындагы дин иштери боюнча комиссияга жана муфтиятка биргелешип, мектептерде диний сабаттуулукту жойгон окутуу программасын иштеп чыгуу керектигин айтты. Ошондой эле жогорку билимдүү ислам теологдорун даярдоо зарыл экендигин билдирди.

Дааватчылар кимдер?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Көлбай Мусаев салттуу эмес ислам жаатындагы диний агымдар өлкөдө коркунуч жаратып жатканын ачыктады:

- Кыргызстанда түбү Пакистанда жайгашкан “Таблиг жамаат” кыймылынын активдүү жактоочулары иш жүргүзүп келет. Ал массалык жана системалык үгүт ишин жүргүзгөн кыймыл катары мүнөздөлөт.

Дааватчылардын өзгөчөлүктөрү болуп диний билимди талап кылбагандыгы, светтик кийим кийүүдөн жана жашоо образынан баш тартуусу, бекемделбеген саясатка киришпөө деген билдирүүсү эсептелет. Бирок алар Мусулмандар диний башкармалыгына үстүртөдөн гана баш ийет.

Чындыгында “Таблиг жамааттын” лидерлери Пакистандын Райван шаарындагы борборунун көрсөтмөлөрүн кынтыксыз аткарат. Алардын негизги максаты - Кыргызстанда жана Орто Азияда ислам халифатын куруу.


Улуттук коопсуздук кызматы муфтият диний экстремизм менен күрөшүүдө иш алып барбай жаткандыгын да сынга алды.

Диний адистер таңсыктыгы

Ал эми бул жааттагы адистер диний экстремизмдин коркунучун алдын алуу маселеси эбак эле бышып жетилгенин, жогорку диний адистерди даярдоо жагы такыр эле унутта калып келгенин айтышууда.

Кыргызстанда жогорку адистиктеги диниятчыларды даярдаган Ош мамлекеттик университетинин Арашан теологиялык факултети он жылдан бери иш алып барат. Мындан тышкары Ишенаалы Арабаев атындагы Педагогикалык университети төрт жыл мурда ислам таануучуларды даярдоону баштаган.

Окуу жайдын ректору Төлөбек Абдрахманов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Маселени көтөрө баштабасак болбойт. Шарт бар же жок, адистер жетиштүү, жетиштүү эмес деп отура бергенде маселе чечилбейт. Себеби шартты да өзүбүз түзүп, адистерди да өзүбүз даярдашыбыз керек. Биз ансыз да кечигип жатабыз. Кечиккен сайын коомдо коркунучтуу, түйшөлткөн кыймылдар, агымдар жана багыттар пайда болууда.

Мындан тышкары муфтияттын алдындагы Кыргызстан ислам университети жана жети институт диний адистерди даярдайт. Бирок булар диний окуу жайлар болгондуктан алардын бүтүрүүчүлөрү жогорку билимдүү адистер деп эсептелбейт.

Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов диний адистерди даярдоо жагына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жаткандыгын эбак эле жасаш керек болгон иш деп эсептейт:

- Балким бүгүн-эртең билинбейт, бирок 15-20 жылдан кийин кыргыздардын өздөрү эле ар кандай агымдардын жактоочулары болуп калышы мүмкүн. Адамдын курсагын тойгузгандан да, руханий ачкачылык өтө бир орчундуу орунда турат.

Муфтий Жалилов дааватчылар өлкөгө коркунуч жаратып жатат дегенге кошулбайт. Бирок алардын кийиминде, жүрүм-туруму боюнча айтылган айрым сындарды туура деп эсептейт.

- Кечээ жыйналышта алар экстремисттер деп айтылды. Бирок буларды экстремисттер деп айтуу үчүн көптөгөн анализ керек. Казакстанды же Өзбекстанды туурай берген болбойт. Алардын өз саясаты бар.

Кыргызстанда иш жүргүзүп жаткан дааватчылардын “Таблиг жамаат” уюму, Орусия, Тажикстанда ырасмий тыюу салынган. Ал эми Кыргызстанда экстремисттик деп табылган кыймылдардын алдыңкы сабында “Хизб-ут Тахрир” уюму турат.

Улуттук коопсуздук кызматы бүгүнкү күндө алардын мүчөлөрү 12 миң адамдан ашаарын билдирди. Бирок чыныгы саны мындан бир нече жогору деп болжолдонууда.

Адистердин айтымында, Кыргызстандагы диний жараяндарга Пакистандан тышкары араб өлкөлөрүнүн, Түркиянын таасири өзгөчө. Араб өлкөлөрүнүн таасири менен жергиликтүү салттык исламга туура келбеген диндар жаштардын тобу өсүп чыккандыгын да белгилеп жатышат.

Ал эми дин таануучулардын арасында Кыргызстанга Түркиянын ислам үлгүсү ылайыктуу дегендер арбын. Диний серепчи Бакыт Мурзубраимов Түркиянын бүткүл дүйнөгө таанылган ислам үлгүсүн алуу Кыргызстан үчүн туура болмок деп эсептейт.

- Түрктөрдүн дүйнөгө болгон көз карашы биздикинен эч айырмаланбайт. Мисалы, бир эле окуяга түрктөр менен кыргыздар бирдей баа берет. Ошол эле кезде араб менен кыргыз ага эки башка баа бериши мүмкүн. Андан тышкары, исламдын идеологиялык жактары да бизге окшош. Биз да, алар да ханафий мектеби боюнча ыйман келтиребиз. Азыркы бийликтегилер да Түркиянын модели бизге ылайыктуу экенин түшүнүп жатышат.

Түркияда имамдарга, диний кызматкерлерге өкмөттөн айлык төлөнөт. Кыргызстанда да айрым депутаттар имамдарга айлык төлөп берген мыйзам жазып жатышканын билдиришүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG