Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Ысык-Көлдө кайрадан торпедолор сыналат


Кант аба базасындагы орус аскерлери, 12-август, 2012.
Кант аба базасындагы орус аскерлери, 12-август, 2012.

Орусиянын Кыргызстандагы Бирдиктүү аскер базасы боюнча эки тараптуу макулдашуунун долбоорун жергиликтүү маалымат агенттиктери жарыялап чыгышты.

Аталган макулдашууга Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары учурунда 19-сентябрда кол коюлуп, бирок анын мазмуну коомчулукка жарыяланган эмес болчу.

Орусия президенти Путиндин расмий сапары учурунда эки тараптуу кол коюлган негизги документтердин бири - Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасы боюнча макулдашуу болгон. Ага ылайык, буга чейинки Орусиянын карамагындагы төрт объект бириктирилип, ага бирдиктүү аскер-аба базасы катары макам берүү жагы бекитилген. Анын курамына Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы сейсмикалык борбор кирет. Макулдашуу 2017-жылдын 29-январынан баштап күчүнө кирет. Ага чейин аталган объекттердин абалын жакшыртуу жагы көрсөтүлгөн.

Коопсуздук боюнча эксперт Марат Иманкулов макулдашууну күчүнө киргизүү мөөнөтү мурдагы келишимдердин укуктук ченемин сактоо менен байланыштуу экенин белгиледи:

- Мына ошол орус аскер объекттеринин ар бири боюнча өзүнчө келишимдер бар. Алардын бардыгынын мөөнөтү менимче, мына ошол 2017-жылга барып, анан аяктайт. Ушул жагынан алганда буга чейинки келишимдердин мөөнөтү мына ошол көрсөтүлгөн жылы бүтөт. Анан эми буга чейин Орусия тарап мына ошол объекттердин бардыгын бириктирип туруп, бир база катары түзүү жагын сунуштап жаткан эле. Ошон үчүн анын макамын өзгөртүү жагы мөөнөт аяктаган соң гана күчүнө кирет дегенди эле түшүндүрөт.

Бириккен аскер-аба базасы боюнча эки тараптуу макулдашууга жана ага кошумча протоколго 19-сентябрда Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков кол койушкан. Бирок долбоордун мазмууну маалымат каражаттарына жарыяланган эмес. Аталган долбоор мурдагылардан эч кандай айырмаланбайт. Болгону бирдиктүү аскер-аба базасы үчүн ижара акысы 4,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө калган. Ошондой эле Канттагы аба майданын колдонуудагы коммуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдарды көтөрүү Кыргызстандын мойнунда кала берди.

Аскер иштери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев ижара акысы мурдагы өлчөмдө калганы менен Орусия Кыргызстандын аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүү милдеттемесин укуктук негизде өзүнө алганына токтолду:

- Бул объекттердин көпчүлүгү чын-чынына келгенде Кыргызстандын коопсуздугун сактоого жана анын кызыкчылыгына көбүрөөк катышы бар. Мына ошондуктан бул жерде ижара акысы азыраак болуп калды деген туура эмес. Анткени жаңы макулдашууда Орусия Кыргызстандын аскер күчтөрүнө көмөк көрсөтүү боюнча милдеттеме алып отурбайбы. Анын бир мисалы мына жакында алар Кыргызстанга 1 миллиард долларлык аскер куралдарын берет.

Аталган макулдашууда Ысык-Көлдүн Кой-Сары жана Кара-Булуң аймагындагы суу алдындагы сынак полигонун кайрадан жандандыруу жагы каралган. Макулдашуунун 9-беренесинде кыргыз тарабы бириккен орус аскер базасынын кемелерине Ысык-Көлдө акысыз сүзүү укугу көрсөтүлгөн. Алардын сууда сүзүү учурунда Ысык-Көлдүн айрым райондорун жабуу жагын эки тарап өз ара макулдашат деп жазылган. Мындан сырткары Орусия тарабы Ысык-Көлдө аскер куралдарынын үлгүлөрүн сыноого укуктуу деген шарттар калтырылган.

Талдоочу Марат Иманкулов мында экология маселесине көңүл буруу зарылдыгын айтты:

- Эгерде макулдашууга ылайык, суунун ичинде торпедолорду сыноо баштала турган болсо Кыргызстан экологиялык коопсуздук жагына көзөмөл кылууну күчөтүүгө тийиш. Ал жерде албетте, радиация тарата турган куралдардын үлгүлөрү колдонулбайт. Бирок ошентсе дагы торпедолорду сыноо үчүн экологиялык жагынан коопсуз шарттар түзүлүш керек.

1991-жылга чейин “Дастан” заводунан чыгарылган “Шквал” үлгүсүндөгү аскер торпедолору Ысык-Көлдө суунун алдында сыналып келген. Ал объекттерди өз карамагында сактап калган Орусия тарап кийинчерээк сыноолорду токтотуп койгон болчу.

XS
SM
MD
LG