Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Азия чемпионаты жемиштүү болду


10-июнда Ташкентте өткөн таэквондо боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандык спортчулар байгелүү келди.

Таэквондонун ИТФ түрү боюнча Ташкентте өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын тандалма командасы 4 алтын, 3 күмүш жана 11 коло медаль утуп алды. Бул ийгиликти “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев сүйүнчүлөдү.

Кыздар арасындагы таэквондо таймашында Нурай Нурлан кызы жана Айпери Сыргак кызы Азия чемпиону аталды. Жигиттерден Абдулазиз Усманов (78 кг) менен Рустем Ахмеджанов (70 кг) бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону деп таанылды.

Аракет бар, натыйжа жок

10-июнда Шанхай шаарында фехтование боюнча Азия чемпионаты соңуна чыкты. Мында кыргызстандык спортчулар 7-орун менен чектелди.

14 өлкөнүн өкүлдөрүнөн командалык эсепте Казакстан биринчи, Кытай экинчи, Түштүк Корея үчүнчү орундарды камсыз кылды.

Эркин күрөш: Кожомкулдун байгеси

7-8-июнда Бишкекте эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул балбандын байгесине арналган эл аралык турнир өттү. Быйыл 51-ирет өткөрүлгөн мелдешке Венгрия, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан балбандар катышты.

Кыргызстандын намысын 7 салмак боюнча 63 балбан коргоду. Алардын катарында Лондон олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону Магомед Мусаев (96 кг), Бээжин олимпиадасынын катышуучусу, Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Базар Базаргуриев (60 кг), Иннокентий Иннокетьев (74 кг), Улукман Маматов (66 кг) жана жеңил салмакта Самат Надырбек уулу баш байгенин ээлери болду. 84 кило салмакта орусиялык Аслан Бибулатов, оор 120 кило салмакта казакстандык Магомед Агиев биринчи орунду камсыз кылды.

Мелдеш жогорку деңгээлде өткөнүн Кожомкул балбандын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов “Азаттыкка” айтып, Магомед Мусаев менен Базар Базаргуриевдин күрөшкөнү күйөрмандардын купулуна толгонун кошумчалады.

Жеңүүчүлөр сентябрда Венгриянын борбору Будапеште өтө турган дүйнө чемпионатына бараарын, күмүш, коло байге уткандар Казанда өтө турган Универсиадага катышаарын федерация президенти Мелис Турганбаев айтты.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын турнири

9-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык жеңил атлетика турнир жыйынтыкталды. Мында Борбор Азия, Иран жана Орусия өлкөлөрүнүн эки жүздөн ашуун жеңил атлетчиси мөрөй талашты.

Мелдештин ардактуу мейманы катары олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова Москвадан атайын келип, жеңүүчүлөргө байге тапшырды. Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземинде Москва олимпиадасынын чемпиондору Татьяна Колпакова менен Александр Мелентьевге Улуттук олимпиада комитетинин “Алтын орденин” жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов тапшырды.

5 км аралыкка жарышта марага озуп келген таластык жөө күлүк Адилет Кыштакбеков мыкты машыгууга шарт жоктугун “Азаттыкка” айтып, келечекте Сатымкул Жуманазаровдой өлкөнү дүйнөгө таанытсам деген тилегин билдирди.
Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакова болсо, учурда кыргызстандык спортчулардын деңгээли төмөн экенин сынга алды.

Жаш мушкерлер сыналды

Кара-Балта шаарында бокс боюнча уландар арасында эл аралык турнир болду. Мелдеш өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Маатым Акеровдун байгесине арналып, Борбор Азия мамлекеттеринин жүздөн ашуун мушкери катышты. Мында 10 салмак боюнча Кант, Токмок, Жалал-Абад шаарларынын жаш спортчулары айырмаланды. Казакстандык эки улан: Иван Дик менен Сергей Ветик жана тажикстандык Хамза Сулейманов баш байгенин ээси болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG