Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Кино ишмери, белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергенов гана Гиннестин рекорддор китебине кирген. Учурда кыргыз каскадёрлорун чет өлкөлүк кино компаниялар баалап, тасмаларга чакырып турушат.

Эдил Молдалиев - СССРдин бокс боюнча чебери. СССРдин атайын даярдыктагы аскердик чалгындоонун ардагери. Орусия менен Казакстандагы Каскадёрлор ассоциациясынын мүчөсү. Эл аралык жана Жапониядагы универсалдуу мушташ боюнча (Универсальный бой) мелдештердин жеңүүчүсү. Азиядагы "Абсолюттук мушташ" эл аралык кеңешмесинин мүчөсү. Учурда Дене тарбия жана спорт Академиясында мугалим.

Чет элдик 30 киного каскадёр катары тартылган өлкөнүн панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев "Азаттыкка" маек курду.

- Көп жылдан бери кино дүйнөсүндө жүрөсүз, каскадёрлук жактан алды Голливуддун, арты Жапония, Корея, Орусия, Казакстандын кино индустрияларын таң калтырып келесиңер. Киного кантип аралашып калдыңыз эле?

- Голливудду "жанчып" эле жүрөбүз. Алар биз кылганды жасай алышпайт. Аны "Көчмөндөр" тасмасында далилдеп бердик.

Бала чагымда Суусамыр өрөөнүндө "Караш-караш", "Бакайдын жайыты" деген тасмалар тартылып, аз өтпөй алар биздин айылга да келди. Клубдан чыккан, толкунданып, көргөндөрүн талкуулап келаткан элеттиктер бүгүнкүдөй эсимде. Ушул мага таасирин тийгизди. Өзгөчө ат кулагы менен тең ойногон актерлор көөдөн көрөңгөсүн түптөп койду десем болот. Арасында менин устатым, арбагы бейиштен орун алгыр Үсөн Кудайбергенов абам катышкан эпизоддору өзүнчө бүтпөс жомок болчу.

Кийин Өзбекстандын Чирчик шаарында өзгөчө кырдаал отрядында кызмат өтөп жүрүп, "Али-Баба жана 40 каракчы" деген тасманы көрүп, атчандардын ат ойнотконуна абдан таң калдым. Көрсө, ошол эпизодду толугу менен Ү.Кудайбергеновдун жетекчилиги астында кыргыз жигиттери аткарышыптыр.

Мен ал кезде Дене тарбия институтун бүтүп, машыгып жүргөм. Бир күнү жоон топ спортчулар келип, мага "биз студия ачтык, спортчу, ат үстүндө ойногон каскадёр керек" дешти. Ал жерде Үсөн байке менен таанышып, иштешип кеттик.

- Кайсы мезгил эле?

- 1989-жыл, Союз ыдырай баштаган учур. Аз өтпөй кыргыздар кино тартпай калышты, анан Москва тараптан сунуш келип, ал жакта иштеп калдым.

Иншаков Александр, Деркач Валерий Иванович менен тааныштым. Чогуу иштеп жүрүп, бир күнү америкалыктардын эрежесиз эр урушун (бой без правил) көрүп калдык. Олег Токтаров деген жигит ошол жакта жүрөт. "Киного тартылып аткан каскадёрлордун көбү спортчу болгондуктан эмне үчүн биз ушундай турнир өткөрө албайбыз, америкалыктардан эмнебиз кем?" деген ой кетти.

1995-жылы Москванын Ленин тоосундагы цирктин имаратында биринчи панкратион турнири өттү. Бир жылдан кийин Бишкекке келип, устатым Үсөн Кудайбергеновго айттым. Ал киши дароо макул болду. Кикбоксинг федерация башчысы Александр Воиновго кайрылсам, ал "эки спортту алып кете албайм" деди. Эмне кылам? Намыстандым, "жоо келгенде сүйүнчү, жоо-жарагын кийинчү" да. Кыргыздар кем калбасын деген тилек менен билек түрө ушул ишти баштадым.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG