Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:26

Шыкмаматов: Хоменюкту Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес


Болгарияда кармалган "Центерранын" мурдагы жетекчиси Леонардо Хоменюкту Кыргызстанга алып келүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Ал муну Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда шектелип кармалгандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдер жоктугуна байланыштырат.

“Ал Интерполдо издөөдө жүргөн үчүн компьютеринен чыгып калды да. Анан кармашты. Эми отуз күнгө чейин териштирүү болот. Алардын адвокаттары келет. Ошентип он чакты күндөн кийин Хоменюк чыгып кетерине мен ишенем”, дейт Шыкмаматов.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп берүү боюнча Болгарияга өтүнүч кат жөнөткөн.

Кыргызстан Леонардо Хоменюкту 2014-жылдын сентябрынан издөөгө алган. "Центерраны" 2008-жылга чейин жетектеп келген Л. Хоменюк аталган компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн коррупциялык жол менен азайткан деп айыпталган. (МТо)

XS
SM
MD
LG