Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

RWB Азербайжанды сөз эркиндигин чектебөөгө чакырды


Мындай чакыруу менен "Чек арасыз кабарчылар" (RWB) уюмe 5-декабрда чыкты. Өткөн жумаларда Азербайжанда үч журналист куугунтукталып, камакка алынган эле. Бийлик Azel.tv сайтынын редактору Афган Садыховду 22-ноябрда кармаган. Ал бир бийлик имараттарынын биринде аялга кол салган деп айыпталууда.

Ушундай эле негизде "Kanal 13" сайтынын журналисти Теймур Керимов 25-ноябрда кармалган. Ал Карабак качкындарын суу менен камсыздоо көйгөйүн чагылдырып жүргөндө белгисиз киши анын ишине жолтоо кылып, кордоп, түрткүлөй баштаган. Полиция журналисти “кол салды” деп кармап, кылмыш ишин козгогон.

Оппозициялык "Ени Мусават" гезитинин журналисти Замин Гаджини полиция 28-ноябрда чакырып, Фейсбукта жазганын жоготууну талап кылган. Журналист баракчасына бийлик төрт журналисттин өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишти ача албай жатат деп айыптаган. Замин Гаджи жазуусун өчүрбөй турганын билдиргенден кийин полиция аны бир нече сааттан соң бошоткон. (AiT)

XS
SM
MD
LG