Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

"Мама тил, папа мекен"


Кыргыз тили жөнүндө кыйнаган ойлор. Эне тилибиздин акыбалы жылдан-жылга оорлошуп баратканын, ага себеп болуп жаткан башкы жагдайларды белгилүү экономист Сапар Орозбаков кезектеги ой-толгоосунда кеңири талдоого алат.

Орус сөздөрүн араб сөздөрүнө алмаштыруудан кыргыз тили өнүгүп кетпейт

Илгери, болжол менен мындан 40 жыл мурун, Советтер союзу учурунда Чыңгыз Айтматов баштаган жазуучулар Ысык-Көлдө жаратылышты коргоо тууралуу форум өткөргөн эле. Ал кезде экологияны азыркыдай эколог аталган укук коргоочулар эмес, жазуучулар коргошчу. Ушу эле Бексултан Жакиев болсо керек эле, сүйлөп атып, помидор деп калды. Кеп облустун колхоз-совхоздору айыл чарба продукциясынан мол түшүм алам деп, минералдык жер семирткичтерди көп пайдаланып, ал жер семирткичтер болсо талааны сугарганда суу менен агып келип, көлгө куюп, Ысык-Көлдү булгап жатканы жөнүндө болуп жаткан.

Бексултан агай кыргызча айтсам Чынгыз Айтматов түшүнбөй калды деп ойлодубу, помидорду орусча эмне дечү эле деп тегерегинде отургандардан сурап калды. Эсимде, биздин улуттук сыймыгыбыз, улуу жазуучу көзүнөн жаш чыкканча күлүп, помидорду орустар да помидор дейт да дегени. Көрсө Жакиев помидорду кыргыз сөзү деп ойлоп жүрчү экен. Көрдүңүзбү, орус сөздөрү кыргыз тилине канчалык сиңип кеткенин.

Мен муну айтып жаткан себебим, азыр ушул өңдүү орус тилинен кирип, кыргыздын төл сөзү болуп калган сөздөрдү кыргыз тилинен күчкө салып сүрүп салуу доору жүрүп атат. Ошентип салсак эле кыргыз тили өнүгүп, нукура кыргыз тилине айланат да калат экен. Мисал катары түрктөрдү айтышат. Түрк тили да бир кезде араб жана фарсы сөздөрүнө толуп кетип, Кемал Ататүрктүн мезгилинде боордош калк алардын көпчүлүгүн байыркы түрк сөздөрүнө алмаштырып чыгыптыр.

Азыр кыргыз коомчулугунда сөз жасоо менен алектенген атайын демилгечи топ пайда болду. Алар гезит, журнал, радио-телевидениеде иштеген журналисттер арасында көп. Алар өздөрүнүн жасап жаткан ишинин тууралыгына ушунчалык ишенип алган дейсиң, өздөрүнүкү аз келгенсип, бирөөлөрдүн текстин да оңдоп-түзөп турушат. Алар, мисалы, «градустун» ордуна «даража» дегиле дешет. Алардын айтуусу боюнча, «эртең Бишкекте аба ырайы 30 даража болот» дешибиз керек экен.

Макул, Цельсий киргизген температуранын чен өлчөмүн алар айткандай «даража» дейли. Бирок орус тилинде «градус» деген сөз ар кандай бурчтуктарды ченөөдө да колдонулат эмеспи. Андан тышкары кадимки эле спирт ичимдиктеринин күчтүүлүгүн андагы спирттин үлүшүнө жараша 20, 30, 40 «градус» деп ажыратышат. Аларды да даража дешибиз керекпи? «Градус» деген сөздүн негизинде чыккан «градусник» деген сөз бар, температураны ченөөчү аспап. Азыр оорубаган киши жок, ал да градус өңдүү көп колдонулган сөз, кыргыз оозеки тилине терең сиңип кеткен. Аны кандай дейбиз? Тигинисин «даража», мунусун «даражачы» дейбизби, же «градусник» боюнча калтырабызбы?

Кыргыз тилинде «даража» деген сөздүн өзүнүн мурдагы мааниси бар. Орустун «степень» дегенин билдирет. «Улуу даражалуу конок келет» дечүбүз. Математикада да сандарды даражага көтөрчүбүз. Анын бул мааниси менен жаңы мааниси чаташууга алып келбейби? Бир сөз үчүн бул көптүк кылбайбы? Эми орус сөздөрүнөн кутулат элек деп сөздөрүбүдүн баарын көп манилүү кылып албайбызбы? Негизгиси орус тилинен кирген сөздөр кыргыз тилинде абдан көп, анын баарын качан алмаштырып бүтөбүз? Эгерде алардын баарын кыргызчалай албасак, башкача айтканда жарым жартылай кыргызчаласак, жарым чачын алып, жарым чачын калтырып койгон баштай көзгө кызык көрүнбөйбү?

Баарынан кызыгы, сөздүктү карап көрсөм, «градус» деген сөз орустуку, ал эми «даража» деген сөз кыргыздыкы эмес болуп чыкты. Даражаны Юдахин арабдардыкы дептир. «Улуу даражалуу адам» деп айткыдай, бул сөздү колдонгудай илгерки кыргыздар эрдик жасап, эмгеги сиңген адамга орден берген эмес. Ал коом адамдарды жашына гана карап бөлүп, башкасын эске албаган примитивдүү коом болгон. Биздин президенттер айтып жүргөндөй, демократиялуу, бирок примитивдүү демократия. Башка элдер менен катнаш түзүлүп, жашоо шартынын татаалдашы менен улам жаңы түшүнүктөр пайда болуп, араб жана фарсы тилдеринен көптөгөн сөздөр кирген да. Эми орус сөздөрүн араб сөздөрүнө алмаштырып койсо эле, кыргыз тили өнүгүп кетеби?

Анекдот болчу окуялар да болуп жатат. Орустарда «таможня» деген сөз бар. Түрк элдеринин «тамга» деген сөзүнөн алынган.. Анын негизинде орустарда «таможенная пошлина», «таможенный союз» өңдүү бир топ сөздөр пайда болгон. Эми ошол сөз орус жыттанып бирөөгө өтө шектүү көрүнсө керек. Аны «бажы» деген сөзгө алмаштырып салат. Чынын айтуу керек, «бажы» деген сөз азыр кыргызга сиңип кетти. Бирок «бажы» кыргыздын сөзү эмес. Фарсы тилинен алынган сөз. Анын чек арадан алынуучу бажы жыйындарына эч кандай тиешеси жок. Мурда ал салыктын бир түрү, тагыраак айтканда малдан алынуучу салык болгон.

Башка тилден сөз алуу нормалдуу нерсе. Биз андан коркпошубуз керек. Тил ошентип байыйт. Жарым миллиондон ашык сөзү бар англис тилинин 65% башка тилден алынган сөздөр түзөт. Мындан англис тили начар болуп калдыбы? Орус тилинде деле башка тилден кирген сөздөр 20% кем эмес деп жатышат. Биз корксок, тескерисинче, сөз байлыгы жетишсиз болуп, реалдуу турмушту туюндура албай калышынан коркушубуз керек. Тил ошондо деградацияга учурайт. Башка тилден сөздөр кыргыз тилинин эрежелерине ылайыкталбай бүкүлү кире баштайт. Тил эрежеге баш ийбей калат. Жазма тил менен оозеки тилдин ортосунда чоң айырма келип чыгат.

Тилди өлтүрүп жаткан тилчилер

Менин кесибим экономист. Советтер союзу учурунда окуп жана иштеп калдым. Китепканаларга барып, экономикага байланыштуу илимий эмгектерди окуу мен үчүн адат эле. Чарчаган учурда ал кезде үзбөй чыкчу «Ала Тоо» журналын, «Кыргызстан маданияты» гезитин барактай калчумун. Капаров, Белеков, Зарлыкбеков, Токтомушев деген фамилиялар дагы эле эсимде. Тили жатык, сүйлөмдөрү шурудай тизилип, ашык-кеми жок, чеберчилик менен жазылган, аттиң мен да ушундай жазсам деп суктандырчу макалалар эле. Азыр анын бири жок. Радио-телесинде деле, гезит-журналдарында деле өңчөй чала сабаттар иштешет. Алар кыргыз тилин өстүрбөй эле, өлтүрүп жатышат.

Азыр кыргыз журналисттери «айтты», «деди», дегендин ордуна «ырастады», «тастыктады» деп да айта беришет. Ырастай, тастыктай тургандай эч кандай күмөнү жок болсо деле. «Айтты», «деди» десем жазган текстим жупуну болуп калып, эл окубай коет деп ойлошот окшойт. Бирок аны менен «ырастоо», «тастыктоо» деген сөздөрдү өлтүрүп жатышат да. Өлтүргөнү ошо да, кийин аларды өз маанисинде колдонууга мүмкүн болбой калат, алар «айтты», «дединин» толук синонимине айланат.

«Жашырган жок», «ачыкка чыгарды» дегендер да ошондой. Кыргыз журналисттери жашырып кое турган эч нерсеси болбосо деле «жашырган жок» дей берет. Ал ушунчалык көп колдонулган сөз тизмеги болгондуктан сырттан угуп отурган адам ойлошу мүмкүн, бу кыргыздар ичине эч нерсе катпаган, ачык-айрымдуулукту сүйгөн эл болсо керек деп.

Мурда оппозиционерлер бийликтен кысым көрчү эле, бир чала сабат журналисттин айынан азыр "басым" көрүп калды. Там урап басып калгандай кулакка жаман угулат экен. Бу да «кысым» деген сөздү жайлаганы аз келгенсип «басуу» деген этиштин негизинде пайда болгон «басым», «басыңкы», «басырык» өңдүү бир топ сөздөрдү, аны менен кошо фразелогиялык сөз айкаштарын бери эле дегенде жарадар кылып тынчудай көрүнүп калды.

Мындай нерселер азыр абдан көп. Эгерде кыргыз тили өнүксүн десек, биринчи кезекте журналисттер кыргыз тилин жакшы билиши керек. Алар башкаларга үлгү болуш керек. Бул өзгөчө КТРге тиешелүү. Мамлекеттик тил комиссиясы КТРде берилип жаткан материалдарды көзөмөлгө алып, кыргыз тилин жакшы билбеген журналисттерди айтып турсун. Аларды окутуу зарыл. Керек болсо алар кыргыз тилинен экзамен бергидей кылыш керек. Мен экономист катары буга окшогон чектөөлөрдү анчалык деле жактыра бербейм. Бирок абал жакшырбаганын эске алып эмне үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга болбосун.

Спортсмен болуп кеткен продукциялар

Кесибиме байланыштуу мага Улуттук статистикалык комитет менен Улуттук банктын басылмаларын көп окууга туура келет. Экөө тең өз жыйнактарын орус тилинде да, кыргыз тилинде чыгарышат. Айырмасы - Улуттук статистикалык комитет китептерин орус жана кыргыз тилинде бириктирип бир китеп кылып чыгарса, Улуттук банк кыргызчасын өзүнчө, орусчасын өзүнчө китеп кылып чыгарат. Акыркысы мени кыргыз деп мага кыргыз тилиндеги китептерин жөнөтөт. Мен бир жолу аларга телефон чалып, мага мындан ары орус тилинде гана жазылган материалдарыңарды жөнөтүп жүргүлө дедим. Эмне үчүн дейсизби?

Анткени кыргыз тилиндеги тексттерди таптакыр түшүнүүгө мүмкүн эмес. Бул Улуттук банктын да, Статистикалык комитеттин да китептерине тиешелүү. Мен экономиканы билип, экономикадагы анча-мынча нерселерди айттырбай түшүнөм, айрым каталарын оңдоп окуп кете берем, ошондо да мен көп жерин түшүнө албайм. Ал эми экономиканы түшүнбөгөндөр кантет дейм да. Кыргыз тилинде чыкты эле аты болбосо, аларды пайдаланууга мүмкүн эмес. Аларды которгонго кеткен кайран акча!

Мисалы, орус тилинде «уровень крайней бедности» деген термин бар. Бул термин ал тилде да бир аз олдоксонураак. Анткени ал жакырчылыктын деңгээлин (элдин канчалык жакыр экенин) да, аны ченей турган чен-өлчөмүн (жакырчылыктын чегин) да түшүндүрө берет. Бирок мындай нерсе орус тилинин нормаларында анчалык деле чектен чыккан көрүнүш катары бааланбайт. Ошону Улуттук статистикалык комитеттин котормочулары «жакырчылыктын акыркы деңгээли» деп которуп жүрүшөт (Кыргыз Республикасынын статистикалык жылдыгы, 2010-2014 жылдар, 88-бет). Менимче, котормочулар «уровень крайней бедности» дегендин өзү эмне экенин түшүнүшпөсө деле керек.

Кептин баары «крайний» деген сөздө жатат. Орус тилинде бул сөздүн эки мааниси бар. Биринчи мааниси «последний» деген түшүнүккө жакын, кыргыздын «акыркы» дегенин билдирет. Орустар «крайний дом на улице» дешет. Экинчиси кыргыздын «өтө» дегенин түшүндүрөт. Орустар «крайняя нужда» же «крайне важно» дейт. Бул жерде экономисттер сөздүн экинчи маанисинде алышкан. Өтө жакырлардын саны дегендей.

Биздин котормочулар болсо аны биринчи маанисинде деп ойлошкон. Бирок аны сөзмө-сөз которушкан эмес. Которсо, ал «акыркы жакырчылыктын деңгээли» болуп, бул эмне болгон нерсе деген суроо жаратып, котормочуларды бир аз ойлондурмак да. Алар орустардын өздөрү былжырап жатат, «крайняя бедность» деген болбойт, «крайний уровень» гана болушу мүмкүн деп ойлошконбу, билбейм, айтор «акыркы» деген сөздү «жакырчылык» деген сөздөн сыйрып алып, деңгээл деген сөзгө жабыштырып жатат. Эми «жакырчылыктын акыркы деңгээли» деген эмне экенин эр болсоң түшүнүп көр.

Же болбосо «промежуточная продукция» деген терминди алалы. Экономикада бардык продукция «конечная» жана «промежуточная» деп экиге бөлүнөт. Жалпак тил менен айтканда ал мындай: адамзат продукцияны өзүнүн керектөөсү үчүн өндүрөт. Мисалы, нан, шекер, эт жана башкалар. Бул «конечная продукция». Бирок нанды өндүрүү үчүн буудай керек. Тегирменди иштетүү үчүн электр энергиясы керек. Мунай, туз жана башкалар да талап кылынат. Аларды да өндүрүү зарыл. Алар болсо «промежуточная продукция» деп аталат. Аны биздин тилчилер «орто аралыктагы продукция» деп жеңил атлет кылып жиберишиптир, алыс аралыктагы же жакын аралыктагы продукциялар бар сыяктуу.

Билбегенден кийин мен котормочумун деп кызматка барбаш керек. Баргандан кийин, билбеген нерсени билгендерден сураш керек. Мен ушул маселе жөнүндө алты жыл мурда жаздым эле. «Кыргыз туусу» гезитине чыккан ал макаламды бир нече сайт жана газеталар көчүрүп басышкан болчу. Аны Улуттук статистикалык комитет менен Улуттук банктын кызматкерлери окушпаса керек. Окушса да кыргыздарга боло берет, аларга кыргызча чыкты аты эле болсо болду, кыргыздарга билим жарашпайт, жакырчылык эмне экенин билип алышса, эмне үчүн андай, эмне үчүн эл мынчалык жакыр деп башты оорутат, андан көрү эч нерсе билбей жүрө беришсин дешсе керек.

Эмне үчүн Аалы Токомбаев балдарын орусча окуткан?

Жогоруда айтылгандай, кыргыз тили көрнөк-жарнактарды, терминдерди жана сөздөрдү кыргызча жазып койсо эле өнүгүп кетпейт. Аны мамлекеттик тил деп жарыялап, орус тилинде окуткан мектептерге кыргыз тили сабагын киргизип, мамлекеттик кызматка кыргыз тилин билбегендерди албоо талабын катуу коюп, шаардык кыргыздарды жана башка улуттагы адамдарды үйрөнсөң да үйрөнөсүң, үйрөнбөсөң да үйрөнөсүң деп зордогон менен элдин баары кыргыз тилин урматтап, сүйүп, кыргыз тилинде сайрап кетпейт. Мен мындай чараларга каршы деле эмесмин. Бирок абалды өзгөртүү үчүн бул таптакыр жетишсиз. Кыргыз тилинин проблемасы тереңде жатат.

Кыргыз мектептеринде жакшы билим алууга мүмкүн эмес. Кыргыз тилинде чыккан китептердин деңгээли өтө төмөн. Өз берүүлөрүн кыргыз тилинде алып барган радио, телелер деле ошондой. Арасында бирин-экин жакшылары бар дечи. Бирок жалпы жонунан алганда өз ишмердүүлүгүн кыргыз тилинде жүргүзгөн радио, теленин берүүлөрүнүн сапаты орустардыкына жетпейт. Мен, мисалы, КТРдин берүүлөрүн аргасыздан эле көрбөсөм ыракаттанып көрө албайм. «Кыргызское чудо» деп канчалык макташпасын кыргыздар тарткан фильмдерге да ичим чыкпайт. Бул мурда, Советтер союзу учурунда деле ушундай болчу. Азыр андан бетер. Менимче, маселе ушунда жатат.

Ошондуктан чоңдор, интеллигенциянын өкүлдөрү, анын ичинде кыргыз тилин сүйөм, кыргыз үчүн өлөм деген Токомбаев, Сыдыкбеков баштаган жазуучулардын баары балдарын орус мектептерде окуткан. Жеке кызыкчылык деген ошондой болот. Ким эле балдары жакшы билим албай, келечекте кыйналганын кааласын. Мен аларды бул үчүн күнөөлөй деле албайм. Орусча окуган үчүн Айтматовдун китептери дүйнө элдеринин көпчүлүгүнүн тилдеринде чыкты. Орусча окуган үчүн Байжиевдин спектаклдери көптөгөн өлкөлөрдүн сахналарында коюлду.

90-жылдары эгемендиктин шары менен көптөгөн кыргыздар балдарын кыргыз мектептерине бере башташты. Мен ошол мезгилде жалаң шаардык кыргыздардан турган жамаатта иштечүмүн. Арасында кыргызча таптакыр сүйлөй албаган, сүйлөгөндөн уялгандар да бар болчу. Ошолор да өз балдарын кыргыз мектептерине беришти. Кийин бир нече жыл өткөндөн соң сурадым, балдарыңар дагы эле кыргыз мектебин окуп жатабы деп. Кайдан! Кайра орус мектебине беришиптир. Кыргыз мектептерде окуу начар экен деп баягы эле сөздү айтышты.

Кыргыздардын мезгилдин талабына ылайык сапатуу продукция жаратууга жөндөмсүздүгү жалаң гана балдарды окутууда эле эмес, бардык жерде орун алган. Жөндөмсүз экенибизден Советтер союзу учурунда өзүбүздү-өзүбүз бага албай, бизди орустар багып келди. Азыр да ошонун айынан экономикабыз өнүкпөй, жакыр жашап жатабыз. Бул кыргыздардын өзүн-өзү чануусуна алып келди. Сыртыбыздан калп эле «биз кыйын элбиз, Манастын тукумубуз» деп канчалык күпүлдөбөйлү, ичибизден сокур сезимибиз менен колубуздан эч нерсе келбеген, бечара калк экенибизди сезебиз да.

Жакшы билбесе да орусча сүйлөп, кыргыздар өз тилин чанды. Биз ыйык деп эсептелген «ата», «эне» деген сөздөрдү чандык. Чануу орус тилинде окуган кыргыздарда эле эмес, айылдык нукура кыргыздарда да болду. Ким эле азыр атасын «ата», энесин «эне» дейт. Шаардык кыргыздардан тартып айылда жашаган «нагыз» кыргыздарга чейин, «папа», «мама» дешип жатпайбы. Абал ушунчалыкка жетти, азыр кыргыздар «ата-эне» деген сөздү сөздүктөн чийип салып, арданбай, этпей эле, чындыкка тике карап «Эне тил» деген мектепте өтчү сабакты «Мама тил» деп, «Ата мекен» деген партияны «Папа мекен» деп алмаштырууга мезгил келди.

Мен кыргыз эмесмин деп ыйлаган кыргыз кызды көрдүм, тагыраагы - атасы кыргыз, энеси орус. Өз үй бүлөсү тууралуу сыймыктануу менен биз «орус сыяктуу айтканын аткарган так эл болобуз» деп айткан бир кемпирди көрдүм. Бул чануу эмей эмне. Чанган үчүн айылдан келген эле Гүлжан деген кыз Гуля болуп атат да. Чанган үчүн саясатчылар «мырза», «айым» деп кайрылууга караганда орустун «ичин» кошуп «Баланча Тукунчоевич» деп кайрылууну артык көрүшөт эмеспи.

Ыраматылык Салижан Жигитов айтып калар эле, кыргызга орусча айтмайын ишенбейт деп. Кантип ишенет, которгону жогорудагыдай болсо. Кыргызстанда окумуштулар көп - илимдин докторлору, профессорлор. Биз аларды жерге сууга тийгизбей мактайбыз, Эйнштейн болуп кеткенсип, бирок балдарыбызды акча болсо эле чет өлкөдөн окуткубуз келет. Бизде врачтар жалаң гана жогорку билимдүү врачтар, окумуштуу даражалары менен, бирок оорусак аларга ишенбей Германиядан, Түркиядан, Кытайдан дарыланабыз.

Кыргыз тилин өнүктүргүбүз келсе, аны Кыргызстанда жашаган адамдардын баары билсин десек, кыргыз мектептерин орус мектептеринен кем эмес билим бергидей кылып өзгөртүү керек. Мугалимдер жогорку окуу жайында окуганда диплом үчүн окубай жакшы билим алсын. Иштегенде да шайлоого катышам деп кетип калбай, сабагын балдар кызыгып уккудай сапаттуу өткөрсүн. Сабакты таштап той-ашка барганды токтотуу зарыл. Кыргыз мектептеринен кыргыздар эле эмес, орустар окубаганын көрөйүн. Маселенин татаалдыгы ушунда жатат. Бул чыны менен кыргыздар үчүн татаал маселе. Биз ушундай татаал маселени энөөлүгүбүздөн кара күчкө салып оңой чечкибиз келип жатат.

Сапар Орозбаков, экономист

XS
SM
MD
LG