Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Лондондо жаңырган ыр


Бүбайша Арстанбекова Британиядагы кыргыз поэзия кечеси учурунда, "Паша" кыргыз даамканасы, Лондон, Англия, 29.11.2013.

Бүбайша Арстанбекова Британиядагы кыргыз поэзия кечеси учурунда, "Паша" кыргыз даамканасы, Лондон, Англия, 29.11.2013.

Улуттук адабият күнүн утурлап, кыргыз поэзиясына суусап турган Британиядагы мекендештерибизге акын Бүбайша Арстанбекованын Англияга келиши чакан майрам болду.

Өзгөндө төрөлүп, Жумгалга келин болгон акын Бүбайша Арстанбекова менен Лондондогу "Паша" кыргыз даамканасында жолуктум. Улуттук оймолор түшүрүлгөн жибек көйнөк жана саймалуу кемселчен орто бойлуу аялды алыстан эле байкадым.

Бүбайша айымдын ата-энеси бири-бири менен ыр түрүндө баарлашып, дал ошолордун таасиринде алгачкы "Апама" деген ырын сегиз жашында жазат. Андан бери акындын "Сага" жана "Карегимде Ата-Журт" ырлар жыйнагы өз окурмандарын тапты.

Акындын айтымында, эргүү күттүрбөй келгендиктен, кол компьютери дайым жанында. Кээде түн ортосунда тура калып, капилет келген саптарды дароо тере коёт экен. Акын Бүбайша Арстанбекова Лондондо биз менен маек куруп, ой бөлүштү.

Датка псевдоними менен белгилүү акын Бүбайша Арстанбекова.

Датка псевдоними менен белгилүү акын Бүбайша Арстанбекова.

"Азаттык": Биринчиден, Уильям Шекспирдин мекенине кош келиптирсиз! Британиядагы адабияттын абалы менен тааныштыңыз. Ал эми Кыргызстанда руханий азык болгон адабияттын азыркы абалы кандай?

Арстанбекова: Кыргызстанда адабият маселеси өтө оор. Акын-жазуучулар, өз киндигин өзү кесип, эптеп акча же демөөрчү таап, китебин араң чыгарып жатышат. Окурмандардын саны азайып, көркөм табит төмөндөп кеткен. Көр турмуштун айынан "чымындуулар" чыныгы руханий азык болчу чыгармаларды жаратууга умтулбай калышты. Жаратып жаткандар деле бар дечи, бирок өтө аз. Бул дагы көркөм табиттин начарлашына себеп.

"Азаттык": Кыргыз коомунун акыркы маалда исламдашканы адабиятка жана улуттук салт-санаага залака тийгизип жатат деп айтылып жүрөт. Ошол пикирлерге кошуласызбы?

Арстанбекова: Диний агымдар залакасын гана тийгизбестен, кыргыздын нарк-насилин, кадыр-баркын, үрп-адатын, тарыхын түп-тамырынан бери жок кылууга далбас уруп жатышат. Булар чыныгы исламды жактагандар эмес. Исламга жамынып алган диний агымдардын өкүлдөрү. Акыркы кезде ачык эле "халифат орнотобуз" дешип, бул максатка жетиш үчүн кыргызды түркөйлүккө түртүшүүдө. Эркек аялды тике карабаш керек, кыздар бетин жаап жүрүшү керек деп. Адам баласы жарык дүйнөгө жылаңач келип, сапар карыганда жылаңач кетет. Жараткандын Жер шарындагы алты миллиард адамга мамилеси тегиз. Сен мусулмансың, сен буддистсиң деп бөлбөйт. Биз кыргыз болуп жаралгандан кийин, кыргыз болуп өлүшүбүз керек. Кыргыз ымыркайды бешикке бөлөп, алдейлеп, ыр менен чоңойтот. Жакыны көз жумса акыркы сапарга кошок айтып узатат. Эми ушуну дагы диний агымдар келип алып жоюп жатышпайбы!

Казат Акматовдун "Шахидка Мунабия" китебинин англисче котормосу, 2013-ж.

Казат Акматовдун "Шахидка Мунабия" китебинин англисче котормосу, 2013-ж.

"Азаттык": Диний агымдардын улуттук салтка тийгизген таасирин айтып өттүңүз. Ал эми аялдардын, анын ичинде сизге окшогон акын айымдардын, укугун басмырлоосу чыгармачылыкка таасир береби?

Арстанбекова: Сөзсүз залакасы тийүүдө. Аялдарга хижаб кийгизип, айдай бетин жаап, буту-колуна чейин карага ороп жатышат. Ал кыздар жүзүн ачык алып жүрө албайт. Эркектер бар жерде көпчүлүккө аралаша албайт. Алган күйөөсүнө гана таандык болушу керек. Ал күйөөсү ким? Үч-төрт аял алган чала молдо дин бузар. Кыргызда эгер аял балдарын бага албай калган жесир болсо, колунда бар эркек никелеп алып, балдары менен чогуу баккан. Ошол салтыбыз кайда кетти? Молдолор андай кыйын экен, жесирди алып, жетимдерди багып, соопчулукка барбайбы? Жок, алар кызынан да жаш бийкечке нике кыйгысы келет. Муну кандай түшүнсө болот? Үй-бүлөнү пландаштырбай төрөй бер дешет. Он бала болсо да, өзүм багам дейт. Он баланы бага албайт. Үч-төрт аял биригип, кайра ошол молдону багып жатышат. Андайлар толтура!

"Азаттык": Базар экономикасы деп, поэзияга, сиз айткандай, мамиле өзгөрдү. Деги эле, акындардын азыркы кыргыз коомундагы орду кандай?

Арстанбекова: Акындардын орду өтө чоң. Чыгармалары азыркы базар экономикасынын шартында массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири жайылбаса дагы, акындар өздөрүнүн үнүн элге жеткирип жатышат. Кечээги эле июнь жана апрель окуяларында акындар күйдү, акындар бышты, акындар жазды. Ошонун бардыгын окурмандар окуп, баа беришти. Ал эми мамлекет акындарды колдоону унуткан.

Казат Акматовдун "Эрика Клаустун 13 кадамы" китебинин англисче котормосу, 2013-ж.

Казат Акматовдун "Эрика Клаустун 13 кадамы" китебинин англисче котормосу, 2013-ж.

"Азаттык": Акыркы жылдары британ окурмандарынын арасында кыргыз адабиятына болгон кызыгуу артып, быйыл кыргыз жазуучуларынын бир эмес беш китеби англис тилинде жарык көрдү. Сиздин пикириңизде, анын себеби эмнеде?

Арстанбекова: Биринчиден, Чыңгыз Айтматов агабыз салып кеткен даңгыр жол. Чыңгыз агайыбыз аркылуу Кыргызстанга кызыгышабы деген ой пайда болду. Чыныгы окуяга аралашып, ошонун образын келиштире жазган Казат Акматовго окшогон жазуучулардын да кыргыз чыгармаларынын англисче которулушуна салымы зор.

"Азаттык": Сиздин кайсыл чыгармаңыз англис окурмандарына тартууланат?

Арстанбекова: "Курманжан Датканын арманы" деген поэмамды жактырып жатышат. Бул чыгарма орусчага дагы которулган. Дал ошол поэманы жактырган компания менен сүйлөшүп, пикир алмашканы Британияга келдим. Алар баладан да, өмүрлүк жардан да ажырап, ошол күйүтүн сыртка чыгарбастан, өмүр бою ичтен сызып өтүп кеткен армандуу эненин образын мыкты бериптирсиз деп жатышат.

"Азаттык": Өзүңүз Лондондогу кыргыз конок үйүнө конуптурсуз. Британиядагы мекендештер сизге кандай таасир калтырды?



Арстанбекова: Бул жактагы жердештердин жетишкендиги мени кубандырып жатат. Мен жашап жаткан мейманканада биздин Нургүл Кандикараева деген менеджер кызыбыз бар экен. Нургүлдүн бир нече тил билип, Британияда өзүнүн бизнесин ийгиликтүү иштетип жатыптыр. Нуриниса деген кыз мени менен чогуу жүрүп калды. Бул кыздын англисче сүйлөп, тыпылдап жүргөнүн көрүп алып кубандым. Биз үчүн бир нече тил билүү, башка маданиятты түшүнө билүү – чоң жетишкендик. Ушунун баарын көрүп мен чын жүрөгүмдөн кубанып жатам. Четтеги жигердүү жаштар Кыргызстанга келип жакшы кызмат өтөсө деген үмүтүм бар. Мамлекетти өнүктүрүүгө мындан да чоң салым кошсо. Жеке ишкердиктиби, экономиканыбы же социалдык тармакты өнүктүрөбү, кандайдыр бир жаңылык жана өзгөртүүлөрдү киргизип, биздин өлкөбүздү алдыга сүрөп кетсе деп ойлойм.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG