Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:43

Европадагы Аалы менен Сыймыктын баарлашуу сапары


Сыймык Бейшекеев, Улукбе к Болушев, Аалы Туткучев

Сыймык Бейшекеев, Улукбе к Болушев, Аалы Туткучев

Кыргыздын таанымал өнөр чеберлери Ала-Тоодон Европага диалог жана достук сапарына аттанып, ар кайсы өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен жолугуп баарлашып, комуздун коштоосунда ыр тартуулап кайтышты.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев менен "Эл ырчысы Эстебес" тобунун жетекчиси, төкмө акын Аалы Туткучев, сапарды уюштурган "Диалог Евразия - Кыргызстан" коомдук фондунун президенти Улукбек Болушев "Азаттыктын" Прага студиясында уюштурулган талкууга дагы конок болушту.

"Азаттык": ​Мекендештер менен жолугуп, баарлашып, өз өнөрүңөрдү тартуулаган сапарыңар карып баратыптыр. Жолугушууларда сиздер күтпөгөн, сиздерди таң калтырган же тескерисинче көңүл чөгөргөн кандай окуялар болду?

Сыймык Бейшекеев: Европада жашап иштеген мекендештердин окууда болобу, иште болобу жетишкендиктерин көрүп абдан кубандык. Бул сапарыбыз баягы "Келдим, көрдүм, кеттим..." дегендей болгон жок, бул сапар баарлашуу, бир туугандай болуп отуруп чер жазышуу болду. Концерт берип эле тим болбостон, мекендештердин пикирин, ой-максаттарын угуу бизге абдан кызыктуу болду.

Мамлекет ушул нерсени колго алып, алыста өз көйгөйүн өзү чечип жүргөн мекендештерге жылына жок дегенде бир жолу өнөр адамдарын жиберип, жолугуштуруп турганда жакшы болмок экен деген ой жаралды. Мындай жолугушуу биринчи жолу болгондуктан, алардын кубанычы, сагынычы, албетте, бизди дагы толкундантты.

Аалы Туткучев: Бир икая бар. Алыстан ак куу учуп келатып суу ичейин деп кудукка консо, анын ичинде бир бака отуруптур дейт. "Эй, ак куу кайдан келатасың?" десе, "Алыстан келатам, жылуу жактарга баратам" - деп жооп берет. "Жашоодо эмнелер бар экен? - десе, - Чоң-чоң деңиздер бар экен. - А эмне деңиз менин кудугуман чоң бекен?, - Ооба, сенин кудугуңан чоң экен. - Андай болушу мүмкүн эмес. Ал деңизде эмне бар экен? - Ал деңизде чоң киттер бар экен. - Кит менден да чоң бекен? - десе, - Cенден да чоң экен. - Андай болушу мүмкүн эмес" - дептир бака.

Аалы Туткучев менен Сыймык Бейшекеев.

Аалы Туткучев менен Сыймык Бейшекеев.

Биз ошол кудуктагы бака сыяктуу эле Кыргызстандын ичинде айланып жашап атабыз. Бул ирет четтеги бир туугандарыбызды көрүп кубандым. Кээ бир мекендештерибиз Германияга келип, немис жеринде мектептин директору, университеттин проректору болуп иштегендери бар экен. Аларды көрүп алып, албетте, кубанат экенсиң. Кыргызстандагы кээ бир жаштардын жүрүм-турумун көрүп капа болсоң, бул жакта жаштардын иштерин, ийгиликтерин көрүп, ушундай тең салмактуулуктун болгонуна сүйүндүм.

Анан мекендештердин үйүнүн босогосун аттап киргенде Кыргызстан болуп калат экен. Менин үйүмдө жок кыргыздын улуттук, мамлекетке тиешелүү салтуу, барктуу нерселери үйлөрүндө экен. Балким биз Кыргызстанда жашап бул нерселердин баркын билбейттирбиз, үйүбүзгө тууларды илбейттирбиз. Алар күнүгө тууну өөп, сылап, кыргыздын комузун коюп, кыргыз экенибизди унутпайлы, деп балдарына дагы үйрөткөнгө аракет кылышат экен. Биз барган жерлерде жаштар чогулуп, мурда бири-бирин тааныбагандар ошол жерде таанышып, жакындаша баштады. Бул аз да болсо ынтымакка, биримдикке, диалогго кошкон салымыбыз болду окшойт.

Бир өкүнткөн нерсе - бул жакта иш абдан так, ар нерсе өз убактысы менен экен. Анан бири-бири менен жөн гана отуруп сүйлөшүүгө, чай ичишүүгө убакыт деле болбойт экен. Адамдар робот сыяктуу болуп бараткандай, көчөдө учурашпайт, кабактарын бүркөп алып, бир ойдун кучагында үйүн көздөй шашкандай. Ошол ыргакка биздин дагы кыргыз жаштар түшүп бараткан экен. Бул биздин келишибиз менен алар ошол ыргактан убактылуу болсо да чыгып, биздин ырга кошулуп, ичиндеги бугун чыгарып, биз менен диалог курду. Эгер биз жөн эле ырдап берип, алар угуп коюп кетип калганда ичибиздеги сагыныч таркабай калмак.

"Азаттык": Улукбек мырза, кыргызга таанымал эки өнөр чеберин Европага алып чыгып, мекендештерге жолуктуруу идеясын колдогон сиз жетектеген уюм экен. Европада жүргөн кыргызстандыктар дагы диалогго муктаж. Анткени алар башка жерде, башка маданиятта, башка тилде сүйлөп жашашат. Анан ошондой четтеги мекендештерге өнөр адамдарын алып барып, жолуктуруу идеясы кайдан чыкты?

Улукбек Болушев: Мен 2003-07 жылдары Швейцарияда окудум. Сиз айткандай, ошол алыста жүргөндө Ала-Тоого, Кыргызстанга болгон кусалыгыбыз күч эле. Студенттик күндөрдө эле ушундай максатым бар болчу. Анан үстүнө 2016-жыл Кыргызстанда тарых жана маданият жылы деп жарыяланып, анан бириничи эле айда ушул диалог жана достук сапарын уюштуралы деп Европадагы мекендештерге сунуштадык. Анан бул жакта окуп иштеген мекендештерибиз эки жигитибизди келип беришсин деп чакырышты.

Улукбек Болушев

Улукбек Болушев

Анан эки жигитибизге кайрылып, ушул сапарды баштап калдык. Сапар байсалдуу өтүүдө, бирок убакыт гана азыраак болуп калды. Азыр төрт өлкөнү кыдырдык, Италия, Франция, анан Германиянын кээ бир шаарларына бара албай калдык. Буюрса, алдыда бул сапарды дагы кайталайбыз. Биз мына Берлинде жүргөндө Берлин дубалынын алдына туруп, сүрөткө түшүп, Кыргызстан менен алыстагы мекендештердин ортосундагы дубалды жыгалы дагы достук көпүрөлөрүн куралы, жылына эки жолу мекендештерге келип туралы деп тилек айттык.

Эми “Диалог Евразия” коомдук фондунун демилгеси менен акын-ырчыларды жылына эки жолу четке алып келип, Европа, Евразиядагы мекендештерге жолугуштуруп турабыз. Ошондой эле Түштүк Корея, Москва, Украинада жашаган мекендештерибиз суранып чакырып жатышат. Келечекте диалог сапарын дүйнөлүк сапарга айлантабыз.

"Азаттык": Учурда дүйнөдө жашоонун ыргагы өзгөрдү. Экономикалык каатчылык, саясий каатчылык шартта адамдар күндөлүк турмуштун түйшүгүн тартууда. Анан ушундай маалда, диалог, баарлашуунун ролу канчалык деп ойлойсуз?

Бизде жан дүйнөнүн кризиси көбүрөөк болуп калды. Экономикалык каатчылыктан дагы жан дүйнөнүн кризиси сезилет.

Сыймык Бейшекеев: Кыргыз бүгүнкү күн менен эле жашап жаткан жок, канчалаган кылым карытып жашап келди. Кыргыз мындан дагы кыйын заманды башынан өткөргөн. Тарыхты аңтарып карасак, кечээги эле 1916-жылдагы кыргын, андан кийинки Улуу Ата мекендик согуштагы, ачарчылыктагыдай кризис кыргыздын башына түшө элек. Азыр эми аларга салыштырмалуу жыргал заман. Ар ким өз акылы менен иш кылып, нан таап жесе боло турган заман.

Бизде жан дүйнөнүн кризиси көбүрөөк болуп калды. Экономикалык каатчылыктан дагы жан дүйнөнүн кризиси сезилет. 1990-жылдан 2000-жылга чейин бөлүп карай турган болсок, өзүнчө бир муун чоңойду. Бирок ошол муун кандай чоңойду? Буга маани берсек тамыры терең. Мисалы, ошол маалда өнөргө болгон мамиле кандай болду, театрлар эмне болду? Бир учурда ачкан курсак тоет, жыртылган кийим бүтөлөт. Ал эми көңүлдүн ачкалыгы, көкүрөктүн тешиги бүтөлбөйт. Андыктан баарлашуу сөзсүз түрдө абзел. Кыргыз илгертеден сөздүн кадырын түшүнгөн калк эмеспи. Жада калса "жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан ийнинен чыгат" деген сөз бар эмеспи. Кыргыз сөздүн кудуретин, сөздүн кереметин билген калк.

Андыктан бүгүнкү каатчылык убактылуу нерсе, бирок сөздүн кадыры кандай болгон күндө да күчтүү. Бар нерсенин баркын билип, алдыга үмүт, артка өкүнүч менен карап жашап жатабыз. Анан биздин азыркы жасап жаткан жумуш келечек муунга кичине болсо дагы үлгү деп ойлойм.

Мен мекендештерге жолугууга келгениме абдан сүйүнүп атам, баарлашууларга чын жүрөктөн кубанып жүрөм. Жөн эле эки саат концерт коюп кетип калбай, келген эл менен маңдай-тескей отуруп баарлашканда алардан кызыктуу сунуштар, ой-пикирлер айтылат экен. Адамдын табагына бирөө аш салып бере албайт, бирок көкүрөктөгү сезимин ойгото алса, адам жоктон бар кылып, бардын болсо баркына жетерине ишенем.

"Азаттык": Айталы, мына Кыргызстанда нааразылык, бири-бирин жактырбаган көрүнүштөр көп. Соңку 10 жылда эки жолу күч менен бийлик алмашты. Ар кыл улуттагылар, түрдүү дин туткандардын жаатташуусу, элдин бийликке нааразылыгы арбын. Мына ушундай маалда Кыргызстандын ичинде дагы диалог, маңдай-тескей отуруп кеңешип эле маселе чечсе болбойбу? Ушул демилгени Кыргызстандын өзүндө да ишке ашырса болобу?

Аалы Туткучев: Бул ишти бүгүн Европага келип эле баштап калган жокпуз. “Диалог Евразия” платформасы бул ишти мурда эле колго алган. Кайсы жерде кандай иш болбосун, ал адамзаттын баалуулуктарына пайдасы тийсе биз аны сөзсүз түрдө колдошубуз керек. Биз Кыргызстандын ичинде дагы бул ишти баштаганбыз. Себеби адамдар чынында буга муктаж. Эки адам бири-бири менен жакын отуруп, шыбырашып сүйлөшүп, бири-бирин угушат. Бирок урушуп кеткенде эмне үчүн алар бири-бирине кыйкырат, жай сүйлөсө деле угат го деп ойлонобуз.

Адамдар бири-бирине жакын болгону менен жүрөктөрдүн аралыгы алыстайт экен. Ал эми жүрөгү жакын адамдар кыйкырышпай эле, көз менен бири-бирин түшүнө алышат экен.

Көрсө, адамдар бири-бирине жакын болгону менен жүрөктөрдүн аралыгы алыстайт экен дагы, жүрөктөн жүрөккө жеткирүү үчүн кыйкырышат экен. Ал эми жүрөгү жакын адамдар кыйкырышпай эле керек болсо сөз менен эмес, көз менен бири-бирин түшүнө алышат экен. Биз дагы ушул нерсени жайылтып, келгиле, уруш-жаңжал менен иш бүтпөйт экен, диалог куралы, бардык маселе чечилет деп атабыз. Ошол эле Ошто улуттар аралык окуя болду. Биз ал жерде жакшылыктын жарчыларыбыз, жамандыктын каршыларыбыз деп ”Диалог Евразия” фонду, “Айтыш” коомдук кору менен бирге Ош шаарында айтыш өткөрдүк. Бул 6-8 саат, эки күнгө созулган айтыш болду, ошол жерде ала топу кийген өзбек бир туугандарыбыз бүткүчө отурушту. Колдоп, сүрөп, кыйкырып, кол чаап отурушту. Бул дагы улуттар аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөөгө кошкон салымыбыз.

Анан кыргыздарга кыргыздын айткан сөзүнүн таасири болбой калды, ал эми тышта турган бирөөнүн сөзү таасирдүү болот экен. Чыңгыз атабыз кайра келип бир сөз айтса деле таасирленбешибиз мүмкүн, бирок баланча минтиптир десе, башка бирөөнүн сөзүнө кирип жатып калат экенбиз. Ал эми Кыргызстандан тышта жүргөн журтташтарыбыздын Мекенге болгон сөзү өтүмдүү. Алар ар бир сөзүн мекенге болгон сагыныч менен айтат. Алар менен бөлүшкөн ойлорубуз Кыргызстаныбызды өнүктүрүү үчүн ишке ашат деп ишеним менен бул жакта дагы жакшы иш баштадык. Бул жактагы мекендештерибизге комуз, комуздун үнү жакса четте жүргөн жаш балдар бул нерсени унутушпайт.

Талкуунун калганын бул жерден толук уга аласыз:

Акындар журтташтардын черин жазды (Прага шаары, 02.02.2016)

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG