Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Цойдун ыры менен тынчтыкка чакырган Жазбек


Жазбек Мамбеткулов
Жазбек Мамбеткулов

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык Жазбек Мамбеткуловдун Виктор Цойдун ырын кыргызчалаган видеосу соцтармактарда аябай көп көрүлүп, кызуу талкууда.

Видеодо 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяда тартылган кадрлар камтылган. Үйрөнчүк рокер Жазбек атактуу Виктор Цойдун ырын кыргызчалоо менен жаштарды саясий күчтөрдүн курмандыгы болуудан оолак болууга чакырат.

34 жаштагы Жазбек Мамбеткулов Виктор Цойдун ырларын бала кезинен бери угат. Бирок аны кыргызчалап, аткаруу идеясы жакында эле пайда болгон. Жазбек учурда Москва шаарында иштейт. Машинеси менен жумушка баратканда же эс алып отурганда ырдамайды адатка айландырган.

"Азаттык": Жазбек, Орусияда ким болуп иштейсиз?

Жазбек: Москвада "Планета суши" деген ресторанда иштейм. Суши жасайм. Бул ресторанда менден башка да кыргыздар эмгектенет.

Жазбек Москвада кесиптеши менен
Жазбек Москвада кесиптеши менен

"Азаттык": Цойдун ырын кыргызча аткарган видеоңуз мекендештерге аябай жакты окшойт. Үн кошуп, пикир жазгандар көп болуп жатат. Сиз өзүңүз Цойдун күйөрманысызбы?

Жазбек: Ооба, аны кичинемден эле жактырып укчумун. 8-класста гитара үйрөнүп баштаганымда Цойдун ырларын чертчүмүн. Кийинчерээк ал ырлардын сөзүнүн маанисин түшүнө баштадым. Эң кызыгы Цойдун ырларын ар бир муун өзүнчө кабыл алат, 15 жаштагы балдар башкача, 25тегилер өзүнчө болсо, 34 жашта таптакыр бөлөк таасирге бөлөнөт экенсиң. Ал ушунусу менен уникалдуу деп ойлойм.

Цойдун ырлары башта корей, кытай, иврит, молдован тилине которулуп, интернетте тараган. Бул көрүнүш мага катуу таасир эткен. Анан кыргызча да ырдалсын деп видео тарткан элем.

"Азаттык": Цойдун “Звезда по имени Солнце” деген ырынын кыргызча текстин аңдасак, анча-мынча сабы Кыргызстанда болгон ыңкылаптарга арналгандай таасир калтырат экен. Сиз даярдаган видео клипте да 7-апрелдеги тасмалардын үзүндүлөрү камтылыптыр. Атайын ошол окуяга арнадыңыз беле?

Жазбек Мамбеткулов
Жазбек Мамбеткулов

Жазбек: Цойдун бул ырын сөзмө сөз эмес, маанисине ылайыктап которууга аракет кылдык. 25-мартта соцтармактарга машинеде отуруп ырдаган видеомду чыгаргам. Окурмандар ыр жакканын айтышты. Ушундан кийин тез арада кайра сапаттуурак студияда видеоклип тартууну чечтик. Ырдын мааниси март, апрель ыңкылаптарына дал келгендиктен, Апрель окуясы тартылган тасманын үзүндүлөрүн кошууну эп көрдүк.

Ыр менен элге жеткирели деген максатыбыз - акыркы 25 жылда Кыргызстаныбыз өтө оор күндөрдү баштан кечирди. Келечекте мындай окуялар кайталанышын каалабайм. Тынчтык, ынтымак, достук өкүм сүрсө гана өлкө өнүгөт деп ойлойм. Трайбализмди жек көрөм. Кыргызча сүйлөгөнүн көрүп туруп “сен кайдан болосуң?” деп жер-жерге бөлгөн суроону бербесек дейм. Кыргызга кыргыз гана күйөт, кыргызды кыргыз гана сүйөт деген сөз бар эмеспи.

Ырды жаздырып, видео тартканга көмөк көрсөткөн байкелер: Сагынбек Абидиновго, Чыңгыз Калбердиевге, Акылбек Айтиевге ыраазычылык билдирем. Москвада студияда жөнөкөй эле ыр жаздырып, клип тарттыруу үчүн эң арзан дегенде биздин акча менен 25 миң сом керек. Менде мындай акча жок болчу.

"Азаттык": Ушул бир эле ырды кыргызчалап тим болосузбу? Же дагы башка ырларды ырдап чыгасызбы?

Жазбек: Чынын айтсам, бул жөнүндө ойлоно элекмин. Видеону көргөндөр башка ырларын да которуп чыкпайсызбы деп суранып жатышат. Бирок сөзмө сөз которуудан ыр маанисин жоготобу деп чочулайм.

"Азаттык": Эгер акындар ойдогудай которуп берсечи, анда ырдайт белеңиз?

Жазбек: Албетте ырдамакмын.

"Азаттык": Рахмат, сизге ийгилик каалайбыз.

Жазбектин аткаруусундагы ыр

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG