Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:05

Кыргызстан менен Тажикстан чек араны аныктоодо эски карталарга таянбай, Алматы декларациясы боюнча иш алып барууну чечишти.

Алматы декларациясына ылайык чек араны аныктоодо ар бир республика эгемендүүлүк алган мезгилдеги чек арасында кала берет. Мындай жол менен чек ара аныктоодо Кыргызстандын утканы эмне, уттурганы эмне болот?

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы өткөн жумада Дүйшөмбү шаарында биргелешкен жыйын өткөрдү. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев башында турган өкмөттүк делегация катышкан. Дүйшөмбү шаарындагы жыйында эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу талкууланып, өзгөчө чек араларды аныктоо маселеси көңүл чордонунда болгон.

Абдырахман Маматалиевдин “Азаттыкка” 27-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев чек араны эски карталардын негизинде эмес, Алматы декларациясынын жана эл аралык укуктук ченемдердин негизинде аныктоону сунуштаган. Бул сунуш өткөн жумада өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында да кыргыз тараптан көтөрүлүп, ал тажик тараптан оң кабыл алынды.

"Мындай жол менен чек араны аныктоодо республикалар СССР тараганга чейин ээлеген жерлерин ээлеп калат", - дейт Маматалиев:

- Чыры бар жерлер калат. Алар боюнча алмашуу, дагы башка чараларды көрөбүз. Жалпы чек араны аныктоодо негиз катары иш жүзүндө ээлеп турган тилкени алып, ошонун негизинде сүйлөшүү болуш керек. Мурун андай болгон эмес. Мурун, мисалы, алар утуп алабыз деген ой менен бир участок боюнча 1924-жылкы картаны көтөрүп чыкса, экинчи участоктон биз башка картаны алып чыгып жатканбыз. Ошентип, талаш-тартыш менен маселе жылбай келаткан. Эми, кудай буйруса, алдыга жыла турган болуп атат.

Абдырахман Маматалиев мындай жол менен эки жылдын ичинде чек ара такталып бүтөрүн кошумчалады.

Ар бир республика ээлеп келген жеринде кала турган принцип менен чек ара аныкталса, анда Кыргызстан утабы же утулабы деген суроо жаралат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары кесилишкен Баткен жана Лейлек райондорунун жетекчилиги мындай принцип менен чек араны аныктоодо Кыргызстан уткурбайт деген пикирде. Лейлек районунун акими Тилебалды Арипов:

-Тажик тарап 1924-жылкы карта менен бөлүшөбүз деп келген. Анда биздин Лейлек райондун жарымы тажик тарапка карап калыш керек. Биз 1928-жылы район болгонбуз да. Ага чейин 1924-жылы райондун жарым бөлүгү Хожент уездине карап турган. Ошондон бизге маселе коюп, биз 1924-жылкы карта менен бөлөбүз, Лейлек районунун жарымы биздики деп талашат. Биз 1959-жылкы, 1989-жылкы карталар менен бөлөбүз деп келатабыз. Ошону менен чечилбей келаткан. Ал эми факт жүзүндө ээлеп турган жерине карап бөлгөндө, биз уткурбайбыз.

Тилебалды Арипов буга чейинки сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан Катта-Туз деген жерде 159 гектар жерди мунай, газ казуучу жабдуулары менен өткөрүп алып, Кулунду-Максат көпүрөсүн куруп, бир топ маселелерди чечип алганын кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эң талаштуу жана жаңжалдуу участоктор Баткен районунда жайгашкан. Бул райондо талаштуу участокторду алмашуу жолу менен маселени чечүү каралып жатат. Негизи ээлеп турган жерине жараша чек араны аныктоодо Кыргызстан утулбасын Баткен районунун мурунку акими Сейитмурат Калыков да билдирди:

- Биз буга чейин ээлеп турган жерлер боюнча чек ара аныкталса, көп жерден уткурбайбыз. Себеби биз чек ара боюнча аларга доомат койгон жерибиз болгон эмес. Биздин жерге тажиктер ээ болууга аракеттенип келатат ушул кезге чейин. Ошол Алматы декларациясы менен чек ара аныкталса, бизге көп утуктарды алып келет.

Сейитмурат Калыков Баткен районунда өзгөчө Көк-Таш жана Таш-Тумшук айылдарында тажик тарап менен жер алмаштырууга баруу зарылдыгын кошумчалады.

Чек ара маселеси боюнча эксперт, кезинде чек араны аныктоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектеп турган Саламат Аламанов Алматы декларациясы декларативдик мүнөздө болгондуктан, анын негизинде чек араны аныктоо мурункудай эле татаал бойдон кала берет деген ойдо. "Эгерде ар ким өзү чарба жүргүзгөн жеринде калат, ошонун негизинде чек ара аныкталат деген болсо, анда маселе чечилет" дейт Аламанов:

- Ар ким өзү чарба жүргүзгөн жерин ээлеп калсын деп макулдашылса, анда жакшы болмок. Өзү 1955-жылы, 1959-жылы, 1989-жылы ошого келишкен. Бирок ошону кийин бекитпей коюшкан. Башкача айтканда, иш жүзүндө чарба жүргүзгөн жерине жараша чек ара аныкталат деген чечимге келсе, анда бул эң жакшы. Мындай болгондо маселе чечилет.

Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин айтуусунда, 5-ноябрда тажик вице-премьер-министри Ибрагим Азимов башында турган делегация Бишкекке келет. Мына ошондо ээлеп турган жерине жараша чек араны аныктоо боюнча чечим кабыл алынат.

Алматы декларациянын негизинде чек араны аныктоого киришүүнү бийликтегилерге мөөнөтү бүтүп бараткан Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков сунуштаган. Ал 2014-жылы президентке жолдогон кайрылуусунда кошуналар менен чек араны аныктоонун ыкмасын өзгөртүп, аны Алматы, Минск жана Москва декларацияларынын, Кыргызстан менен Тажикстандын 1996-жылы кол коюлган мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндөгү келишиминин негизинде чечүү туура болорун белгилеген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы аныкталган. Калган бөлүгү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG