Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Спратлен: Бакиевдердин байлыгы тууралуу далилдүү документ алалган жокпуз


Памела Спратлен АКШнын Кыргызстандагы элчиси.

Памела Спратлен АКШнын Кыргызстандагы элчиси.

"Манас" транзиттик борбору жабылуу алдында. Украинадагы окуялар геосаясий маселелерди курчутту. Ушул жана башка суроолор тегерегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым "Азаттык" радиосуна маек курду.

"Азаттык": Элчи айым, Кыргызстанда иштеп жатканыңызга үч жыл болуп калыптыр. Арттагы үч жыл Кыргызстан үчүн татаал жана маанилүү мезгил болду. Сиз кайсыл жетишкендиктер жана көңүл калтырган жагдайларды бөлүп атайт элеңиз?

Элчи: Биринчиден, «Азаттык» радиосунун угармандары менен баарлашууга мүмкүнчүлүк бергениңер үчүн ыраазычылык билдирем. Мен ар дайым «Азаттыктын» угармандары, журналисттери менен ой бөлүшүүгө куштармын жана силердин ишиңердин Кыргызстанда канчалык маанилүү экенин түшүнөм.

Туура айттыңыз, майда менин Кыргызстанда иштеп атканыма туура 3 жыл болот. Бул элчилик кызматтагы кезектеги иш ордум. Бул үч жыл Кыргызстан - АКШ алакалары үчүн абдан маанилүү мезгил болду. 3 жыл ичинде көп эле чоң окуяларга күбө болгонума чын дилимден сыймыктанам. 3 эң маанилүү нерсени белгилей кетейин.

Биринчиси – Кыргызстанда парламенттик демократиянын калыптанып өнүгүшү. Мен 2010-жылкы окуялардан бир жыл өткөндө ишимди баштагам. Ал мезгил Кыргызстан үчүн оор учур эле. Андан бери кандай өзгөрүүлөр болгонуна көз чаптырсак, азыр көпчүлүк 2015-жылкы парламенттик шайлоого камдана баштаганын көрүп туруп, чын эле арттагы үч жыл канчалык чоң бурулуш мезгил болгонун андай алабыз. Мен парламенттин көпчүлүк мүчөлөрү менен, коалиция башчылары, оппозиция лидерлери менен жолугуп маектештим. Баары тең Кыргызстандагы демократиялык жетишкендиктерди, парламенттик системаны андан ары өнүктүрүү керектигин бир ооздон белгилеп жатышат. Бул – жалпы региондогу эбегейсиз маанилүү жетишкендик деп айтаар элем.
Эн башында эле биз кыргыз бийликтери менен Бакивдердин акчасы, байлыгы кайда катылганын табуу, аныктоо ишин чогуу баштаган элек. Украина, же башка мамлекеттердин өкмөттөрү менен иштешкендей эле, ошондой мыйзамсыз мамлекеттик каражат, же байлык кайсыл жерде катылышы мүмкүн деген иликтөө иштерин Кыргызстанда да токтоткон жокпуз.
​Экинчиси - Кошмо Штаттар аябай ар түркүн катмардагы жаштар менен тыгыз кызматташып келатат. Маданий программалар алкагында, маселен, жакында эле Кыргызстанда төрөлгөн таланттуу джаз музыкант Элдар Жангиров туулган жерине кайтып келип, өз күйөрмандары, музыка сүйүүчүлөргө чоң концерт берип, мыкты кече уюштурдук. Биз көптөгөн жаштардын Америкага барып билим алуусуна жардам бердик, Бишкектеги Америка университетин өнүктүрүүгө колдоо көрсөттүк. Социалдык, маданий, билим берүү долбоорлорунун алкагында мен Кыргызстандагы бардык облустарды кыдырып, ал жактагы эл менен жолугуштум. Ушул жаштарга жардам берүү долбоорлорун экинчи жетишкендик деп атаар элем.

Үчүнчүсүн айтсам, азыр жалпы дүйнө кооптуу заманда жашап жатабыз. Кыргызстан дагы түрдүү коркунучтарга туш болууда. Бул жагынан алганда, АКШ Кыргызстан менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы менен сыймыктана алат. Чек арадагы коопсуздук, мамлекетте бейпилдикти сактоо жана бекемдөө, терроризм жана наркотрафикке каршы күрөшүүдө бардык күч органдары менен кызматташып көп иштерди биргелешип аткардык. Бул жагынан да сөзгө аларлык жетишкендиктер бар деп айтат элем.

"Азаттык": Анда айрым көңүл чөктүргөн жагдайларга келсек, «Манас» Транзит борбору тууралуу келишимдин токтотулушу айрым эксперттер тарабынан саясий чечим катары кабыл алынды. Бул маселе болочок кыргыз-америка мамилелерине таасир этиши мүмкүнбү?

Элчи: Мен кандай маселеде болбосун, адегенде оң жагын айта кетүүнү туура көрөм. "Манас" Транзит борбору иш алып барган 13 жыл ичинде Кыргызстан - АКШнын жана жалпы эл аралык коалициялык күчтөрдүн Ооганстанда тынчтык орнотуу аракеттерине эбегейсиз жардам көргөзүп, бул иште абдан маанилүү роль ойноду. 5-апрелде Ооганстанда өткөн президенттик шайлоо – бул өлкөдө демократиялык өнүгүүлөрдү андан ары күчтөндүрүү жагынан абдан чоң окуя болду, бул Ооганстанда тынч жана демократиялуу өлкө куруу багытындагы эң алгачкы кадамдардын бири, Кыргызстан өңдүү коңшулар үчүн да тарыхый окуя. Транзиттик борбор боюнча келишимди жокко чыгаруу тууралуу чечим былтыр кыргыз президенти, өкмөтү, парламенти тарабынан кабыл алынган. Биз албетте, Кыргызстандын эгемен өлкө катары чыгарган чечимин сыйлап, бир жылдан бери биздин бул жактагы өкүлчүлүктү (аскердик контингентти) жоюу багытында тийиштүү аракеттерди көрүп жатабыз. Бул окуя биздин кызматташтыктагы маанилүү бурулуш окуя болду, бирок биз келечекте коопсуздук жаатында кеңири кызматташтык жөнүндө келишимге кол койобуз деген үмүтүбүз бар. Ооба, бул чечим биздин кызматташтыктагы ачуу-таттуу аралаш учур болду. Бирок 23 жылдан бери уланып келаткан ар тараптуу кызматташтык улана берет деп ишенем.


"Азаттык":
Өзүңүз айткандай, Кыргызстанда демократиялык айрым жетишкендиктер бар. Парламенттик система, коңшуларга салыштырмалуу күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги жаатында жылыштар бар. Соңку кездери ушул багыттагы аракеттер, демократия, эркиндикке умтулуу күчтөнүп баратабы, же тескерисинче азаюудабы?

Элчи: Бул абдан маанилүү суроо. Көп жылдар бою башка системада жашап, эми демократиялык система курабыз деген мамлекетте эч убакта бул күрөш, умтулуу оңой, жеңил эле ишке ашпайт. Кыргызстанда азыр аралаш тенденция бар дейт элем. Бир жагынан өзүңүз айткандай, жарандык коом жана басма сөз эркиндиги жагында жетишкендик бар, «Азаттык» радиосу ага мисал боло алат. Биз көптөгөн бейөкмөт уюмдар менен кызматташабыз, алардын жалпы коомдун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы зор. Кыргыз коому абдан сабырдуу, толеранттуу коом, прогрессивдүү өнүгүү улана берет деп ишенем. Бирок айрым кабатырланткан маселелер жок эмес. Жаңы эле парламент билип туруп жалган маалымат тараткан адамды кылмыш жообуна тартуу тууралуу мыйзам долбоорду жактырып, ал азыр президенттин колуна барды. Өкмөт журналисттердин, же маалымат каражаттарынын ишин көзөмөлдөөгө аракет кылганы туура эмес деп эсептейбиз. Журналисттер, пресса ал ишти өз колуна алышы керек.

Бийликтегилер андай аракеттен оолак болгону жакшы. Мындан башка да кыргыз коомун азыркыдай толеранттуу, сабырдуу кылып көрсөтпөгөн жаңы мыйзам долбоорлор даярдалып атканы тынчсыздандырбай койбойт. Жергиликтүү коомго көз чаптырсаңыз, анда ар түрдүү адамдар бар, аялдардын, башка улуттардын, түрдүү жамааттардын ролу таасирдүү, ушундай акыбал келечекте өзгөрбөсө деген тилекти айткым келет. Акыркы кооптондурган жагдай – коррупция. Аны ооздукташ үчүн айрым аракеттер жасалып жатат. Бирок коррупция - эч убакта кыргызстандыктардын өлкө келечегине, өз келечегине болгон ишеничине кедергисин тийгизбеши керек. Ушундай нерселер демократияык өнүгүүгө зыян келтириши мүмкүн. Антпесе, Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандагы эркиндик, демократияга болгон умтулууну ар тараптан колдойт жана анын келечеги бар деп ишенет.
Украинанын эгемендигин, бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү тынч жолдор, сүйлөшүү аркылуу чечүү мүмкүн деп эсептейбиз. Украинадагы окуялардан бардык тараптар сабак алып, анын ичинде Кыргызстан да өз эгемендигин, бүтүндүгүн сактоо жагында ойлонуп жатат деп ишенем.
"Азаттык": Украина, Крымдагы окуялардан улам айрым эксперттер келечекте Кыргызстандын эгемендигине коркунуч келтирилиши мүмкүн деген ойлорун айтышууда. Мигранттарга орус паспортун оңоюраак берүү саясаты ушундай коркунучтардын бири болушу мумкунбу?

Элчи: Бүткүл дүйнө коомчулугу Украинадагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салууда. АКШ биринчи кезекте Украинанын эгемендиги, бүтүндүгү сакталышы керек деген көз карашта. Бул жагынан алганда, Крым мыйзамсыз басып алынганы айныксыз. Ушу тапта Украинанын чыгыш тарабындагы окуялар кабатырлануу жаратууда. Жакында эле Украина менен Орусиянын расмий өкүлдөрү Женевада чогулуп, эки тараптуу милдеттенмелерди алышкан. Азырынча орус тараптан башкасы өз милдеттенмелерин аткарып жатышат. Ошонун айынан Москвага каршы санкциялар киргизилип, алар дагы күчөтүлдү. Ошентсе да, Украинанын эгемендигин, бүтүндүгүн калыбына келтирүүнү тынч жолдор, сүйлөшүү аркылуу чечүү мүмкүн деп эсептейбиз. Бул окуялар азыр дүйнө коомчулугунун назарында. Украинадагы окуялардан бардык тараптар сабак алып, анын ичинде Кыргызстан да өз эгемендигин, бүтүндүгүн сактоо жагында ойлонуп жатат деп ишенем. Паспорт маселесине келсек, мен Москванын чечимин, саясатын комментарийлей албайм. Бирок улуттук паспорт – мамлекеттин башкы символдорунун бири эмеспи, ошондуктан бул маселеге кыргыз жана орус бийликтери бирдей этият мамиле жасап, келечегин ойлонуп жатат деп үмүттөнөм.

"Азаттык": Украина темасын улантсак, азыр АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү украин бийликтерине мурдагы жетекчилерди жоопко тартуу, алардын чет өлкөлөрдөгү банк эсептерин, башка мүлкүн камакка алуу жагынан көп жардам берип жатышат. Ушундан улам Кыргызстанда эмне үчүн 2010-жылы Батыш тараптагылар кыргыз өкмөтүнө ошондой жардам берген эмес, эмдигиче Бакиев кланынын акчалары, мүлкү камакка алынган жок деген маселе кызуу талкууланып жаткан кез. Аларга жообуңуз кандай?

Элчи:
Эң оболу – кандай болбосун бийликте отурган адамдар жалды элдин, мамлекеттин мүлкүнө, каражатына кол салып, жеке өзүнүн байлыгындай көрө баштаганда андай бийлик өз келечегине балта чаап атканы талашсыз. Ошондой тагдырга 2010-жылы Бакиевдин режими, быйыл Украинада Януковичтин режими туш болуп отурат. Эн башында эле биз кыргыз бийликтери менен Бакивдердин акчасы, байлыгы кайда катылганын табуу, аныктоо ишин чогуу баштаган элек. Биздин системанын талаптарына ылайык, бирөөнү айыптаган кагаздар жетиштүү эмес, ага далилдер, банк эсептеринин көчүрмөлөрү өңдүү айныксыз документтер талап кылынат. Биз кыргыз бийликтери менен бул жааттагы ишибизди улантып келатабыз, бирок дале болсо биздин мекемелер тергөөсүн уланткыдай далилдүү документтерди алалган жокпуз. Украина, же башка мамлекеттердин өкмөттөрү менен иштешкендей эле, ошондой мыйзамсыз мамлекеттик каражат, же байлык кайсыл жерде катылышы мүмкүн деген иликтөө иштерин Кыргызстанда да токтоткон жокпуз. Жаңы эле Вашингтондон атайын адис өкүлүбүз келип, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана башка мекемелерде жолугушуулар өткөрдү. АКШ бул маселе биздин кызматташтык үчүн канчалык маанилүү экенин түшүнөт жана дагы бир жолу кайталай кетейин, бул иш кандай ылдамдыкта жүрөөрү жана канчалык жетишкендик болору – көп жагынан кыргыз бийликтеринин аракетине көз каранды.

"Азаттык":
Сиз Кыргызстандын бардык облус-райондорун кыдырдыңыз окшойт. Сизди таң калтырган, же өмүр бою эсиңизде калгыдай кандай учурлар болду?

Элчи: Кыргызстан – андай эстен кеткис учурларды аябай көп учуратчу уникалдуу өлкө. Эртең менен турганда эле терезеден ак мөңгүлүү тоолорго суктанганды жакшы көрөм. Бул эми кайталангыс көрүнүш. Кээ бир адамдар муну кадимкидей эле нерсе деп кабылдашы мүмкүн, мен үчүн бийик карагайлуу кыргыз тоолоруна көз чаптыруу – башка жерден табылгыс көрүнүш. Жакында эле Баткенге барып келдим. Мен Кыргызстанга келгенден бери жылдын бир гана мезгилинде Баткенге барып, айгүл гүлү ачылган маалда ал гүлдү көрүшүңүз керек деп айтышкан. Апрелде Маданият министрлиги баш болгон эл аралык уюмдар менен биргелешкен программанын алкагында Баткенге барып, башка да бир нече чет элдик дипломаттар менен чогуу кайталангыс айгүл гүлүнүн ачылган учурун көрүп келдик. Бул эми өмүрүмдөгү эң бир уникалдуу окуя болду. Баткенге барганыма, ал жердеги меймандос жана мээримдүү эл менен таанышканыма абдан ыраазы болдум.

"Азаттык": Америка университети жаштар арасында популярдуу, кадыр-барктуу окуу жайы эсептелип келатат. Бул окуу жайда кыргызстандык жана башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаштар билим алууда. Келечекте ушул университетке кошумча инвестиция салынып, чөлкөмдөгү чыныгы билим борборуна айланат деп ишенесизби?
Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышы – тоолор, айгүл гүлү, Ысык-Көлдүн денени чыйралткан салкын суусу, деги мунун баары менин эсимден кетпейт. Кыргызстан, Бишкек көз алдымда күн сайын өзгөрүп, өсүп баратканы унутулбайт.
Элчи: АКШда ошондой ишенич, көз караш бар. Америка Кыргызстандагы иш-аракеттерин кеңейткиси келет. Борбор Азиядагы Америка университети – мындай аракеттердин борборунда десек жарашар. Жыл сайын бул окуу жайды 200-300 студент бүтүрүп, жаңы энергия, жаңы кубат, коомго, өздөрү иштеген, жашаган жерге жаңы аң-сезим алып келишүүдө. Албетте, биз мындай көрүнүш кеңейишин каалайбыз. Жакында эле АКШдан атайын делегация келип, бул университетке келечекте кандай жардам көрсөтүү керек деген маселени изилдеп кетти. Мамлекеттик катчынын жардамчысы Ниша Бисвал Бишкекке келгенде, Америка университетине барып, Ооганстандан келип окуп жаткан жаш кыздарды, Борбор Азиядан келген башка жаштарды көрүп куштарландык. Сөзсүз келечекте бул окуу жайы чоңоюп, кеңейип, жалпы чөлкөмдөгү прогрессивдүү жаштардын билим борборуна айланат деп ишенем.

"Азаттык":
Интернеттеги социалдык тармактарда журналисттер, активисттер сизде жөн гана «биздин Памела» деп атаганын көрүп калдым. Алар сизди өзүнө жакын сезсе керек. Кыргызстандан көчүп кете турган учур келгенде, кандай нерселерди ала кетесиз?

Элчи: Азырынча качан кетеримди так айта албайм. Жанараак айткандай, Кыргызстанда мен баалаган нерселер абдан көп. Эң биринчиси – бул адамдардын жылуулугу. Мен бул жакка келген биринчи күндөн тарта эле өзүмдү үйдө жүргөндөй эле сездим. Жолуккан адамдардын баары кучагын жая тосуп алып жатышты. Айылда, шаарда, жаш-кары дебей баары мага баарынан кымбат адамдык жылуулук тартуулап жатышты. Бул сезим түбөлүккө мени менен жашайт. Экинчиси – бул биздин элчиликте иштеген жергиликтүү жана америкалык кызматкерлер. Кыргыз-Америка алакаларын жакшыртууга биздин эмгек жамаатыбыз жан үрөй кызмат кылып келатышат. Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышы – тоолор, айгүл гүлү, Ысык-Көлдүн денени чыйралткан салкын суусу, деги мунун баары менин эсимден кетпейт. Кыргызстан, Бишкек көз алдымда күн сайын өзгөрүп, өсүп баратканы унутулбайт. Китепканада, башка маданий жайларда иштеген көптөгөн өнөктөштөр, биз менен кызматташкан кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдар – баары тең жылуу сөзгө арзыйт. Жалпысынан Кыргызстан менен Америка ортосундагы мамилелер көп маанилүү багыттарда өсүп-өнүгө берет. Биз кыргыз экономикасын, демократиясын колдоп, коопсуздук жаатында жардамыбызды уланта беребиз. Жаштарга жашоодо жаңы мүмкүндүктөр табууга көмөктөшөбүз. «Азаттык» радиосунун жамаатына мындан ары да бейтарап, калыс маалымат таратуу ишинде албан ийгилик каалайбыз!

"Азаттык": Кызыктуу аңгемеңиз үчүн чоң рахмат, сизге да ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG